Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Нарындын мурдакы губернатору кызматтан кетпей каршылык көрсөтүп жатат


Нарында мурдакы губернатордун жүзгө жуук жактоочулары жаңы губернаторду кабыл албай, каршылык акциясына чыгып жатат. Алар бир күн мурда кызматынан алынган Адыл Эсенбековду губернатор кызматында калтырууну талап кылышып Президент Роза Отунбаевага кайрылуу жолдошту.


Адыл Эсенбековдун тарапташтары бүгүн эртең менен облустук акимчиликтин алдына алдына чогулуп, эл губернатор кылып шайлаган А. Эсенбековду кызматынан алып койгондугу үчүн бийликке нааразылык сөздөрүн айтышты.

Адылды эл шайлаган. Азыркы койгон кишиси Салымбековдун тууганы. Салымбеков Нарын областын соргон”,-деп сүйлөнүп жатты келгендердин бири Самүдүн Асанбаев.

Облустук акимчиликтин кире беришин милиция күчтөрү тосуп турушту. Аларга кызыл тасма байланган элдик кошуундун мүчөлөрү жардамга келишти. Аянтта милициянын алты машинасы токтоп турду.

Адыл Эсенбеков губернатордун кызматтык автоунаасы менен жан сакчыларынын коштоосунда келип, облустук акимчиликтин ичине губернатор Турдубек Мамбетов менен жолугуу үчүн кирип кетип, бир жарым сааттан кийин чыкты.

Адыл Эсенбеков сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, аны эскертпей туруп кызматынан алып койгонуна өзү да, эл да нааразы экенин билдирди:

- Эл менен шайланып, эл менен келгенден кийин, булар элди эске алып, мени чакырып, пресс-конференция берип, элге айтып ырахмат, сиздер шайлагансыздар, бирок президент бекиди, мыйзам бекиди, ошонун негизинде кетип атам, сиздерге жакшы кызмат кыла турган киши келатат деп айтмакмын. Азыркы бийлик элден бул кызматты уурдап алды,-деди Адыл Эсенбеков.

Акимчилик алдына чогулгандар бир саатка чукул ар митинг кылышып, губернаторду жана акимдерди эл шайлансын деген ураандарды айтып, тарап кетишти.

А. Эсенбековду губернатор кызматында калтыруу талабы жазылган алты жүздөй адамдын кайрылуу каты президент Роза Отунбаевага жөнөтүлгөнүн мурдакы губернатордун жактоочуларынын бири Асыл Жаманова билдирди.

XS
SM
MD
LG