Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Т.Исмаилова: Референдумдан кийин ишенич бар


Референдумдун жүрүшүнө жергиликтүү бейөкмөт жана коомдук уюмдардан, партиялардан 5 миңден ашуун байкоочу көз салып турду. “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Ош шаарында референдумдун жүрүшү жана андан кийинки абал туурасында маек курду.

- Сиздин баамыңызда референдум кандай өттү, кандай баа берип жатасыздар?

Төлөйкан Исмаилова: Биринчиден, референдум жакшы өттү. Анткени трагедия болгон жерлерде да, өзбектер жыш жайгашкан көчөлөргө да, Калининде да болдук. Ошондо эл “биз мыйзамдуулук үчүн баратабыз, ишеничибиз чоң, ошон үчүн биринчи кадам бул референдум” деп айтты.

Карл Маркс бекетинде кечки саат алтыда 1150 киши добуш берген. Биздин өнөктөш Салиев Кусанбай да шайлоо жайларын карап турду. Ал “эл тынбай барып атат, маанай жакшы, анткени коменданттык саат да алынган” деп айтты.

Ош шаарындагы 273-шайлоо бекетинде саат 11де 38 пайыз шайлоочу добушун берген. Азиза Абдрасулова жана Франция, Финляндиядан келген көз карандысыз байкоочулар менен биз Папан айылына чейин барып көрдүк. Ал жакта да саат 2де 800дөн ашык шайлочу өз добушун берген.

Кара-Суу районун да айтсак болот, ал жакта да саат 19-30да 60 пайыз добушун берген. “Биз Роза Отунбаевага ишеничибиз чоң, эне катары, саясатчы катары. Ошон үчүн добушубузду беребиз, Кыргызстанга жакшылык, мыйзамдуулук келсин” деген маанай болду.

- Азыр Ош шаарында референдумдан кийинки абал кандай болуп жатат?

Төлөйкан Исмаилова: Референдумдан кийин ишенич бар. Бирок СИЗО, ГКНБ, ИВСтерде мыйзамсыз кармалган адамдар аябай көп. Ошон үчүн укук коргоочулар болуп азыр да жолугушуп атабыз. Кандай абалда турушат жана кандай юридикалык жардам керек, кандай абалды жакшыртабыз деп. Атышуулар түндө да болду. Кечээ биз өзбектер жашаган Шамси конушундагы бир үй-бүлөгө бардык. Үй-бүлөдө алты мүчө, алар аскерлерден жана жергиликтүү адамдардар аябай жапа чеккен. Ошон үчүн жер-жерлерде жаңжалдар көп болуп атат жана жоголгон адамдар бүгүнкүгө чейин табылбай атат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG