Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Ошто ыңкылапчылар бийликти кантип алышкан?


Ош шаарындагы элдик курултай, 19-март 2005-жыл.

Ош шаарындагы элдик курултай, 19-март 2005-жыл.

2005-жылы 18-мартта Ош шаарында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон үч миң чакты пикетчи ошогездеги өлкө башчысы А. Акаевдин отставкасын талап кылып, жаалданган жарандар облустук бийликти басып алышкан.

Оштогу окуянын катышуучулары эскергендей, Кара-Кулжадагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразыланган 3000 чакты киши 2008-жылдын 9-мартынан тартып Оштогу борбордук аянтта президент Аскар Акаевдин отставкасын талып кылып турушкан. Тилекке каршы, алардын пикири менен бийлик эсептешкен эмес.

Ыңкылапчылардын штаб башчысы Мырзабек Акматов ошол күндү мындайча көз алдыга чубады: - Кубанычбек Жумалиев президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү, Кубанычбек Жолдошев Ош облсунун губернатору эле. Биз алар менен сүйлөшүп, президент Аскар Акаевди отставкага кетирүүнү ойлогонбуз. Тигилерди (К. Жумалиевди жана К. Жолдошевди - автор) эки ирет жолугууга чакырдык, келбей белгисиз жакка качып жоголушту. Акыры 18-март саат түшкү экиде ультиматумдун мөөнөтү бүттү. Жаалданган көтөрүлүшчүлөр бизге баш ийбей, Ак үйгө кирип кетишти. Ошогезде аларга Дүйшөн Чотонов башчылык кылган. Дүйшөн акимчиликти басыр киргенде, мага штаб башчысы катары биринчи талап койду: «Кабинеттер талкаланбасын, акимчиликтен эч нерсе жоголбосун!» деп буюрду. Ошол тартипти бекем сактадык.

«Ата Мекен» партиясынын Кара-Суу райондук төрагасы Төлөгөн Келдибаев ошондогу элдин жаңыча жашоого умтулган тилегин март ыңкылабы аркылуу келген бийлик таш каптырды деп эсептейт.

- Ошондо элдин жаңы бийликке ишеничи зор болгон, тилекке каршы, үмүт акталган жок. Акаевдин бийлигинен Бакиевдин бийлиги айырмаланбай калды, - дейт санаага чөккөн Төлөгөн Келдибаев. - Бүгүн нааразылыкты баштаган калк Курманбек Салиевич отставкага кетмейинче, тынчыбайт деген ойдомун. Бул киши эстүүлүк кылып кызматын тапшырып, таза шайлоого шарт жаратса, кыргыз тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат. Эгерде ага эрки жетпесе, тагында калуу үчүн элине күч колдонсо, аны дагы Акаевдин тагдыры күтүшү ыктымал.

Ыңкылапчылар ырасташынча, 19-мартта Кыргызстандын экинчи борборунда 15 миңге чукул киши катышкан элдик курултай өткөрүлгөн. Анда Жогорку Кеңеш депутаттагына талапкер Курманбек Бакиев Акаевдин режими саясий кризиске кептелгендигин белгилеп, бийликти алмаштырууга үндөгөн. Ал эми белгилүү коомдук ишмер Адахан Мадумаров топтолгон элди үй-бүлөлүк башкарууга каршы чогуу күрөшүүгө чакырган. Ара чолодо өзгөндүк ыңкылапчылардын бири сөз алып, кийинки президенттике Мадумаров жарай тургандыгын жарыя кылган.

Курултай делегаттарынын баамында, бир нече жолку өтүнүчкө карабастан Бакиев да, Мадумаров да облустук бийликтин имаратында көтөрүлүшчүлөр менен чогуу калууга макул болбой, зарыл жумуштарын шылтоолоп кетип калышкан.

Эртеси таңга маал ички иштер министрлигинин куралчан тобу козголоңчуларды кууп-тараткан. Бул туурасында «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук лидери Керим Макеев төмөнкүлөрдү баян этти:

- 20-мартта таңга маал генерал Садиев жетектеген спецназ көтөрүлүшчүлөргө капысынан кол салып, уруп-согуп талкалаган. Имараттан куулган лидерлерин ар жерге камаган. 21-мартта жаны кашайган козголоңчулар чогулуп, облустук акимчиликти кайрадан басып алып, солдаттарды, милиция кызматкерлерин жана бийлик өкүлдөрүн имараттан кууп чыгышкан. Ошондо бардык жетекчилер Акаевдин саясатына каршы экендиктерин ачык билдирип, ыңкылапчылар тарапка оогон.

Жергиликтүү серепчилер Кыргызстанда төрт жыл мурдагыдай кырдаал түзүлгөндүгүн айтышууда. Алардын бири Санжар Тажиматовдун пикиринче, үйүлгөн маселелерди сүйлөшүү аркылуу чечүүгө али да болсо убакыт бар.

- Мамлекет башчысы же өкмөт жетекчиси, министрлер бир иштин өтөөсүнө чыкпаса, өзү отставка жарыялашы абзел. Саясий маданият ушундай. Азыркы кырдаалда, менимче, эки тарап бир үстөлгө олтуруп, сүйлөшүү жүргүзүү абзел. Оппозиция да эмоциясын тыйып, конкреттүү ойлорун ортого салганы оң. Эмне аларды коңгуроо кагууга түртүүдө. Кыскасы, өлкөнүн тагдыры ортодо турушу зарыл. Оппоненттерин түйшөлткөн суроолорго президенттин да аргументтештирилген жооптору болушу кажет. Эгерде жооптору болбосо, отставкага кеткени оң.

Серепчи Санжар Тажиматовдин ишениминде, дагы бир ыңкылапты кыргыз эли көтөрө албайт.




XS
SM
MD
LG