Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

К. Байболов: Жаңы парламент курамында кылмыш иши козголгондор да бар


Кубатбек Байболов, башкы прокурор

Кубатбек Байболов, башкы прокурор

Башкы прокурор К. Байболов парламенттин айрым депутаттарын кылмыш жообуна тартууга Жогорку Кеңештен уруксат суралышы мүмкүндүгүн айтат.

Башкы прокурор Кубатбек Байболов апрель окуясынан кийин козголгон кылмыш иштеринин абалы, издөө салынгандардын эмне үчүн табылбай жатканы, соттук-укуктук реформа маселелери тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Изделгендер эмнеге табылбай жатат?

«Азаттык»: Кубатбек мырза, коррупциялык аракеттерге тиешеси бар деп издөөдө жүргөндөрдүн эсеби барбы, алар кантип изделип атат? Кызматкерлерге байланышкан кылмыш иштеринин айланасында эмне өзгөрүүлөр бар?

Кубатбек Байболов: Кыргызстандыктарга белгилүү, Бакиевдин жана анын үй-бүлөсүнүн, жан жөкөрлөрүнүн дээрлик көпчүлүгү качып кетүүгө үлгүрүшпөдүбү. Алардын бардыгына издөө жарыяланган. Интерполдун мүмкүнчүлүктөрү менен чет мамлекеттерде издөө жүргүзүлүп жатат. Бул угармандарга белгилүү. Мен кылмыш жасаган, издөөдө жүргөн адамдар жүрүп атат деген өлкөлөргө кармап, Кыргызстанга өткөрүп берүү тууралуу бир нече жолу, эки мертебе кат жолдодум. Тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин издөөдө жүргөндөр кармала элек. Жалгыз гана Исманкулов кармалды Алматыда (көз карандысыз журналист Г. Павлюктун иши боюнча - ред.). Андан тышкары Чудинов, Сулайманов, Турдумамбетовдор өз ыктыярлары менен келип тергөөдө сурак берип жатышат.
Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге издөө салынганы тууралуу Интерполдун сайтындагы кабар.

«Азаттык»: Жакында сиздер жарыялаган апрель окуясы боюнча 40 кылмыш ишинен жыйынтык чыгаарына? Тергеп бүтүп, сотко бердиңиздер эле.

Кубатбек Байболов: Албетте жыйынтыгы чыгат. Мыйзамда көргөзүлгөн жазасын албетте алышат.

«Азаттык»: Экономикалык кылмыштардын ичинде издөөдө жүргөндөр да бар да?

Кубатбек Байболов: Надель, Гуревич, Ширшов, Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Азыр булар издөөдө. Ошолордун иштерин биз Кылмыш-процессуалдык кодексинде көрсөтүлгөн жобонун негизинде булар чет мамлекетте жүргөнүнө байланыштуу соттон алардын катышуусуз кароого өткөрүп берип жатабыз. Мыйзамда андай сырттан кароого мүмкүнчүлүк бар. Биздин баамыбызда сотто ошол кароону жүргүзүп, жасаган кылмыштарына жараша жоопко тартат деген ойдобуз. Болбосо булар ондогон жылдар качып жүрө берсе, биз кыргызстандыктар буларды жоопко тарталбай жүрө бералбайбыз да.

«Азаттык»: Издөө, кармоо жаатында Интерпол, башка конкреттүү мамлекеттер менен кызматташтыктын жыйынтыгы болуп атабы?

Кубатбек Байболов: Ошол өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарына байланыштуу биз ал өлкөлөрдөн өтүнүч катары гана суранууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. КМШ менен кылмышты иликтөө жана тергөө жаатында болгон келишимдердин бардыгына карабастан, биздин өтүнүчтөрүбүз азырынча анчейин колдоого алынбай жатат. Маселен, ошол эле Орусия, ошол эле Казакстан, ошол эле Белорусия биздин өтүнүчүбүзгө ушул күнгө чейин же бар же жок деп жооп бербей жатат. Бирок биздеги маалыматтар боюнча, изделип аткан адамдардын көпчүлүгү ушул өлкөлөрдө жашап жатышат.

«Азаттык»: Себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Кубатбек Байболов: Ким билет? Ар түркүн себептер болушу мүмкүн. Маселен, издеп атабыз, бирок таппай атабыз деген мааниде айткандай болуп атат. Биздин баамыбызда, айдан ачык эле жүрүшөт. Эгерде чын ыклас болсо кармаш керек эле.

Ширшов менен Балкыбеков Кыргызстандабы?

«Азаттык»: Өткөндө дагы бир сөз болуп кетти, Ширшов, Балкыбеков Кыргызстанда жүрөт деген. Сиздер аларга издөө жарыяладыңыздар эле.
Мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов менен мурдагы энергетика министри Сапарбек Балкыбеков.

Кубатбек Байболов: Биз дагы угуп калдык. Бирок анын чын-төгүнүн билиш кыйын. Келип ошол күнү кечинде кетип калды деген маалымат бар. Андай болушу мүмкүн. Маселен кыргыз-казак чек арасы айдан ачык.

«Азаттык»: Кармап алууга мүмкүнчүлүктөр болбой жатабы, же алсыздыктан болуп атабы?

Кубатбек Байболов: Көбүнесе алсыздыктан, биздин органдардын мындай чоң иштерге даяр эместигинен болуп жатат. Тилекке каршы прокуратура органдары андай издөөнү жүргүзбөйт. Бул ички иштер жана Улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүргүзүлөт. Тилекке каршы азыр ушундай оор жагдайга моюн сунушка туура келип турат.

«Азаттык»: Сиз азыр бийликте туруп атасыз, башкы прокурор катары ушундай өксүктөрдү калыбына келтирип, күч бийлигинин күчүн чыңдоо үчүн кандай салым кошаласыз?

Кубатбек Байболов: Албетте, соттук, укуктук реформа тууралуу мен билгенден эле, 15 жылдан бери айтып келатабыз. Ошол 15 жылдан бери эле далалат жасап, чындыгында бул реформаны жылдыралбай келе жатам. Реформанын концепциясын эки мертебе жаздым.

«Азаттык»: Колдоо жокпу?

Кубатбек Байболов: Буга чейин саясий эрк, чын саясий ыклас пайда болгон жок.

Кылмыш иши козголгон адамдар парламентке келеби?

«Азаттык»: Жаңы келаткан парламент күч структараларын, коопсуздук кызматын, сиз айткан, Ички иштер министрлигин, прокуратуранын, соттук-укуктук реформаны жасаганга кол кабыш кылалабы?

Кубатбек Байболов: Жаңы келген парламент деле жалпы-жонунан аманат, өткөн парламенттерден ашып деле кеталбайт го сыягы. Бул жаңы нерсе. Бир башкаруу системасынан экинчи башкаруу системасына өтөбүз деп далалат кылып атпайбызбы. Демек бул өтө оор нерсе болгондуктан, дароо эле шайма-шай болуп кетпестен, алдыбызда далай-далай оорчулуктар, мүчүлүштөр болот го деген баам бар.

«Азаттык»: Парламент демекчи, парламенттин курамында кылмыш иши козголду делген Түлеев, Сулайманов сыяктуу адамдар жүрүшөт. Мыйзам эмне дейт?

Кубатбек Байболов: Бир топ адамдар бар кылмыш иштери козголгон. Алардын арасында айыбы угузулгандар да бар. Эми жаңы Конституцияда парламенттин макулдугу менен гана жоопко тартылышы мүмкүн. Адатта парламент эч убакта өздөрүнүн депутаттарына кылмыш жообуна тартууга макулдук бербейт. Менин оюмча, бул жолу да ошондой болушу мүмкүн. Бирок кылмыш иштери кыскартылбайт, мөөнөтү гана токтотулат, депутаттык мөөнөтү бүткөндөн кийин иш кайрадан улантылат. Бирок ошого карабастан биздин оюбузча, парламенттин айрым депутаттарына байланышкан кылмыш жообуна тартуу боюнча уруксат суралат го дейм.

«Азаттык»: Өткөндө «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевге кол салынды. Ошол иш эмне болду? Коопсуздук кызматынын жетекчисин кызматтан кетирүүгө чейин талап коюп, нааразылык билдирип, бул атайын уюштурулган кутум катары бааланды эле Ташиев жана анын талапкерлери тарабынан. Бул иш эмне болду, кылмыш иши козголбоду беле?
"Ата-Журт" партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев.

Кубатбек Байболов: Бул иш Аскер прокуратурасы жагынан козголгон. Эки берененин негизинде. Биринчиси, бийлик өкүлдөрүнө карышылык көрсөтүү, экинчиси – кызмат абалынан ашкере пайдаланды деп. Себеби эки тарап тең бири-бирин күнөөлөп жатышпайбы. Эки тарапты тең изилдеп жана жоопкерчилигин аныктоо боюнча азыр тергөө иши жүрүп жатат. Азыр өйдө-төмөн деп айтыш кыйын.

«Азаттык»: Ташиевге байланыштуу ага чейин да факт боюнча «Ата-Журт» партиясынын кеңсеси өрттөлдү деп ал боюнча да кылмыш иши козголду эле. Андан мурда видео тасма боюнча да бир маселелер көтөрүлдү?

Кубатбек Байболов: Бул иштер боюнча Улуттук коопсуздук кызматында тергөө жүрүп келген акыркы учурга чейин. Партиялык тизме менен тизмеге катталгандан баштап тергөө иштери мыйзамга байланыштуу убактылуу токтотулган. Эми азыр депутат болсо, мен өйдөдө айтып кеткен жоболордун негизинде парламенттен уруксат суралат.

Дайынсыз жоголгон каражаттар


«Азаттык»: Кийинки маселе, өткөндө дагы бир кылмыш иши козголуп, ошонун негизинде бир топ прокуратура кызматкерлери алынды. Сиздин оппоненттериңиз сынга алып атат, орунду пайдануу үчүн гана чуулгандуу ишти шылтоолоп туруп жасады деп?

Кубатбек Байболов: Иштен алынган жок да. Тергөө жүргөн мөөнөткө гана кызматтан четтетилди. Жөн эле сүйлөп атышат, эч кандай ордуна киши койгонум жок. Кызматта калышат, бирок тергөө бүткөнчө кызматтык иш аракеттеринен четтилет. Бул эки башка нерсе.

«Азаттык»: Тергөөнүн иши кантип атат?

Кубатбек Байболов: Тергөө жүрүп атат. Прокуратуранын айрым кызматкерлери кызмат абалынан ашкере пайдаланган, бир топ жарандардын, ишкерлердин, компаниялардын укуктары бузулган. Алардын мүлкүнө, акча эсептерине арест салынган. Көпчүлүк учурда негизсиз арест салынган. Чындап эле арест киргизе турган мекемелер тескерисинче бошотулган. Алар болсо ошол жагдайдан пайдаланып, өздөрүнүн мүлктөрүн башка адамдарга каттап, акчаларды чет мамлекетке чыгарып кетүүгө үлгүрүшкөн. Демек мамлекетке зыян келтирилген. Сот чечимин чыгарып, ошого кылмыш жасаган адамдардын мүлкү мүмкүн конфискацияланмак. Олдоксон мыйзамсыз чечимдердин негизинде ошол мүлк жана акча каражаттар белгисиз жоголгон.

«Азаттык»: Шаардын прокурору же катардагы прокурорлор өз алдынча жасаган жок да, кандайдыр бир тапшырмалар болгон чыгар?

Кубатбек Байболов: Албетте, ошондой көрсөтмөлөр берилген. Айрым сурак берген адамдар ошондой көрсөтмө болгондугу тууралуу тергөөдө айтып берип жатышат.

«Азаттык»:
Түштүктөгү июнь окуясы боюнча соттук териштирүүлөр кантип атат?

Кубатбек Байболов:
Дээрлик бардык иштер тергелип бүттү. Сотко ашырылып берилди. Мына кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысын өлтүрүү, Санпадагы өлтүрүүлөр, Базар-Коргондогу милицияны өлтүрүү боюнча сот иштери каралып, айрымдарына өкүмдөр чыгып аткан кези.

«Азаттык»:
Түштүктөгү коогалуу окуялар боюнча жалаң эле өзбек тектүү жарандар соттолуп, кыргыздар четте калып атат деген дагы сөз тарады. Өзүңүз деле окуп атсаңыз керек Интернет сайттардан. Чындап эле ушундай болуп атабы, сиз кандай дейсиз?

