Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Кыргызстандагы туруктуулук да убактылуубу?


Батыш басма сөз каражаттары Кыргызстандагы эмгек миграциясынын көйгөйлөрү, убактылуу стабилдүүлүк, саясий кырдаал жана Израил менен Түркиянын мамилеси тууралуу жазышууда.

Eurasia View интернет баракчасында жарыяланган макалада Кыргызстанда эмгек миграциясына себеп болгон социалдык кесепеттерге сереп салынган. 800 миңге жакын киши жумуш издеп Казакстан жана Орусияга чыгып кеткени белгиленген макалада, бул жагдай Кыргызстанда бир муундун жок болуп кетүү коркунучуна алып барышы мүмкүн экени айтылат.

Аталган баракчада жарыяланган дагы бир макалада Өзбекстандын Сох анклавынан аскерлерин чыгарып кетүүсүнө эмне түрткү болду деген суроонун жандырмагы изделет. Өзбекстан ал жерге аскерлерин киргизгенден бир канча күн өткөн соң абал турукташуу менен эле чектелбестен, Ташкен мындан он жыл илгери жайгаштырган оор аскердик техниканы чыгарып кетүүгө макул болгону белгиленип, “кыргыз чек ара кызматкерлери өзбектердин оор техникасынын чыгарылып кетишин эки өлкө ортосундагы байланыштардагы оң кадам катары баалашканы менен, саясий адистердин пикиринде, техника жана куралдардын ал жерде болушу баары бир мыйзамдуу эмес болчу” деп айтылат.

“Алыстан байкоо салганда Кыргызстанда абал калыбына келаткандай көрүнөт. Бирок, талдоочулардын пикиринде, апрелдеги окуялар жана 80ден ашуун кишинин өмүрүнүн кыйылуусу менен бүткөн козголоңдон кийин өлкөдө абал турукташа элек жана башаламандык чыгып кетиши ыктымал” деп жазат GlobalPost аттуу интернет баракча. Кыргызстан бир эле учурда Орусия жана АКШнын аба базалары жайгашкан дүйнөдөгү бирден бир өлкө экени эске салынган макалада, түндүк-түштүк айырмачылыгы, экономикалык жана социалдык көйгөйлөр, улуттар аралык курч абал жана бийликтеги башаламандык өңдүү проблемалар менен күрөшүп жаткан өлкө хаоско кептелип калышы ыктымалдан алыс эмес экени бышыкталат.

Лондондун “Daily Telegraph” гезити Казакстандын президенти Нурултан Назарбаевдин “улут көсөмү” болуу маселеси тууралуу макала жарыялаган. Назарбаев өткөн айда казак парламентинин Жогорку палатасы кабыл алган бул тууралуу токтомго кол койбой турганын билдиргенин маалымдаган макалада “ал бул чечимге эл аралык коомчулуктун жана казак оппозициясынын сынынан улам келген болуш керек” деп айтылат.

Өткөн аптада Израилдин Жер ортолук деңизинин эл аралык суу аймактарында Газа тилкесине гуманитардык жардам алып бараткан кемелердин кербенине чабуул коюп, Түркиянын 9 атуулу өлтүрүлгөндөн кийин Түркия менен Израилдин ортосунда пайда болгон кризис Батыш басма сөз каражаттарында башкы тема болду.

Лондондо чыгуучу “Observer” гезити өткөн аптада болгон бул окуя ансыз деле 2 жылдан бери Газа тилкесиндеги Израилдин чабуулунан улам солгун тартып келаткан Түрк-Израил байланыштарын жардын кырына такап койду деген пикир билдирген.

Гезиттин ошол эле санында чыккан дагы бир макалада “Израилдин Газа тилкесин курчоосу аяктамайын алга карай эч кандай жылыш болбойт” деп белгиленип, “Израил 3 жылдан бери уланып келаткан Газа курчоосу моралдык жактан да, практикалык жактан да жараксыз болуп калды… Израил эми обу жок аскердик күч колдонуу аркылуу эч кандай натыйжага жетпей турганын, тескерисинче, бул – анын эл аралык коомчулук алдындагы аброюна зыян тийгизип, Израилди ого бетер чоң коркунучка дуушар кылаарын аңдаш керек” деген пикир айтылат.
XS
SM
MD
LG