Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

АКШнын Колумбия Университетинин изилдөөчүсү Рафис Абазов Кыргызстанда ишкердикти жүргүзүү боюнча "Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Рафис Абазов – эл аралык өнүгүү, саясат таануу, өткөөл экономика боюнча адис. Өткөөл мезгилде Борбор Азия өлкөлөрүндөгү саясий, экономикалык жана социалдык-маданий өзгөрүүлөрдү иликтеген бир нече китептердин, илимий макалалардын автору.

- Рафис мырза, өткөн жумада жарык көргөн Дүйнөлүк Банктын “Ишкердикти жүргүзүү” (“Doing business”) деген жылдык баалоосунда Кыргызстан ишкердикти өнүктүрүүдө ыкчам реформа жүргүзгөн өлкөлөрдүн сабында экендиги аныкталды. Бул иликтөө канчалык маанилүү?

- Бул жерде эң олуттуу нерсени - аталган иликтөө Дүйнөлүк Банк тарабынан жүргүзүлөөрүн айткым келет. Дүйнөлүк банк – жеке инвестор же менчик банк эмес, ал эл аралык системанын бөлүгү. Ал эми рейтинг системасын негизги идеясы – өлкөлөр, өзгөчө өнүгүп келеаткан өлкөлөр, бир жагынан улуттук экономиканы өнүктүрүүдө, экинчи жагынан чет элдик инвесторлорду тартууда коомдук сектордо, мыйзамдык системада канчалык деңгээлде реформалар жүрүп жатканын баалоо. Бул рейтингдеги сандык көрсөткүчтөрдүн концепциясы - мамлекеттерге жана эл аралык донорлорго жардам берүү. Ал эми Дүйнөлүк банк абройлуу жана таасирлүү уюм болгондуктан, бул рейтинге жеке менчик ишкерлер да көңүл көңүл бурушат.

Ал эми Кыргызстандын бул рейтингде жакшы көрсөткүчкө жетишкени, биринчиден, Дүйнөлүк банкты кызыктырган факторлорду: ийгиликтүү ишкердик жүргүзүү, ишкердик кызыкчылыктарды, жеке менчикти, кирешени жана капиталды коргоо (капиталды түзүү жана ташып кетүү) үчүн канчалык деңгээлде мыйзамдык базасын жакшырта алгандыгы болуп саналат.

Эл аралык адистердин пикиринде, эгер өлкөнүн юридикалык системасы жогорудагы мыйзамдык милдеттерди айныксыз жүзөгө ашыра алса, ал өлкө чет элдик инвесторлорду өзүнө тарта алат. Кыргызстандын акыркы үч жылда капиталдын жүгүрүшүн, чет элдик инвесторлорду тартууда жана рынок деңгээлинде ишкердикти коргоодо өзүнүн мыйзамдык нормативдерин жакшырттууга олуттуу киришкени өлкөнүн аброюнун көтөрүлүшүнө өтө чоң таасир тийгизди.

- Сиз айтып өткөндөй, бул рейтинг сандык гана көрсөткүчтөр менен чектелет экен. Анда коопсуздук, макроэкономикалык туруктууулук, коррупция, адистердин кесиптик денгээли сыяктуу факторлор кирбейт. Анда мындай баалоо системасы канчалык зарыл жана таасирлүү?

- Албетте, көптөр бул баалоо системасын сындап келишет. Бирок мен аны менен катар эле ушундай чакан иликтөөдө экономикалык бардык көрсөткүчтөрдү камтууга мүмкүн эмес экенин айткым келет. Ооба, бул рейтингде ишкердикти жүргүзүүдөгү чыныгы жагдайлар макроэкономикалык прблемалар, мамлекеттик кызматкерлердин иш билгилиги, көмүскө же ачык коррупциянын жайылышы каралбаганы сындоого кабылып жатат.

Ошондуктан кызыккан тараптар, чет элдик инвесторлор бул рейтингдин жетишпеген жактарын билишет. Ал эми чоң ишкер чөйрөлөр экономикалык башка параметрлерди аныктоо үчүн кошумча иликтөөлөрдү жүргүзүшөт.

- Мен эми Кыргызстандагы ишкердиктин коопсуздугу тууралуу сурайын деп турам. Өзүңүз билгендей, жакынкы жылдар аралыгында бир катар ишкерлер Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болушту. Адис катары өлкөдөгү ишкердик коопсуздугун кандай баалайсыз?

- Менин билишимче, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен жолугушууларда бул баалоо рейтинги реформаларды жылдыруунун багытын гана көрсөтө турган биринчи кадам экенин такай айтып келишет. Ал эми мыйзамдык милдеттемелерди кандай ишке ашыруу, инвестицияны тартууну жакшыртуу тууралуу Дүйнөлүк банктын сунуштарын ишке ашыруу улуттук өкмөттөрдүн жоопкерчилиги.

Адатта, сандык көрсөткүч менен баалоо бир тең, ал эми сунуш-пикрлерди кабыл алып ишке ашыруу узак иш экени белгилүү да. Анан дагы Кыргызстанга окшогон кайсы гана чакан мамлекет болбосун таланттуу адамдарын, жеке гана илим-билимдүү эмес, өлкөнүн өнүүгүсүнө салым кошо алчу ишкердиктин мыктыларын кармап калуусу өтө маанилүү. Бул багытта Кыргызстан өлкөдөгү таза, атаандаштык менен алдыга чыккан, көптөгөн эмгек орундарын түзгөн ишкерлерине бардык шарттарды түзүп берүүсү керек.

- Демек “Doing business” көрсөткүчү Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө берилген инструменталдык көрсөтмө турбайбы?

- Эл аралык донорлордун кеңешине дүйнөдөгү эч бир өлкө кулак салбай кое албайт. Бул бейрасмий эрежедей эле болуп калган. Учурда жер шарындагы кайсы гана өлкө болбосун эл аралык эксперттердин, донорлордун, уюмдардын баасын угушат. Тилекке каршы, кандай гана рейтингдик система болбосун сыйкырдуу таяк эмес экенин эстен чыгарбоо зарыл. Токсонунчу жылдардын башындагы жаңы экономикалык система түзүүнүн, коомдук өзгөрүүнүн “500”, “300”, “200 күндүк” делген реформалары эч кандай ийгиликке жетпегенин билебиз да.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG