Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Бириккен Элдик кыймылы уюштурган Кыргызстандагы нааразылык акцияларында одоно тартип бузуулар катталган жок. Бирок оппозиция бийлик тарабынан тоскоолдуктар жасалгандыгын маалымдоодо.

Ички иштер министринин орун басары Талантбек Исаевдин айтымында оппозиция лидерлери мурда маалымдагандай нааразылык акциясына миңдеген, жүздөгөн адам чыкпады.

- Себеби айрым аймактардагы жаан-чачын да тоскоол болду көрүнөт. Митинг учурунда өлкө боюнча коомдук тартип бузуулар, кылмыш катталган жок. Ала-Тоонун облус, райондорунда өткөн нааразычылык акцияларына айрым жерлерде жүзгө жетпеген, кээ бир аймактарда 200-300 адам гана чогулду. Ысык-Ата, Сокулук райондорунда жана Бишкек шаарында өткөн митингде гана саясый маселелер көтөрүлүп, бийликке талаптар коюлганы менен калган аймактарда социалдык-экономикалык көйгөйлөр гана айтылды.

Бишкектеги митинг учурундагы коопсуздукту сактоо милдети Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнун кызматкерлерине жүктөлгөнү менен “Спартак” стадионунда кошумча күч катары ИИМдин атайын бөлүктөрү даяр турушту.

Ошондой эле милиция формасын чечип жөнөкөй атуулдардай кийинген укук коргоо кызматкерлери митингдин катышуучуларын аралап байкоо салып жүрүштү.

Бишкекте Горький эстелигинин жанында өткөн митингде Бириккен оппозиция бийликке өзүнүн саясый талаптарын жарыялаганы менен алар коомдук тартип бузууга жол беришпеди. БЭКтин мүчөсү, экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда оппозиция лидерлери митинг учурунда коомдук тартипти сактоого өзгөчө көзөмөл кылып, милиция аябай күч топтоп, чагым чыгарууга аракет кылышканы менен эч кандай мыйзам бузууларга жол беришкен жок.

- "Спартак” стадионуна милицияны толтуруп койгону менен аларга чагым чыгарууга мүмкүнчүлүк берген жокпуз. Митинг жогорку уюштуруучулук деңгээлде өттү. Биздин митингге катышуучулар тарабынан эч кандай коомдук тартип бузуулар болгон жок. Мыйзамга каршы иш-аракеттерге жол бербедик. Мында тартип бузуулар болмок да эмес. Ошондуктан бийлик органдары бизге эч нерсе кыла албайт.

Митингге байкоо салган акыйкатчы Турсунбек Акун акция учурунда тартип коргоо кызматы тарабынан дагы, митингге чыккандар тарабынан дагы мыйзам бузуулар болбогонун “Азаттыкка” билдирди.

Өлкө боюнча нааразылык митингдерге катышкан адамдардын саны боюнча ИИМ менен оппозициянын пикирлери эки ача чыгууда. Ички иштер министринин орун басары Талантбек Исаев Сокулуктагы митингге 200-250дөй адам катышканын маалымат жыйынында билдирсе, ал “Ак шумкар партиясынын лидери Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда Сокулукта болгон митингге бир миңге чукул адам катышкан.

Алай районунун борбору Гүлчөдөгү митингге миңге жакын адам топтолгон. Чогулган эл беш күндүн ичинде Исмаил Исаковго козголгон кылмыш иштери токтотулуп, соттон акталып чыгышын талап кылышкан. Талаптар аткарылбаса Бишкекке аттанып, ачкачылык акция башташаарын эскертишкен.

Ички иштер министринин орун басары Талантбек Исаев болсо Гүлчөдөгү нааразычылык акциясына 80-85 адам катышканын билдирди.

Мындай эки ача чыккан фактылар арбын. Милиция митингге чыккандардын санын азайтып көрсөтүүгө аракет кылса, оппозиция көбүрөөк катышканын жар салууда.

Мындай мисалдарды талдоого алууга БЭКтин Жайыл, Кемин райондордо, Чолпон-Ата, Талас шаарларында бийлик тарабынан митингге чыгуучуларга карата куугунтук болгону себеп.

Ички иштери министрлигинин жетекчилери митингге чыккан адамдарга эч кандай куугунтук болбогонун айтып, актанып жатышат.

Бишкектеги митинг учурунда айрым чоң көчөлөр жабылып, башка көчөлөрдө автоунаалардын узун тыгын пайда болуп, жол эрежелери одоно бузулган учурлар да көп болду.

МАИ кызматкерлери мындай жагдайды жөнгө салып, эч кандай ири жол кырсыктары катталбаганын ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG