Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

“Тынч жүрүш, чогулуш” темасы дагы талкууланды


Бишкекте укук коргоочулар жыйын куруп, жарандардын тынч жүрүш, чогулуш өткөрүү укуктарын кайра калыбына келтирүү маселесин талкуулашты.

“Менин тандоомдун мезгили” деп аталган шайлоочулардын укуктарын коргоо коомдук уюмдар биримдиги өткөргөн жыйында өлкөдө “Жарандардын куралсыз, тынч чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укуктары жөнүндө” мыйзамдын начарлашы, жарандардын тынч чогулуусуна чектөөлөр киргизилгендиги, укук коргоо органдарынын аталган мыйзамдын нормаларын жакшы билишпестиги талкууланды.

Ошондой эле өлкө президентин шайлоо учурундагы жана андан кийинки тынч жүрүш, чогулуш учурларындагы жарандардын укуктары бузулганы, Балыкчы окуясына байланышкан сот процесстеринин жүрүшү тууралуу да пикирлер ортого салынды.

Жыйын соңунда резолюция кабыл алынып, аталган мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуу зарыл экендиги белгиленди.

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” жетекчиси Динара Ошуракунованын айтымында президенттик шайлоодон кийин өлкө башчысы элге кайрылганда жарандык коом менен бирге иштешип, алардын пикир-сунуштарын угушубуз керек деп айткан, бирок ал сөзү аткарылбай келатат.

Тегерек үстөлдү уюштургандардын бири, “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын пикиринде мыйзамсыз өлкө, мыйзамсыз коом боло албайт, ошондуктан бийлик Конституциянын кепили катары бардык жарандардын тең укуктуулугун сакташы керек.

Анын айтымында тынч жүрүш, чогулуш учурунда жарандарга күч колдонгон ички иштер тармагына эл аралык уюмдар жардам берүүсүн токтотушу зарыл.

Ички иштер министринин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында өлкөдө тынч жүрүш, чогулуш өткөрүүнүн эрежелерин сактабагандарды милиция кызматкерлери тартипке чакырып, кармап, атайын материалдарды чогултуп, сотко өткөрүп берет.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин баамында, учурда бейөкүмөт уюмдар коомдун күзгүсү болуп, баары биримдикте аракет кылса, тынчтык жүрүш, чогулуш өткөрүү боюнча жарандардын конституциялык укуктарын калыбына келтирүү аракетинен майнап чыгат.

Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Ибрагим Жунусовдун пикиринде, президенттик шайлоо мыйзамдын чегинде өтүп, анда мыйзамды бузгандар, Балыкчы окуясынын уюштуруучулары мыйзамдын чегинде жооп бериши керек. Жарандар тынчтык жүрүш, чогулуштарды өткөрүп, сөз эркиндигине чек коюлбай, бийликти каалагандай сындап жатышат.

Маалыматтарга караганда, 2005-жылдын март окуясынан жана быйылкы президентик шайлоодон кийин ондогон журналисттер, белгилүү саясатчылар Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө мажбур болуп, чет өлкөлөрдөн саясий баш паанек алышкан. Президенттик шайлоодон кийин Балыкчыда 19 адамга кылмыш иши козголуп, учурда алардын соту жүрүп жатат.

Human Rights Watch жана Freedom House эл аралык уюмдары жылдык отчету боюнча Кыргызстан адам укуктарынын абалы кескин төмөндөгөн, жарандардын эркиндиктери жана конституциялык укуктары кысмакка алынган мамлекеттердин катарында. Ушундай эле пикирлерди жергиликтүү укук коргоочулар да айтып, бийлик авторитардык режимди бекемдеди деген ой-пикирде.

“Менин тандоомдун мезгили” деп аталган бирикме алты өкмөттүк эмес уюмдан турат. Алардын арасында “Атуулдук коом коррупцияга каршы”, “Демократия жана атуулдук коом үчүн”, “Кылым шамы” сыяктуу белгилүү уюмдар бар.

XS
SM
MD
LG