Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Р.Мамыров: Пайда көрбөсө, эч ким алмак эмес


“Түндүкэлектронун” сатылышы, “Ошэлектро”, “Жалалабадэлектро”, “Чыгышэлектронун” сатыкка койулушу тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райымбек Мамыров “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Өлкөдөгү эң ири бөлүштүргүч компания - “Түндүкэлектро” 3 млн. долларга сатылды. Бул адилет баабы?

Райымбек Мамыров: Бааны ар түрдүү айтса боло берет, бирөө көп дейт, бирөө аз дейт. Бирок расмий сандарга караганда 3 миллион деген азыраак болуп калды окшойт. Ошондой болсо да аны алган кишилер эми элди кантип электр кубаты менен камсыз кылат? Эгер ошону оңдоп кете турган болсо, бул баа деле ордун таап кетет болчу.

- Ушул “Түндүкэлектронун” имараттары, жабдуулары 100 млн. долларды түзөт деген да маалыматтар бар. Мисалы, 2008-жылы ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудинов “Түндүкэлектро” ТЭЦ менен биргеликте 137 млн. доллар турат. Ал эми ТЭЦти алгандан кийин бул баа ого бетер көбөйөт. Себеби ТЭЦ чыгашалуу болчу деген деп айткан эле. Бул маселеге кандай карайсыз?

Райымбек Мамыров: Муну антип айтканга болбойт. Мисалы, бирөө 100 млн, дагы башкасы 40 млн. деп айтат. Менин билишиме караганда 100 миллионго жетпейт. “Түндүкэлектронун” баасы бир убакта 40 миллиондун тегерегинде эле болгон. ТЭЦ кымбатыраак. Акыркы мезгилде тетиктер 70 пайызга чейин эскирген деген сөздөр бар. Бирок мунун бардыгы сөз болуп атпайбы.
Шарттар жакшы эле болуп калды, тарифтер көтөрүлдү. Демек өзүн өзү актай турган маалга келип калды.


Менин окуганыма, укканыма караганда “Түндүкэлектро” 3 млн. долларга сатылды, 2 жарым млрд. сомго чейинки кредиттик карызын жаап, 10 жылдын ичинде 74 млн. инвестиция кылабыз деген. Эми ошол айткан убадаларын аткарып эле, иштеп кетсе жакшы эле болот. Себеби шарт жакшы эле болуп калды, тарифтер көтөрүлдү. Демек өзүн өзү актай турган маалга келип калды. Бирок кандай болот - ошону көрүшүбүз керек.

- Сиз ушул компанияны сатып алган чакан ГЭС менен тааныштыгыңыз бар беле?

Райымбек Мамыров: Жок, чакан ГЭСти угуп эле жүрөбүз, бирок он жыл мурун болсо керек, Аламүдүн ГЭСтеринин кичинекей каскады бар, ошолорду алып, ошондон бери иштетип келе жатышат. Бирок жаман, же жакшы деген нерсени укканым жок.

- Оппозиция бул ишти баш оту менен малынган коррупцияга байланыштырды. Сиз мындай пикирге кошула аласызбы?

Райымбек Мамыров: Мен деле андай нерселерди угуп жүрөм, гезиттерден башкача көз караштарды окуп жүрөм. Аны колдон кармагандан кийин айтпаса, азыр туура болбой калат.

- 1-февралда “Ошэлектро”, “Жалал-Абатэлектро”, “Чыгыш электрону” сатуу боюнча да негизинен документтери соңуна чыккан. Бирок ушул кезге чейин кайсы компаниялар арыз бергенин Мүлк министрлиги ачык айтпай, жашырып келатат. Бул эмне себептен ушундай болуп жатат?

Райымбек Мамыров: Биринчиден, ал компанияларды кичине шаштырбай койо турса болмок. Мына бирөөнү саткандан кийин жок дегенде бир аз жыйынтыгын күтүп, андан кийин ошого карап иш кылса болмок. Баалар көтөрүлүп, азыр өзүн өзү камсыздай турган маалга келип калды.

Экинчиден, мен деле булар сатылып, кимдер алып атканын укканым жок. Ошонун бардыгын өкмөт жаман болбош үчүн ачык эле айтып чыкса болмок. Андан жашыра турган эч нерсе жок.
Бирөөнү саткандан кийин жок дегенде бир аз жыйынтыгын күтүп, андан кийин ошого карап иш кылса болмок.


- Мүмкүн бааларды атайын көтөрүп, андан кийин өздөрүнө алып жатууга атайын шарт түзүп жаткандыр?

Райымбек Мамыров: Бирок ал сатылуу жөнүндө, өзүңөр билесиңер, акыркы эки жылдан бери көбүрөөк сөз болуп жатапайбы. Улам-улам сынак жарыялап, анан албай, бирок бааларды көтөрүү боюнча чечимдер былтыркы жылдын аягында кабыл алынбадыбы. Экөөнүн бири-бирине байланышы барбы же жокпу – мен айта албайм. Себеби экөөнүн мөөнөттөрү башка болуп атпайбы. Бирок негизинен ала турган киши пайдасы болбосо албайт. Бардык эле нерсе ошондой да.

- Рахмат маегиңизге.

"Азаттыктын" архивинен: Жарандык уюмдун 6 өкүлү нааразылык билдирди

Жарандык уюмдардын 6 өкүлү Мамлекеттик мүлк министрлигинин жыйындар өтүүчү залына келишип, “Түндүкэлектр” ишканасына тендер өткөрүү боюнча комиссиядан аталган ишкананы сатпоого чакырып, элдин байлыгын сактап калууга үндөштү. MiT.
Жарандык уюмдун 6 өкүлү нааразылык билдирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG