Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

АКШда Президенттин күнүндө Трампка каршы акциялар өттү


Дүйшөмбү күнү миңдеген америкалыктар “Менин президентимдин күнү эмес” деген акциянын алкагында көчөгө нааразылыгын билдирип чыгышты.

Нью-Йоркто президент Дональд Трампка каршылар анын мейманканасына жакын жердеги Борбордук паркка чогулушту. Демонстранттар “Президенттин орду абакта!” деп кыйкырып, шайлоочулар коллегиясын жоюуну талап кылышты.

Шайлоочулар коллегиясынын көпчүлүк добушу менен Дональд Трамп жеңишке жетишкен. Анын атаандашы Хиллари Клинтонго ага караганда үч миллион шайлоочунун добушун көп алган.

Дональд Трамп өзү дүйшөмбү күнү Улуттук коопсуздук боюнча жаңы кеңешчисин дайындады. Майкл Флинндин четтетилишинен кийин бул кызматка генерал Герберт Макмастер келди. Дональд Трамп “генерал-лейтенант Герберт Макмастер абдан таланттуу жана тажрыйбалуу адам” деп билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча жаңы кеңешчи Ирак жана Ооганстанда аскерий операцияларга катышкан аскерий стратег катары мүнөздөлүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG