Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

Оппозициядагы оюндар, дирижёр “ак үй”...


Бириккен элдик кыймылдан (БЭК) буга чейин “Ак шумкар”, “Асаба” партиялары чыгып кеткен эле. Эми БЭК өз курамынан Элдик кеңешти чыгарды. “Ак үйдүн” саясий технологдору ал арада Ынтымак курултайына булардын кайсы бир бөлүгүн тартып алууга үмүт арткан дешет. Бирок БЭК да, Элдик кеңеш да, “Ак шумкар” партиясы да бийлик курултайына барбай турган болушту.

Президент Курманбек Бакиев чакырып аткан Ынтымак курултайын уюштуруучулардын айтымында, курултайдын курамына оппозиция өкүлдөрүнүн да кирүүсүнө бардык шарттар түзүлгөн. Оппозициялык партиялар курултайга президенттин 150 орундук квотасы аркылуу келе алышары жарыяланган. Муну менен ортозаар саясий күчтөр гана эмес БЭКтин курамындагы айрым саясатчылардын да Ынтымак курултайына өтүүсүнө үмүт артылган дешет.

Оппозициядагылардын алардын ар биринин өздөрүнүн чоң амбициялары бар. Ар биринин бизнеси, дагы бир нерселери бар. Ж.Жоробеков



Ошентсе да БЭК бийлик чакырган курултайга барбасын билдирип, өз алдынча элдик курултай чакырмак болду. БЭКтин курамынан чыгарылган Элдик кеңеш уюму да бийлик уюштурган курултайга барбасын билдирүүдө. Өлкөдө жаңы саясий күч калыптандырууга аракеттенип жүргөн көрүнүктүү саясий ишмерлердин бири, “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев да президент чакырып аткан курултайга ишеним артпасын айтууда.

“Ак үйдүн” дирижёрлугу астындагы жүрүштөр

2005-жылдан бери оппозицияны алсыратуу саясатынын негизинде бир катар саясатчылар чет өлкөлөргө чыгып кетишсе, айрымдары бийлик сунуштаган кызматтарга отурушту.

Негизгиси БЭКтегилердин бардыгын бириктирип аткан нерсе, бул – улуу идея, улуу максаттар. Бир максат, бир идея болгону үчүн БЭКтин лидерлери ар дайым бир чечимге келе алышат.
А.Шыкмаматов


Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев премьер-министрлик кызматта жүрүп, жыйынтыгында кайра оппозицияга өтүп алды. Убагында ошол эле партияда жүргөн Өмүрбек Бабанов вице-премьер-министр болуп иштеп кетти. 2006-2007-жылдардагы митингдерде президентти ачуу сындап жүргөн Мелис Эшимканов азыр мамлекеттик кызматта тынч отурат. 2005-жылдардан кийин чоң кызматтарда отурушкан Феликс Кулов менен Өмүрбек Субаналиевдер кызматтан түшкөндөн кийин дароо оппозицияга өтүшүп, басма сөздө айтылгандай соодалашуулардан кийин кайрадан мамлекеттик кызматтарга барышкан.

Бирдиктүү оппозиция өз ара келише албагандыктан, натыйжада бир канча фронтторго бөлүнүп калышты. БЭК өзү эле бир канча кыймылдардан турат. Деген менен БЭКтин, Элдик кеңештин, Темир Сариев баштаган “Жаңы күч” болуучулардын башкы максаттары бир. Булардын бардыгы бүгүнкү саясий режимге каршы болушууда.

“Ак шумкар” партиясы былтыртан баштап өз алдына пикири, көз караштары бир адамдарды бириктирүүнү максат кылып койгон.
Т.Сариев


Амбициясы чоңдордун айрылыш жолдору...

Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун айтымында, бийлик атаандаштарынын эң негизги кемчилиги – баарынын тең амбициясынын өтө күчтүүлүгүндө, ар биринин президент болуу, лидер болуу дымагынын жогорулугунда болууда. Дал ушул себептен улам алар лидер тандай албай, майда-барат топторго бөлүнүп, көпчүлүктүн ишеничинен да калышты:

- Албетте оппозициядагылардын алардын ар биринин өздөрүнүн чоң амбициялары бар. Ар биринин бизнеси, дагы бир нерселери бар. Ар кимисинин өзүнчө ойлорун бар. Ар бири ошол бизнесин сактап калсам, көбөйтсөм же жылуу орунга барсам деп гана ойлошот. Ошондуктан оппозицияны кыргыз эли көрүп турат. Ата-жотосуна чейин билишет. Аларга такыр ишенич калган жок. Андан көрө “кандай кылыш керек” деп, чыныгы жолду таппайлыбы, ошону көздөбөйлүбү..?

БЭКтин мүчөлөрүнүн айтымында, кыймылдын аброю эл арасында абдан эле жогору. Бийликтин дал ушул элдик кыймылдын мүчөлөрүн коркутуп-үркүтүп, камап-соттоп аткандары эле алардан бийликтин коркконун, чочулаганын көрсөтүп турат. Балыкчы, Петровкадагы окуяларда камалгандар, Исмаил Исаков жана Аликбек Жекшенкулов өңдүү саясатчыларга кылмыш ишинин козголушу, Бакыт Бешимов сыяктуулардын чет өлкөлөргө качууга мажбур болгону буга күбө.

“Ата мекен” партиясынын аппарат жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, бүгүнкү күнү БЭКти калктын калың катмары колдоору белгилүү. Бийлик болсо мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу оппозицияны жаман көрсөтүү, чачкын, бийликти гана көздөгөн топ катары сыпаттоо аракетинде. Бирок БЭКтин лидерлери ар дайым бир пикирге келүүгө жөндөмдүү:

А.Шыкмаматов

- Негизгиси БЭКтегилердин бардыгын бириктирип аткан нерсе, бул – улуу идея, улуу максаттар. Бир максат, бир идея болгону үчүн БЭКтин лидерлери ар дайым бир чечимге келе алышат. Эгерде жанагыдай маселе кабыргасынан туруп калса, бир лидерди тандоо керек болуп калса, анда албетте БЭК бир лидерди тандайт. Бөлүнүп-жарылуу болбойт.

Ал эми БЭКтен бөлүнүп кеткен “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин айтымында, ушул тапта бир катар саясатчылар, жаштар биригип, өлкөнү алга тартып кетчү жаңы күч түзүү менен алек болушууда. Ошол эле маалда түзүлүү алдындагы жаңы күч - БЭК, Элдик кеңеш сыяктуу оппозициялык кыймылдар менен кызматташууга, сүйлөшүүгө даяр болмокчу:

Темир Сариев
- “Ак шумкар” партиясы былтыртан баштап өз алдына пикири, көз караштары бир адамдарды бириктирүүнү максат кылып койгон. Ал бириктирчү күч жалгыз “Ак шумкар” эмес, дагы башка саясий күчтөр да бар. Анын ичинде “Ак шумкар” да бар деп айтсак болот.


Саясий серепчи Марс Сариевдин баамында, бийлик Ынтымак курултайына ортозаар жана бир канча бирикмелерден турган БЭКтин айрым мүчөлөрүн киргизип, оппозицияны дагы да алсыратуу максатын көздөгөн. Ак үйдүн аналитиги Сергей Масаулов да 2010-жылы жаңы саясий класстар, жаңы оппозиция пайда болорун да айтканы бар. Ушундан улам талдоочулар ошол жаңы оппозиция Ынтымак курултайы аркылуу пайда болуп, БЭКти четке сүрүү пландалганын айтышкан. Бирок ушул тапта БЭК да, Элдик кеңеш да, Темир Сариевдин “Ак шумкары” да бийлик курултайына барбай тургандыктарын айтышууда.

XS
SM
MD
LG