Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

“Кыргызстан” партиясынын тизмесин жокко чыгаруу маселеси каралууда


Бул тууралуу өтүнүч менен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы БШКга кайрылды. Бул маселе бүгүн жыйында караларын БШКдан “Азаттыкка” ырасташты.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясына эки жолу эскертүү берген. Партия 9-декабрь күнү Бишкек жана Кыргызстандагы христиандардын епискобу Даниилдин катышуусу менен үгүт материалдарынын жарыялануусу боюнча эскертүү алган. Бирок экинчи жолку бул эскертүүдөн кийин да, үгүт материалы айрым телеканалдардан кое берилген. Буга байланыштуу аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиянын талапкерлерин шайлоодон четтетүү боюнча БШКга өтүнүч келтирген. Аймактык шайлоо комиссиясы партия дин ишмерлерин саясатка аралаштырып жатат деп бекемдөөдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG