Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

Апта окуясы: түрмөлөрдүн коопсуздугу түйшөлтөт


Тажикстандагы абактан качып чыккандардын айрымдары.

Тажикстандагы абактан качып чыккандардын айрымдары.

Оор кылмыштар боюнча айыпталып жаткан 25 адамдын Тажикстандын абагынан качып чыгышынан улам, Кыргызстандын күч түзүмдөрү түштүк-батыш чек ара тилкелериндеги коопсуздук чараларын күчөттү. Ошондой эле өлкөнүн ичиндеги түрмөлөрдүн коопсуздугун чыңдоо маселеси курч бойдон кала берүүдө.

Жаза өтөө мекемелериндеги коопсуздук тутумунун алсыздыгы диний экстремизм жана террордук аракеттер боюнча айыпталып, камакка алынгандардын арасында толкундоолорду жаратпайбы деген чочулоолор да жок эмес.

Тажикстандын улуттук коопсуздук кызматынын абагынан качып чыккан айыпкерлердин көпчүлүгү бийликти кулатуу аракетине, террорчулукка жана маңзат аткезчилигине катыштыгы бар деп камакка алынгандар.

Тажик бийликтери качкындардын көбүнүн кичи мекени жана исламчыл оппозициянын бир кездеги таянычы болгон өлкөнүн чыгышындагы Тавил-Дара жана Рашт өрөөндөрүнө кошумча аскер жиберди. Бирок бир нече күндөн берки издөө иштери азырынча жыйынтык бере элек.

Коңшунун кооптуу “коңгуроосу”

Буга байланыштуу Кыргызстандын күч түзүмдөрү Тажикстан менен болгон чек арасын бекемдеп, коопсуздук чараларын күчөттү. Баткен облусундагы чек ара аскер бөлүктөрү кошумча күчтөр менен толукталгандыгы боюнча бейрасмий маалыматтар бар. Канткен менен Тажикстандын абагынан качкан кылмышкерлердин коңшулаш Кыргызстандын коопсуздугуна да коркунуч келтириши мүмкүн деген чочулоолор орун алууда.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, тажик абагынан качкан адамдардын кимдер экендигинин өзү эле бүтүндөй аймак үчүн кооптуу деп эсептейт:

- Тажикстандагы абактан качкандардын көпчүлүгү бийликти оодарууга аракет кылышкан, террордук топторго тиешеси бар деп жатышпайбы. Мунун өзү анык. Чындыгында эле, алардын көпчүлүгү такшалган согушчандар катары мындан мурун эле белгилүү болчу. Алардын айрымдарынын КМШнын жана Ооганстандын аймагындагы ар түрдүү локалдык согуштарга катышып жана диверсиялык иштер менен алектенип жүрүшкөндүгү боюнча атайын маалыматтар бар болчу. Алардын арасында оогандар, Орусиянын жарандыгы менен жүргөн чечендер бар экен. Өкмөттө иштеп, бирок кийин кайра тажик оппозициясында таасирдүү лидер болуп жүргөн мезгилде жок кылынган Мирзо Зияевдин эки уулу бар экен. Чындыгында булар жалгыз эле Тажикстанга эмес, бүтүндөй Орто Азия аймагына, анын ичинде Кыргызстанга коркунуч туудурат. Алардын бул жакка өтүп келүү коркунучу жок деп айта албайм. Анткени 2006-жылы да Тажикстандан түрмөдөн качкан кылмышкерлер биздин аймакка өтүп келгенде ошолорду кармайбыз деп биздин үч кызматкер жараат алып, экөө кайтыш болгон.

