Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

К. Узакбаев: Ыңкылапта жаракат алгандар бекер дарыланат


Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева каршылык акциясында жарадар болгон жарандын абалын сурап жатат.
Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева каршылык акциясында жарадар болгон жарандын абалын сурап жатат.

Бишкек шаар кеңеши ыңкылапта каза болгон жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча комиссия түздү. Комиссия төрагалыгына шайланган Энелерди жана балдарды коргоо боюнча Улуттук борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Камчыбек Узакбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Камчыбек мырза, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жарадар болгондорго кандай жардам көрсөтмөк болду?

- Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары дагы өлкөбүздө болгон кайгылуу окуяларга терең кайгыруу менен көңүл айтып жатышат. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Азиз Суракматов менен чогулуп, шаардан курман болгон, шаардан, Ак үйдүн алдынан жараат алгандардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү үчүн муктаждыктарын изилдөө боюнча атайын комиссия түзүү чечими кабыл алынып, ал комиссияны мени “жетектеп бериңиз” деген сунуш болду. Азыр ошол комиссия ишин баштап, иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Шаардын тургундарынын ичинен канчасы курман болуп, ыңкылапка катышкандардын ичинен канчасы жаракат алгандарын жана ошондой эле алардын ичинде баатырча курман болгондордун үй-бүлөсүндө кандай көйгөйлүү маселелери барын тактоо боюнча атайын иликтөөлөрдү баштадык. Баары такталгандан кийин даректүү жардамдар берилет.

- Ыңкылап учурунда сиздердин Балдарды жана энелерди коргоо медициналык борборуна канча жарадар алынып келди жана аларга кандай медициналык жардам көрсөтүлдү?

- Ошол күнү чоңдор дарылануучу клиникаларга жарадарлар ташылып жатты. Анан ал жактагы орундардын бардыгы толгондон кийин, жардамга муктаждык болгондуктан биздин борборго да алып келишти. Биз бул окуяны угуп, дайым даяр турганбыз. Башында жыйырмадай орун бөлүп, даярдап койгонбуз. Аягында дагы 30 орун даярдадык. Анткени тигил жакта болуп жаткан окуялардын баардыгы биздин көз алдыбызда турду. Кечки саат жетиден баштап биздин медициналык борборго да тез жардам машиналары менен жарадарларды алып келе баштады. Биздин борбор балдарга ылайыкташкандыктан улам келген жалпы жарадарлардын саны 24 болду.

Алардын төртөөсү жеңил жаракат алгандар экен. Алар керектүү биринчи жардамды алгандан кийин, кайрадан өзүнүн тегерегиндеги жолдошторун издеп, кайра аянтка кетишти. Жыйырмасы стационардык түрдө ооруканага жатып, эртең мененки саат алтыда гана операциялык жол менен аяктала тургандарын операция жасоо менен бүттүк. Биздин хирург, дарыгерлер таң аткыча операциялык үстөлдө октон жараат алгандарды операция кылуу менен, ошолорго жардам берүү менен алек болушту.

- Сиздердин өзүңөрдүн медициналык борбор дагы кандай жардамдарды көрсөтөлү деп жатасыздар?

- Кечээ жамааттын жыйынын өткөздүк. 6-апрелде коогалаңдуу окуялар башталганда Таластагы кесиптештер бизден жардам сурашкан эле. Алардын көйгөйлүү маселелерин уккандан кийин, Таласта 9 хирург жетишпей жатат деген кабарды угуп, андан кийин травматологдор, реаниматологдор дагы жетпей жатат дешти таластык кесиптештерим.

7-апрелде дагы ал жакта чоң кагылышуу болушу ыктымал деген маалымат болгондон кийин, биздин борбордон эртең мененки саат жетиде ошол Таласты көздөй 9 дарыгерди алып мен жөнөдүм. Алар жөн эле врачтар эмес, атайын адистер эле. Биз бул жактан Таласка жөнөп жатканда, ал жактагы облустук оорукананын башкы дарыгери Шаршенбек Аскарбекович айтты, “мүмкүн болсо жарадарларды таңуу үчүн бинт, жана башка аспаптар жетишпей жатат, ушул жагынан жардам керек”- деп кайрылды.

Биз 10 адис болуп, ушул борбордогу мүмкүнчүлүк боло турган материалдар бинт, марли, медициналык инструмент, жабдууларды алып, Таласка бардык. Биз Таласка барганда андай деле өтө кооптуулар жок экен. Алардын дарыгерлери өздөрүнүн күчтөрү менен камсыз кылганга мүмкүнчүлүктөрү бар экен. Алып барган жанагы жардам катары болсун деп, материалдарыбызды бердик. Ошондой эле катуу болгон жарадарларды биздин доктурлар менен дагы бир жолудан карап чыгышты.

Бул жактагы Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында катуу кагылышуу башталганын угуп, Таластан биз кайра кечки саат жетиде Бишкекке келип калдык. Революционерлерге, баатырларга жанагындай жарат алгандарга жардам берүүгө кам көрө баштадык. Ошону менен бирге өзүбүздүн жамаат ыңкылапта курман болгондорго куран окутуп, колдон келген жардамды берип жатабыз.

- Азыр дагы айрым ыңкылапка катышкан адамдар өзүнүн ден соолугун текшертем, медициналык жактан кароодон өтүп, текшерилем десе кандай дагы жардамдарды көрсөтөсүздөр?

- Кайгылуу окуяларда биздин дагы жакын тууганыбыз, жээним Күмүшбек Сейдасанов каза болгондон кийин мен алардын, шейит кеткендердин кайгысын көрүп, түшүнүп жатам. Өзүбүз көзүбүз менен көрүп, жүрөгүбүз менен сезип жатабыз. Ошондуктан урматтуу ыңкылаптын катышуучулары, биздин мекеменин дарыгерлерине баардыгына эскертип айттык. Ыңкылапка катышкан адамдарды бекер текшерүүгө шарт түзүп берели деп чечтик. Жамаатыбыз менен бизден кандай жардам керек болсо, ыңкылаптын катышуучуларына бекер медициналык жардам берилет.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG