Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Алай: жолугушууда мунаса табылган жок


Сегиз жылга эркиндигинен ажыратылган мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун отузга жакын тарапкери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү 9-февралда Гүлчө кыштагындагы райондук китепканада жолугушту. Бул жолугушууну “Кылым шамы” бейөкмөт уюму уюштурду.

Адегенде эки тарап “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө” мыйзамдын Алай жергесинде аткарылышын талкуулашты. Андан соң бири-биринин дарегине дооматтар айтылды. Бирок алар маселени чечүүдө орток пикир таппай тарашты.

Алайдагы бир катар айыл өкмөттөрү Исмаил Исаковдун тарапкерлерине жер-жерлерде митинг уюштурууга тыюу салган. Мындай чечимди “Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдырасулова кескин сынга алды:

- “Акцияга уруксат берилбейт!” деп айтканга жергиликтүү бийликтин таптакыр акысы жок. Алардын өзүмбилемдикке салып, сот органдарынын ыйгарым укуктарын менчиктештирип алуусу мыйзамга сыйбайт. Жогорудагыдай жоопту прокурор да, аким да жазууга батынбайт. Ошондуктан Алайдагы айыл өкмөттөрүнүн чечимдерин сот аркылуу жокко чыгарууга дале кеч эмес.

Бирок мындай пикирге Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Султан Абдиев кошулган жок:

- Бизде мурун митингдер өтпөптүр, ошол себептүү көп нерсени билбейт экенбиз. Менимче, жанагы акция өткөрчү жайларды райондук кеңеш депутаттары менен макулдашып аныкташ керек экен. Антпесек бизде жер тартыш, бош аянт жок.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова менен райондун прокурору Таалай Абдиваитов кайым айтыша кетишти:

Таалай Абдиваитов: Жөн эле жөөлөй бербегиле, айыл өкмөттөрү маселени карап, уруксат жагын чечип жатышат го.

Азиза Абдырасулова: Жок, алар антүүгө дегеле акысы жок! Кур дегенде мыйзамды сыйлашпайбы?

Алай районунун прокурору Таалай Абдываитов
Азиза Абдырасулова ар айыл өкмөтүндө нааразычылык акциясын өткөрүүгө такай аянтча ажыратып, маселени создуктурбай чечүүнү сунуш кылды. Муну райондун прокурору Таалай Абдиваитов да кубаттады:

- Эми кийинчерээк жергиликтүү бийликтер бул маселеге чекит коюшу толук ыктымал.

Исмаил Исаковдун таламдаштары аларга жана үй-бүлөлөрүнө карата жергиликтүү бийлик башчылары тарабынан куугунтук күчөп бараткандыгын айтышты. Ормонбек Токобаев буларды айтты:
“Акцияга уруксат берилбейт!” деп айтканга жергиликтүү бийликтин таптакыр акысы жок.


- Алар элге каршы ачык чабуулга өтүштү. “Акцияга барба! Антүүгө акың жок. Эгерде чыксаң, камаласың!” деп ар үйдү түтүнмө-түтүн кыдырууда.

Аскалы айылынын тургуну Мамасалы Сатыбаев генералдын Бишкектеги сотунун жүрүшү туурасында даректүү тасманы үйүндө көргөндүгү үчүн милиция ага эскертүү жасагандыгын ачыктады:

- Жалпыга маалым, Исмаил Исаковдун сотунун жүрүшүн интернеттен көрсөтүп жатышат. Атүгүл кассеталары да бар экен. Мен да кызыгып абай салдым эле, ошонумду милиция башчысы билип калып, ошондон бери тынччылык жок. Мына, кечээ түшүнүк кат жаздыртып, кыйла опузалады.

Ал эми Шайназар Оторов район акиминин биринчи орун басарына “президентти баш кылып канчалаган жерлерге кайрылдык эле. Эмдигиче алакандай жооп жок. Эмне үчүн?” деп суроо узатты эле, анысы жоопсуз калды.

Камакта жаткан генералдын бир тууган эжеси Шайырбү Исакова райондук бийлик, ошондой эле өкмөтчүл массалык маалымат каражаттары жалган маалыматтарды таратып жаткандыктан, чыныгы кырдаал туурасында президент Курманбек Бакиев кабардар эместигин билдирди:

- Мисалы, акцияларга төрт жүз киши катышып, жүйөөлүү талапты коюп жатышса, тигилер алтымыш эле адам турат деп жанын жешсе, өлкө башчысы ошолордун кебине ишенип, алайлыктарды анчалык тоготпой жатат өңдөнөт. Мындан ары биз мындайга жол бербейбиз!

Ушул жерде жолугушуунун демилгечиси, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова кырдаал чынында курч экендигин белгилеп, ошентсе да Исмаил Исаковдун таламдаштарын сабырдуулукка жана жеке коопсуздугун ойлоого чакырып, 10-февралда райондук акимчиликтин алдында пикет-митингсиз эле тынч чогулуп, Аскер сотунун өкүмүн күтүү керектигин сунуштады.
Бул жолугушууда бир ымалага келе албадык, тил да табышпадык.


Мындай пикирди Акыйкатчынын Оштогу өкүлү Талипбек Нуралиев да колдоду:

- Мына, эртең райакимчиликке чогулабыз деп жатасыздар. Коопсуздугуңарга ким кепил болот? Балким араңардан бирөө-жарымы чагым уюштурушу ыктымал. Анда силердин баркыңарга доо кетет. Ошол эле учурда мындан бейкүнөө кишилер жабыркап калышы мүмкүн.

Сунушка нааразы тарап көнгөн жок. Маселен, Исмаил Исаковду коргоо комитетинин Алай райондук төрагасы Айтпай Жээналиев санаалаштарынын позициясын ачык жар салды:

- Бул жолугушууда бир ымалага келе албадык, тил да табышпадык. Анткени биз бийликке көз каранды эмеспиз. Мурдагыдай эле артка кайтмай жок. Ошентсе да дагы кайталаймын, бир да ызы-чуу кылбайбыз. Ашыкча сөз сүйлөнбөйт. Биз тараптан чагымчыл аракеттер болбойт. Аны кызыкдар тараптар өздөрү уюштурушу ыктымал. Албетте бул үчүн жооп бербейбиз.

Ошол эле учурда Алай районунун акиминин биринчи орун басары Курманбек Апиев маселенин оң жагына чечилеринен үмүттөнүп тургандыгын жашырган жок:

- Көрдүңөр го, эки тараптын тең бири-бирине дооматы жок. Бардыгы мыйзам чегинде жайгарылат деп ишенем.

Ошентип акыркы маалыматка караганда, мурдагы коргоо министринин Алайдагы тарапкерлери 10-февралда райондук бийликтин алдына чыгып, камактагы жердешинин токтоосуз акталышын талап кылышмакчы. Нааразычылык акциясына аймактын булуң-бурчунан жүздөгөн адамдар катышып, алардын астында Исмаил Исаковду коргоо боюнча республикалык комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.

"Ыңгайсыз суроолор": Исаков жана саясат. 1-б
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

XS
SM
MD
LG