Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Убадалар укмуш, бирок ишеним аз


Бишкектин көчөлөрүндөгү айрым партиялардын жарнактары.
Бишкектин көчөлөрүндөгү айрым партиялардын жарнактары.

Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү күч алып, партиялар өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртабыз деген убадаларын кабаттап берип жаткан учур.

Бирок бул убадалар ишке ашаарына ишенбегендер да аз эмес. Айрым серепчилер болсо кээ бир партиялардын убадаларын ишке ашыруу дээрлик мүмкүн эместигин белгилешет.

Убада, убада...

Шайлоого ат салышып жаткан 29 партия Кыргызстандын аймактарындагы шайлоочулардын колдоосуна ээ болуу үчүн болгон аракеттерин жумшап жатышат. Дээрлик бардык партиялар укмуштуудай ураандарын билдиришип, убадаларын күч кылышууда. Добушту эңсеп, депутаттыкты көздөгөн партия өкүлдөрү калың катмардын кароосуз калган көйгөйлөрүн алдыңкы планга чыгарып, "добуш берсең маселеңди чечип берем" дегендей сөз берип жатышат. Айрым партиялар болсо Кыргызстандын экономикасын өстүрүп, түз эле бардар турмушка жеткирээрин айтышууда.

Маселен "Республика" партиясы электр кубатынын чыгымын үч эсеге азайтуу менен калкка өз баасында сатууну, аз пайыздагы ипотекалык жана айыл чарба тармагына жети пайыздык өлчөм менен кредит берүүнү, сырткы карызды нөлгө түшүрүүнү убада кылса, КСДП кичи жана чакан бизнести өнүктүрүү үчүн жүз миллион доллар көлөмүндөгү мамлекеттик фондду түзүп, 10 пайыздык кредиттерди берүүнү, Камбар-Ата ГЭСин куруу, 30 млрд. киловатт саат электр энергияны өндүрүүнү көздөгөнүн жарыялап жатат. "Ата Мекен" партиясы болсо өлкөдөгү криминал күчтөрдү жок кылуу менен буга чейинки президенттер өлкөдөн чыгарып кеткен алтындарды кайтарып ала тургандыгын билдирип, миллиардаган долларларды кайра алуунун механизмдери бар экендигин шайлоочуларга жар салууда.
Кыргызстанда шайлоолор тез-тез өтүп, эл азыр ишенбөөчүлүк менен мамиле кылып жатышат. Партиялардын ар кыл ыкма менен жүргүзгөн үгүттөрү Кыргызстандагы чыныгы абалды шылдыңга алганга тете болуп турат.
Э. Ногойбаева

"Ата Журт" партиясы сырткы карызды азайтып, инвестиция тартууга белсенип жатса, "Ар-намыс" партиясы таза башкаруу жүргүзүү менен мамлекеттик бюджетти 25-30 пайызга көбөйүп, социалдык чөйрөдөгүлөрдүн айлык акысын көтөрүүнү көздөгөнүн, "Ак шумкар" болсо жыл сайын 10-15 миң жаңы жумуш ордун түзө тургандыгын программаларында белгилешүүдө.

Убадалар курулай сөз бойдон калабы?

Партиялардын мындай ураандары укмуштуу келечектен кабар бергени менен алардын баарын аткаруу ыктымалдуулугу абдан эле аз деген серепчилер бар. Экономикалык талдоочу Мейманбек Абдылдаев үгүт учурундагы айрым убадалар курулай популизм экендигинин белгилеп, партиялардын экономикалык программаларын абдан эле чабал деп баалайт. Экономика тармагына байланыштуу аткарылбай турган убадалардын берилиши, партия өкүлдөрүнүн бул багытта сабатсыздыгын көрсөтүп турат дейт Мейманбек Абдылдаев:

- Мисалы жети пайыздык кредит деп жатышат. Ал мүмкүн өзүнүн банкынан жети пайыз бериши мүмкүн, бирок ал банкрот болот. Депозитке алган акчалар ошондой эле болушу мүмкүн. Экинчиден, алган киши ошол эле акчаны депозитке, жанагы 15-20 пайыз менен алган банктарга берип салат. Эч нерсе жасабайт. Бул экономиканын мыйзамы. Анан жанагы электр энергиясы деле ушул сыяктуу. Ал эми алтынды кайрып келебиз дегендер бар. Аны бир партия же бир киши кайрып келе албайт. Ал чоң саясат. Алтынды кайруу маселелеси эл аралык маселе. Көп нерсегег муктаж болуп турган элдерге убада бере берсе болот. Бирок бул ошолордун абийиринде.

Мейманбек Абдылдаев айрым партиялардын негизсиз убадаларына шайлоочулар билип-билбей ишенип жатканына кабатырланганын билдирет. 10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого ат салышкандар экономикалык убадалар менен катар социалдык жана саясий тармактардын деңгээлин көтөрүп, өлкөнү туңгуюктан алып чыгып, мыйзамдуулукту сактайбыз деп да белсенип келишет.

Убада жана реалдуулук

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 19 жылдык тарыхында мындай ураан, убадалар нечен ирет айтылып келсе да, алардын бул жолу аткарылышы суроолорду жаратууда. Кыргызстан эли кайрадан ооз көптүргөн сөздөргө, курулай убадаларга алданып жатканын белгилеген серепчилер бар. Саясий серепчи Элмира Ногойбаева шайлоо алдындагы партиялардын ураан, чакырыктары менен жомоктогудай жашоо убада кылынып жатканын, анын баары ишке ашуусу кыйын экендигин баяндады:

- Мен дээрлик бардык партиялардын программаларын талдап, убада кылынгандардын чындыкка дал келип, келбегендигин карап көрдүм. Бир партиянын программасында төрт пункттан турган чыныгы эркектин милдети деп жазылган экен. Мен анын кандай ишке ашарын түшүнбөй турам. Бишкектик мектеп окуучулары окуу-куралы жок турганда, аларга акысыз компьютер убада кылып жатышат. Бул шайлоо алдында үгүт жарнактарындагы курулай убада. Негизи бул көрүнүштөр ар бир өлкөдө болуп келет. Бирок Кыргызстанда абал башкача. Акыркы окуялардан кийин шайлоолор тез-тез өтүп, эл ишенбөөчүлүк менен мамиле кылып жатышат. Партиялардын ар кыл ыкма менен жүргүзгөн үгүттөрү Кыргызстандагы чыныгы абалды шылдыңга алганга тете болуп турат.

Ошентип добуш берүү күнүнө жарым айдай убакыт калды. Партиялар үгүт иштери менен алек болуп жатканда айрым бейөкмөт уюмдар узак мөөнөттөгү байкоолорунун алгачкы жыйынтыктарын билдиргенге жетишишти. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын алгачкы байкоолорунун жыйынтыгына ылайык массалык маалымат каражатарында көбүнесе “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, “Ата Журт”, БЭК, “Бүтүн Кыргызстан”, “Айкөл Эл”, КСДП, “Замандаш”, “Содружество” жана “Республика” партияларынын үгүттөрү басымдуулук кылууда. Аталган бейөкмөт уюмдун баяндамасында жазылгандай, аймактарда жарандардын шайлоо туурасында маалыматтары аз. Ошол эле учурда алдыдагы парламенттик шайлоодогу коопсуздук маселеси да көпчүлүктү ойлондурууда.

XS
SM
MD
LG