Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Москвада каза болгон кыргыз келиндин сөөгү бүгүн үйүнө жөнөтүлөт


Москвада каза болгон Нурзат Исманованын сөөгү бүгүн Ошко жөнөтүлөт. 27 жаштагы маркум Москванын түштүгүндө 28-ноябрда табылган. Кыргызстандык келин жүрөк тушка төрт жолу сайылган бычактан каза тапканы аныкталган. Кылмышка шектелип, 35 жаштагы кыргызстандык Улан Тиленбаев кармалганын жана күнөөсүн мойнуна алганын орусиялык басылмалар кабарлашкан.

Маркум Орусия баш калаасында тазалык тармагында иштеп жүргөн. Кыргызстанда 10 жаштагы уулу бар. Маалыматтарга караганда, ал Улан Тиленбаев менен мамиле куруп жүргөн. Бул тууралуу туугандарына айтууга камынып жатканына байланыштуу экөө жаңжалдашып, аягы өлүм менен аяктаган.

Келиндин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү жана “Аксы” коомдук бирикмеси көмөктөшүүдө. Чыгымдарына мекендеш мигранттар да кол кабыш кылууда.

XS
SM
MD
LG