Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

“Ы” мууну: “Анан кантип Кыргызстан өнүгөт?”


2009-жылдын аягында жаштар арасында жарыяланган “Ы” мууну фото сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сынак - “жаштар жаштардын көзү менен” деген максат, идеяны көздөгөн. Иш-чаранын уюштуруучулар жана калыстар тобу бул максат ишке ашкандыгын белгилеп жатышат.

Бириккен улуттар уюумунун өнүктүрүү программасы мындай сүрөт сынакты экинчи ирет өткөрүп жатат. Өткөн жылы сынак “Жаштар kg” деген аталышта уюштурулган болчу. “Ы” мууну сүрөт сынактын калыстар тобу бул жолу жаштар өтө активдүүлүгүн көрсөтүшкөндүгүн белгилеп жатышат.

Сынакка 15 жаштан 28 жашка чейинки кыргызстандык жана чет жактан Кыргызстанга келген жарандар катышкан. Жалпысынан республиканын бардык аймактарынан 500гө чукул ар кыл темадагы эмгектер келип түшкөн. Алар сүйүү темасынан баштап, жумушка орношуу, үй-бүлө, миграция, ден соолук, билим берүү, коопсуздук, баңги зат, балалык, эне-ата болуу бакты сыяктуу көрүнүштөрдү сүрөт аркылуу көрсөтүп беришкен.

Өткөн жылга салыштырмалуу бул жолку сынакка келип түшкөн иштердин саны да, деңгээли да жогору дешет калыстар тобунун мүчөлөрү. Алардын бири Марат Саруулу жаштар бул сүрөт сынак аркылуу өздөрүнүн бар экенин далилдеп жатышат дейт:

- Азыркы жаштардын көз карашы биздикиндей эмес, алар бизге караганда активдүү. Булардын мүмкүнчүлүктөрү бизге караганда көбүрөөк. Ички дүйнөсүнө, азыркы турмуштун кандай татаал жактары бар, жаштар өзүдөрүнө кандай көз карашта - ошону сездик. Бул турмушта татаал нерселер көп, бирок жаштар ага карабай биз барбыз деп, өздөрүнүн бар экенин билдирип жатат. Муну көрсөтүү да оңой эмес.

Ал эми калыстар тобунун дагы бир жаш өкүлү Кайрат Мурзакимов бул сүрөттөр аркылуу жаштардын көз карашын, жашоого болгон ой жүгүртүүсүн аныктоого боло турганын айтат:

- Эң эле ар түрдүү эмгектер тапшырылды. Кээ бирөөлөр өтө оптимистүү көз карашын, башкасы бир үмүттү, максатты чакылдырган. Айрымдары абдан пессимисттик көз карашты чагылдырган. Алардын ичинен баңгичиликке байланыштуу сүрөттөр келип түштү. Айта кетчү нерсе, чылым чегүүнүн зыяндарын, ушул маселени чагылдырган сүрөттөр көп келди. Аны көбүнчө 15-18 жаштагы эле балдар тарткан. Бул да болсо биз үчүн белги болуп турат.

БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Уолкер бул сынакты кыргыз жаштарынын улуу муун ортосундагы диалогу катары баалады:

- Мен Кыргызстанга биринчи келгенде жаштардын саны көп экенин түшүндүм. Биз анализ жүргүзүп баштаганда жаштар саясий диалогдун бөлүгү катары өздөрүн сезбегени жана алар кайсы бир деңгээлде өздөрүн мүмкүнчүлүгү чектелген катары карашат экен. Ошондуктан быйылкы жылы биздин мыйзам жаштарга арналмакчы. Алардын маселесин түшүнүү үчүн биз кайсы бир кеңешчи же экспертти чакырган жокпуз. Биз жаштардын өзүн тарткан натыйжалуу болорун түшүндүк.

Жеңиштин даамы, сүрөтчүнүн баркы

Сынактын жеңүүчүлөрү эки бөлүк менен аныкталды. Биринчиси сүрөт, экинчиси фотоплакат аркылуу. Жаштар арасындагы миграцияны, деги эле соңку мезгилде жаштардын көздөгөн багытын сүрөт аркылуу берген Талгат Бериков жеңүүчү деп табылды. Ал башка жакка поезд аркылуу кетип бараткан жаштардын фотосессиясын түзгөн.

- Орун алам деп да, катышам деп да ойлогон эмесмин. Досум катышпайсыңбы деп айткандан эле катышып көрдүм эле. Сүрөт тартуу менин хоббим. Достор менен отурганда деле тарта беребиз.

Ал эми студент Максат Болотбеков болсо өзүнүн фотоплакаты үчүн атайын дипломго ээ болду. Ал өзүнүн ишинде жогорку окуу жайлардагы паракорчулукту чагылдырып берген.

- Көп эле студенттерди карасаң окуусун акча менен бүтүрөт. Акча менен бүткөндөр кийин өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болот. Тааныштары менен окууга өткөн проблеманы эле козгоюн дегем. Жакшы окугандардын бардыгы чет өлкөлөргө кетип жатышат. Бул жакта, кыскасын айтканда, пара берип бүткөндөр калып жатат. Анан кантип Кыргызстан өнүгөт.

Жеңүүчүлөрдү аныктоого калыстар тобунун курамына 15ке чукул адам кирген. Арасында белгилүү кинорежиссерлор, сүрөтчүлөр, арт-сынчылар, дизайнерлер бар. Бул сүрөт сынак Кыргызстан жаштарына арналган адам өнүгүшү боюнча Улуттук баяндаманын алкагында уюштурулган. Баян ушул жылдын февраль айында жарыяланат.
XS
SM
MD
LG