Тажикстандын улуттук коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, качып чыккан кылмышкерлер төрт кайтаруучуну атып салышкан. Мындан сырткары алар тергөө абагынан бир нече курал-жаракты алып чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Расмий Дүйшөмбү Интерполдон, Орусиядан жана жакынкы коңшуларынан абактан качкан коркунучтуу кылмышкерлерди кармоого көмөктөшүүнү суранды. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында күч түзүмдөрү күчөтүлгөн күжүрмөн аракеттерге карата даярдыкка келтирилди. Кыргызстандын чек ара кызматы жана ички иштер органдары качып чыккан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча тажик кесиптештеринен атайын нускамаларды алышкан.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Таалайбек Сусанбаев, аталган окуяга байланыштуу шартуу аталыштагы атайын операциялар жүрүп жаткандыгына токтолду:

-Тажикстандын абагынан качып чыккан адамдардын өздүгү жана алардын канчалык деңгээлде коркунучтуу экендиги менен биздин кызматкерлер кабардар болушту. “Издөө” деген шарттуу аталыштагы операциянын жүрүшүндө учурда издөөдө жүргөн өзүбүздүн кылмышкерлерди гана эмес, ал жактан качып өтүп келиши мүмкүн деген шектүү адамдарды иликтөө боюнча да иштер жүрүп жатат. Алардын мүмкүн болуучу бул жактагы байланыштарын текшерүү жана ушундай кылмыштарга барышы мүмкүн деп шектелип каттоодо турушкан жергиликтүү жарандарды байкоого алуу боюнча атайын иш-чаралар өтүп жатат. Диний экстремизмге катышы болушу мүмкүн деген адамдарды кармап, айрымдарын эскертип коюп жиберип, кээ бир орчундууларынын иштерин тергөөгө өткөрүп берип турабыз.

Түрмөлөрү опокшош, бирок түшкөндөрү ар башка


Талдоочулардын салыштыруусуна караганда Кыргызстандагы тергөө абактарынын жана жаза өтөө жайларынын коопсуздук системасынын абалы Тажикстандагыдан айырмаланбайт. Тармактагы кызматкерлердин маянасынын аздыгы, заманбап техникалык жабдуунун таңкыстыгы жана туташ коррупциянын тамыр жайгандыгы боюнча окшоштуктар, кылмышкерлердин буга чейин да түрмөдөн качып чыккан бир катар учурларын шарттаган. Бирок бул жолу тажик түрмөсүнөн оор иштер менен айыпталган кылмышкерлер тобунун качышы кыргыз бийликтерин да бир топ бушайманга салды.

Бирок анткен менен Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алик Орозов Кыргызстандагы жаза өтөө жайларында отургандар менен Тажикстандыкын салыштырып болбойт деп эсептейт:

- Өтө жакшы деп айта албайм. Бирок биздин колониялардагы кырдаал Тажикстандагыга караганда бир топ дурус. Түрмөгө түшкөндөрдүн контингенти боюнча да алар менен биздин зоналарда асман менен жердей айырмачылык бар. Апрель окуясынан кийин, анан Оштогу окуялар учурунда биздин камактагылар ызы-чуу болуп, тополоң чыгарбай тынч отуруп беришти. Алар биз саясатка аралашпайбыз, сырттагы жагдайга кийлигишпейбиз дешип, бөлүнүп-жарылып тополоң-тоз кылышкан жок. Апрель, июнь, июль, август ичинде жылдагыга салыштырмалуу түрмөлөрдө мыйзам бузуулар катталган жок. Мунун өзү биздеги менен Тажикстандын камактагыларынын ой-жүгүртүүсүндөгү чоң айырмачылыктын бар экендигин айгинелеп турат.

Жаза өтөө жайларында жайылган “дарт”

Кыргызстанда күчөтүлгөн режимдеги жана эмгекке түзөтүүчү колонияларда он эки миңге жакын эркинен ажыратылган адам жаза мөөнөттөрүн өтөшөт. Алардын ичинен эки жүздөн ашууну диний экстремизм жана террордук аракеттер боюнча айыпталып соттолгондор. Мына ошол кылмышкерлер башка камактагылар менен бирге кармалгандыктан улам жаза өтөө жайларында алардын таасир этүү чөйрөсүнүн кеңейип жаткандыгы боюнча тынчсыздануулар бар. Анткени калган камактагылар арасында алардын диний мүнөздөгү үгүт иштерин жүргүзүп, өздөрүнүн катарларын абактагылардын эсебинен толуктоого жасаган аракеттери байкалган.

Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары Алибай Нишанбаев мындай катмардагы түрмөгө түшкөндөрдү башкалардан бөлүп кармоого мүмкүн болбой жаткандыгына токтолду:


- Биз аларды бөлүп кете албайбыз. Биринчиден, алардын кылмыш беренелери кадимки камактагылар менен бирдей болуп калышы мүмкүн. Бирөө жөн салды турмуштук себептер менен же кокустуктан адам өлтүрүүгө барган болсо, экинчиси атайын террор жасаган болушу мүмкүн. Бирок бул эки типтеги адамдар категориясы боюнча бир эле шартта кармалышат. Ошондуктан алар камактагылар арасында өздөрүнүн үгүттөрүн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ошондон пайдаланып жатышкан учурлар да байкалган. Бир убакта аларды бөлүп кармоо боюнча демилге болуп, бирок мамлекеттеги каражаттын тартыштыгынан улам ал нерсе ишке ашпай калган.

Бөлүп кармоодон башка чара жок

Бир нече адамды бирдей өлтүрүү учурлары боюнча айыпталган өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин көпчүлүгүн террордук аракеттерге катышы бар адамдар түзөт. Бул катмарга кирген кылмышкерлер мурдагы мыйзам боюнча өлүм жазасына тартылчу. Кыргызстанда мындай жогорку жаза чарасы алынып салынгандан кийин, оор кылмыштар менен камалгандарга узак убакытка жаза мөөнөттөрүн өтөө өкүм кылынат. Мындай катмардагы кылмышкерлердин санынын өсүп жатышы жана аларды башкалардан бөлүү зарылчылыгынан улам өткөн жылы Нарынга атайын абак куруу демилгеси көтөрүлүп, бирок ал иш аягына чыкпай калган.

Жаза өтөө жайлары боюнча департаменттин башкы штабынын башчысы Тургунбек Токтосунов буга каржынын таңкыстыгы себеп болуп жаткандыгын белгиледи:

- Келип чыккан зарылдыктан улам, ошого ылайыкташтырып, атайын шарттарды түзөлү деген аракеттер бар. Жетекчилик Нарынга барып, ал жактан чыгып жаткан базаны карап, байкаштырып жатат. Мүмкүн жакынкы келечекте каражат табылса ошол жерге атайын түрмө курганга мүмкүнчүлүк болот. Анан азыркы учурда кайсы бир мекеменин аймагында атайын корпустар курулуп жатат. Жер төлөсү менен пайдубалы бүткөрүлүп дубалы көтөрүлгөнү калды. Мына ушундай шартта кырдаалдан чыкканга аракет болуп жатат.

Жамаачыланган жаза өтөө жайлары

Талдоочулар кылмышкерлерди режимдик шарттарда кармоо жана алардын арасындагы тартипти бекемдөөдө оор маселелер бар экендигин белгилеп келишет. Ошол эле учурда тергөө абактарынын жана жазаны өтөө жайларынын коргонуу жана коопсуздук тутуму тынчсыздандырган учурлар да аз эмес.

Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары Алибай Нишанбаев тергөө абактарынын жана түрмөлөрдүн имараттарынын эскилигине басым жасап, мындай шарт коопсуздукка коркунуч келтирерин эскертти:

- Тажикстандагы окуяны биз уктук. Биздеги түрмөлөрдөгү абал азыркы учурда толук көзөмөлдө турат. Бирок коопсуздук боюнча бизден көз каранды болбой турган жагдайлар да бар. Биздин жазаны өтөө жайларындагы имараттардын көпчүлүгү эски. Алардын алдына жүз жылдан ашкан болсо, арты элүү-алтымыш жыл мурун курулган. Ага карабастан жыл сайын аталган имараттарды оңдоп-түздөп келе жатабыз. Мен бүгүн биздин түрмөлөрдүн дубалдары кулаганы калды деп айтпайт элем. Бирок мамлекет ушул жагына көңүл бурса, коопсуздук жагынан да көңүл тынчыраак болот эле.

Мындан сырткары талдоочулар жаза өтөө жайларындагы социалдык абалдын начардыгы, тартиптин жолго коюлбагандыгы жана камактагылардын жумушсуз бош отургандыгы андагы ар кандай чыңалууга түртү берип, толкундоолордун чыгышына шарт түзүшү мүмкүн деп эскертишет. Учурда эркинен ажыратылгандардын токсон пайыздан ашууну иш менен камсыз болгон эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG