Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

Мектеп-гимназия митингге чыкты


Ош шаарындагы мектеп-гимназияда ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар шаардык билим берүү башкармалыгынын мектеп директорлорун ротациялоо чечимине каршы митинге чыгышты.

Байкоочулардын баамында, Ош шаарына караштуу Горький атындагы мектеп-гимназиядагы нааразылык акциясына ата-энелердин, мугалимдердин жана окучуулардын жүздөн ашуун өкүлү катышты. Митингди «Бизге башка директордун кереги жок!» деген талап жазылган плакатты көтөргөн элүү чакты жаш балдар башташты.

Акцияга аталган мектепте билим алып жаткан тогуз жүзгө чукул окуучунун ата-энелеринин алтымыш чакты өкүлү чогулган. Алардын атынан сүйлөгөн Манзурахан Нышанова ата-энелер Ош шаардык агартуу башкармалыгынын гимназия директору Махаматжан Ахуновду башка мектепке ротациялаган чечимине наааразы экендигин билдирди.

- Чоңдорубуз буйрук чыгарыптыр. Ушул убакка дейре эч кынтыксыз иштеп жаткан директор Махаматжан Ахуновдун ордуна Зульфия Кадырова дегенди дайындашыптыр. Ал аялды биз билбесек бир жөн. Ал жактагы окуучулары чабал, сабак өздөштүрүүсү начар, өзү дагы иштин көзүн билбеген жетекчи экен, - деди ата-энелер комитетинин төрайымы Манзурахан Нышанова. - А Ахунов башкаларга окшоп балдарыбызды окууга жайгаштырганда пул сурачу эмес. Билим сапаты жагынан да алдыңкы орунда турчу. Эгерде агайды ордунда калтырышпаса, эжекени мажбурлап олтургузушса, анда биз балдарыбызды мектепке жөнөтпөйбүз!

- Мына, 70 чакты кишини камтыган бардык жамаат турабыз. Эгерде Ахунов таза иштебесе, чет өлкөлүк уюмдардан грант утуп, мектепти кеңейтип гимназияга айлантып, ушунчалык даражага жеткирбесе, аны бүгүн эч ким колдомок эмес, - деп кепке кошулду мектеп-гимназиянын мугалими Рано Хайдарова. - Мындан тышкары, мэр Мелисбек Мырзакматов август кеңешмесинде сүйлөп, таза иштеп жаткан директорлорго тийишпейбиз дебеди беле. Кана, убадасы? Мэриядан да, агартуу башкармалыгынын да суранабыз, биздин талабыбызды жерде калтырышпасын?…

Аталган мектептин биология сабагынын мугалими Гүлчехра Кадырова кесиптештеринин өтүнүчүн мындайча ачыктады: - Зульфия Кадырова келсе, биз мектепке киргизбейбиз. Андан көрө кадыр-барктуу, заманбап жана талапчыл бирөөнүн дайындашса, ойлонуштуруп көрөбүз. Канткен күндө да, Махаматжан Ахуновдон башкасын жолотпойбуз, сөзсүз иш таштайбыз!..

Бирок Ош шаардык агартуу башкармалыгы калаадагы сегиз мектептин директорун ротациялоо окуу-тарбия ишин жакшыртуу, ошондой эле коррупцияны ооздуктоо максатында жүргүзүлгөндүгүн белгиледи. Башкармалыктын жетекчиси Абдивали Балтабаев гимназиянын өкүлдөрүнүн талабын аткарылгыс ультиматум катары эсептейт.

- Алар бир орунда көп жылдар бою олтуруп көнүшкөн. Эч жакка жылышпайт же иштен дагы кетүүнү каалашпайт. Дагы кызыгы: тууган-уруктарынан, тааныштарынан жана санаалаштарынан өзүнчө команда топтоп алышкан. А түгүл коррупцияга да жол коюшууда. Ошондуктан жанагы директорлор биздин азыркы шартка макул болбогондой түр көрсөтүп жатышат. Бирок айтып коеюн, мындай тоготпостук арык аттап, суу кечпейт. Бардыгын мыйзам нугунда кылып жатабыз, - деген Абдивали Балтабаев мектеп директорлорун алмаштыруу жараяны дагы улантылаарын кошумчалады.

Анткени менен жергиликтүү талдоочулардын пикиринче, Ош шаардык агартуу башкармалыгынын демилгесинен сезилерлик майнап чыкпайт, себеби бири-экин орун алмаштыруудан эч нерсе өзгөрбөйт. Мындан көрө калаадагы 56 мектептин директорлор курамы жалаң жаш, активдүү жана жаңычыл көз караштагы адистер менен толукталса, мамлекет мындан утмак.
XS
SM
MD
LG