Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Кыргызстанда интернет арзандоодо


Кыргызстанда акыркы алты жылда интернет кызматтарынын акысы 60 пайызга арзандаган. Бирок дүйнөлүк желеге жетүү коңшу жана батыш өлкөлөрүнө салыштырмалуу дале болсо кымбат.

2004-жылы интернет кызматын сунуштаган провайдерлердин негизгилери болгон «Элкат» компаниясынын бир гигабайт интернет-траффиги 63 доллар же кеминде 2500 сом турса, «Кыргызтелеком» сунуштаган интернеттин бир гигабайты 54 доллар же 2200 сомдон жогору болчу. Азыркы тапта “Элкат” компаниясы интернеттин бир гигабайтын 24 доллардан сатса, “Кыргызтелекомдуку” 36 доллар турат. Натыйжада алты жылдын ичинде интернет кызматтарынын баасы алтымыш пайызга арзандап отурат.

Мындай көрсөткүчтөрдү келтирген Борбор Азиядагы эркин базар институтунун изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Сейитбек Усманов интернеттин акысынын арзандап жатканын маалымат желесинин каналдарынын кеңейгендиги, интернет сунуштаган компаниялар арасында атаандаштыктыктын күч алгандыгы менен байланыштырат:

- Биринчиден интернетти өткөргөн технологиялар, зымдары, модемдери арзандады. Интернет тезирээк өтүп калды. Экинчиси биздин интернет провайдерлер Орусия, Казакстандан көбүрөөк сатып алып, интернеттин баасы түшүп калды. Көбүрөөк сатып алган сайын бир мегабайт, бир килобайт интернеттин баасы түшүп калат. Үчүнчү фактор бул көбүрөөк компаниялар интернет базарына чыгып жатышат. Провайдерлер, атаандаштар пайда болуп жатат.


Кыргызстанда интернет кызматтарында арзандоо байкалганы менен дале болсо өлкөдөгү интернет башка чет өлкөлөргө салыштырмалуу кымбат бойдон калууда. Алсак АКШда, Латын Америкасында жана Индияда айына 10-35 долларга эч тынымсыз тез ылдамдыктагы интернетти сатып алууга мүмкүн.

Түркияда окуп жаткан Кыргызстандык студент жана интернет колдонуучу Муратбек Тажибаевдин билдиришинче, аталган өлкөдө интернет кыйла арзан, мындан улам бул тармак өлкөнүн дээрлик бардык аймактарына таралган:

- Түркияда интернет дээрлик бардык үйлөрдө бар. Ал жактагы экономиканын абалына караганда интернеттин баасы ылайыктуу эле. Өзүм мисалы үйдө интернет колдоном, кыргыз акчасы менен эсептегенде бир айда 1800 сомго интернет колдоном. Бирок каалашымча, эч кандай чектөөсүз колдоном.

Бүткүл дүйнөлүк интернет статистикасы сайтынын 2009-жылдагы маалыматтары боюнча Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын саны кеминде 850 миңге чукулдап калды. «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондусунун интернет тармагын талдоо максатында мындан эки жыл мурда жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында бир айда Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын 37% интернет үчүн 101 сомдон 500 сомго чейин, 29% 501 сомдон 1000 сомго чейин, 11% 1001 сомдон 3000 сомго чейин акча сарпташат. Кеминде эки пайызга жакыны гана 3000 сомдон жогору акча коротушса, өлкө боюнча колдонуучулардын 12 % гана иш жерлеринде бекер интернет колдонушары аныкталган.

Бир катар адистер, жалпы дүйнөдө интернет кызматтарынын арзандап жатканын айтышып, Кыргызстанда да келечекте интернеттин акысы төмөндөрүн билдиришет. Натыйжада интернет колдонуучулар аз акчага көбүрөөк интернет сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындай ойго Эркин базар институтунун изилдөө бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Усманов да кошулуп, алдыңкы жылдарда интернеттин баасы түшө тургандыгын мындайча түшүндүрдү:

- Интернет арзандаш керек. Себеби дайыма интернеттин өткөргөн технологиясы жакшырат. Ылдамдыгы дагы көбөйөт.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө интернеттештирүү боюнча атайын саясат иштеп келет. Кыргызстанда интернеттин таралуу аймагын кеңейтип, акысын төмөндөтүү үчүн мамлекет бул багытта алгылыктуу аракетти колго алышы керектигин адистер белгилешет.

XS
SM
MD
LG