Кубатбек Байболов: Айрым мүчүлүш бул жаатында албетте бар. Бирок дээрлик эле өзбектер соттолуп атат деген туура эмес, кыргыздар да соттолуп атат. Кылмыш кылгандардын баары эртеби-кечпи бары бир жоопко тартылат да.

“Өлгөн” Конституцияга шайкеш келбейт деп, “тирүү” Конституцияны союп”...


«Азаттык»: Өткөндө президент Отунбаеванын дарегине Конституциялык соттун мүчөлөрү кайырылышты, 2007-жылкы чечим боюнча Башкы прокуратуранын териштирүүлөрүн мыйзамсыз деп. Маалымат кызматыңыз маалымат таратты кыскача, өзүңүздөн комментарий уккум келип атат?

Кубатбек Байболов: Бүгүн кеч курун бул боюнча чоң маалыматты жайгаштырабыз. Ал эми Конституциялык соттордун мурунку мүчөлөрү сотко кайрылбай президентке кайрылганы таңкалыштуу болуп атат. Адатта президент аркылуу жең ичинен көп чечимдерди чыгарып көнүп калышкан го сыягы. Болбосо менин чечимдериме макул болбосо аларда сотко кайрылууга толук мүмкүнчүлүк бар. Бул биринчиси. Экинчиси, мен бул факты боюнча кылмыш ишин азыркы иштеп жаткан мыйзамдардын негизинде козгодум.
Жоюлуп кеткен конституциялык соттун курамы.

Ал эми иштин чоо-жайын алып көрө турган болсок, ошол арыз жазды деп аткан мурунку Жогорку Кеңештин депутаттары Карабеков менен Эшимканов азыр айтып атышпайбы, арызды жазган эмеспиз, бизге президенттик админстрациясынын жетекчиси Садыркулов даяр гана текстти алып келген, биз жөн гана кол коюп бергенбиз деп. Демек арыз жазды деген адамдар ал арыздын мазмуну менен тааныш эмес болуп чыгып атпайбы. Демек ал арыз Конституциянын өзүн жокко чыгарган арыз. Ошонун негизинде чыгарган арыз ким тарабынан даярдалганы белгисиз болуп атпайбы. Үчүнчүдөн, ошол арызда көргөзүлгөн Конституциялык соттун чечимине негиз болгон жобо өзү жок болуп атпайбы. 1993-жылкы жана 2003-жылкы Конституцияларга шайкеш келбейт деп иштеп аткан Конституцияны жокко чыгарып атышпайбы. Ал эми иш жүзүндө 1993-жылкы менен 2003-жылкы Конституцияларды 2006-жылы эле Бакиев кол коюп, аларды жокко чыгарып салган. Демек соттун ал ишти негиз кылып караганга эч кандай юридикалык негизи жок болуп атпайбы. Кыскартып, түшүнүктүрөөк кылып айта турган болсок, “өлгөн” Конституцияга шайкеш келбейт деп “тирүү” Конституцияны союп салып атышпайбы. Өлкө Конституциясы жок калып атпайбы. Соттун ошол чечимине таянып туруп Бакиев өзүнүн өкүмзардыгын орнотуп атпайбы Жогорку Кеңешти таркатып. Бул бир эле эпизод боюнча тартыш жүрүп атат.

1993-жылдан бери эмне деген гана чечимдерди чыгарышкан эмес. Акаевдин беш жылдан кийинки мөөнөтү он жыл боло турганын эсептей албай 14 жыл отургузушту. Ошондон баштасак эмне деген чечимдер бар. Үзөңгү-Куушту алалы, же болбосо Бакиевдин акыркы эле Конституциялык кеңешме түзүп, өзүнүн баласына бийликти өткөрүп берүү далалатында дагы чечим чыгарып беришпеди беле туура деп. Айта берсе арман көп болуп атпайбы. Акыры бирөө келип, туура эмес кылып атасыңар, мунуңар мыйзамсыз деп бирөө болбосо, бирөөбүз айтышыбыз керек да...
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG