Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

М. Токоев: Байкоочу кеңеш катасын мойнуна алды


Бүгүн КТРКнын жетекчисин тандоо боюнча сынактын үчүнчү айлампасы чыр менен коштолуп, жетекчи тандалбай калды. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев Байкоочу Кеңеш кетирген катасын мойнуна алып, шайлоону кайра өткөрүү жөнүндө чечимге келгени туура болду деп билдирди.

- Байкоочу кеңеш сынактын үчүнчү айлампасында КТРКнын жетекчиси дайындаларын, мындан башка жол жок экенин билдирген. Бүгүн жетекчи кайра тандалбай калды. Буга эмне себеп болду деп ойлойсуз?

- Мурда 20 талапкерди карап жатканда добуш берүү жабык түрүндө болгондуктан, айрым талапкерлерге тартуулар болду деген өңдүү сөздөр чыгып кетти дешти. Ошондой сөздөр чыкпасын деп кайра жаңы шайлоо жарыялаганы жатышат. Талапкерлерди угуу, добуш берүү жагы ачык болсун деп, ушак сөздөрдү болтурбоо үчүн ушундай чечимге келишти окшойт.

- Бирок Байкоочу кеңеш буга чейин эле бардыгы ачык-айкын мүнөздө болоорун айтып эле келди. Эмне үчүн анда бул жагдайга мурун көңүл бурулган жок?

-Эми чынын айтканда Байкоочу кеңеш биринчи жолу эле иштеп жатат. Булардын тажрыйбасы жок. Каталыктарды кетирип алышы мүмкүн. Мындай нерсе да Кыргызстанда биринчи жолу болуп жатат. Алардын өздөрүнүн катасын моюндарына алып, кайра башынан шайлайлы дегенине да тобо деш керек.

- Мурун да Байкоочу кеңеш иш алпарып, сынга кабылган эле. Алардын тажрыйбасы азыркы Байкоочу кеңешке сабак болгон жокпу?

-Курманбек Бакиевдин учурундагы Байкоочу кеңешти айтып жатсаңыз керек. Анда телефон чалуулар болуп, атайы мажбурлап, курамдан чыгарып кетүү аракеттери болгон да. Менин оюмча бул жолу мажбурлап, күчтөп, кысым көрсөтүү болгон жок.

- Эмне үчүн кечээ көп добуш алган талапкер Илимбек Карыпбековду Байкоочу кеңеш жеңүүчү катары тааный алган жок?

- Чынын айтканда билбейм эмнеге мындай болгонун. Сегиз адам макул деп добуш бериптир. Эми демократиялык принциптерди эске алганда азчылыктын да пикирин угуш керек. Азчылык да өзгөчө пикирлерин билдирип, бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүү керек деген экен. Алар макул болушуптур. Катышкан талапкерлер деле бул чечимди колдошту.

- Бүгүн Илимбек Карыпбеков жетекчиликтен баш тартып, муну Байкоочулар кеңештин шайлоо эрежеси бузулганы себеп болгону менен түшүндүрдү.

-Жок, андай болгон жок. Илим Карыпбеков биринчи кезекте “менин талапкерлигим, менин добуш алганым мындан ары Байкоочу кеңештин ишине жолтоо болбосун” деп, коомдук телеберүү идеясы ишке ашсын деген максатта өзүнүн талапкерлигин алып салды.

- Анда муну менен буга чейинки сынактын жоболору жеткилең иштелип чыкпай калган деп айтсак болобу?

-Бир-эки пункттагы жоболор эске алынбай калган экен. Ошолор тоскоолдук кылып койгон болуш керек. Азыр добуш беришеби, кийин добуш беришеби Байкоочу кеңеш сынга кабыла берет. Анткени жөнөкөй арифметика боюнча караганда деле жеңүүчү бирөө эле болот. Калгандары нааразы боло берет. Бир гана нерсе, Байкоочу кеңешке кайраттуулукту, чечкиндүүлүктү каалайт элем. Булардын катачылыктарды моюндарына алып жатканы бир чети булардын күчтүүлүгүн көрсөтүп жатат. Өжөрлөнүп катасын тааныбай, жаап жашырып деле иштебей коюшат эле да. Булардын азыркы кадамын эрдик десек болот.

- Кийинки сынакка карата эми Байкоочу кеңешке ишеним артууга болобу, сынак дагы созулуп кетпейби?

-Чынын айтканда Байкоочу кеңештин мойнуна өтө чоң жүк артылган. Буларга оңой эмес. Чыгарыла турган чечим олуттуу болоорун алар сезип эле жатышат. Чынын айтканда мен алардын ордунда болууну каалабайт элем. Аларды аяп койсо да болот.

- Буга чейин аларга жетиштүү мүмкүнчүлүк, убакыт берилди. Эмне үчүн алар мындай кемчиликтерге жол берип коюшту?

- Иштин баары дароо болуп кетпейт да. Анын үстүнө шайлоого да аралашып калды. Анан Байкоочу кеңеш эчак эле түзүлүп, бул процесстер эчак эле өткөрүлүш керек эле. Бирок утурумдук өкмөт алардын курамын өтө кеч бекитти. Алар дароо эле КТРКнын башчысын шайлоо боюнча жобосун иштеп, сынакты жарыялашты. Ошонун баары келип шайлоого такалды. Убакытка байланыштуу болуп калды. Бул алардын күнөөсү эмес, утурумдук өкмөттүн бул маселени чоюп туруп алгандыгынан болду.

- Эми жетекчини шайлоонун кийинки сынагында кайра баягы 20 кишинин ичинен каалоочулар да катышса болоору айтылып жатат. Муну кандай түшүнсө болот?

-Негизи ошолордун нааразычылыгы болду да. Бизге калыс караган жоксуңар дегендей. Эми булар баарын ачык көрсөтүп, эч кимге тарткан жокпуз деп көрсөткөнү жатышат. Эми мындан да ачык кылабыз деп жатышат. Эгерде эл ачык шайлоону, талкуунун жүрүшүн көрсө, алардын программасын теледен көрсө, Байкоочу кеңештин чечиминин калыс, калыс эместигин байкашат да.

-Рахмат маегинизге.

"Азаттык" тасмасы: КТРК жетекчисин шайлоо жараксыз болуп калды

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG