Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Байкоочулар референдумдун жыйынтыгын тааныды


Адам укуктары боюнча бюро (БДИПЧ) миссиясынын жетекчиси Борис Фрлец
Адам укуктары боюнча бюро (БДИПЧ) миссиясынын жетекчиси Борис Фрлец

Референдумдун жүрүшүнө көз салган эл аралык да, жергиликтүү да байкоочулар 28-июнда алгачкы бааларын берди. Алардын баамында, добуш берүүдө референдумдун жыйынтыгына таасир этүүчү одоно мыйзам бузуулар байкалган жок.

Айрым көз карандысыз байкоочулар дагы да болсо административдик ресурс колдонулганын белгилешүүдө.

Референдумга байкоо салган эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын дээрлиги бүгүн өздөрүнүн алгачкы бааларын беришти. Алсак “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы жана “Таза шайлоо” коому жалпысынан референдумдун жыйынтыгын тааный тургандыгын жана Борбордук шайлоо комиссиянын бул боюнча көрсөткөн сандарына ишене тургандарын белгилешти.

БШК шайлоочулардын 70 пайыздайы катышып, алардын 90 пайыздын ашууну жаңы Конституцияны колдой тургандыгын айтып чыкты. Ал эми аталган коалициянын жетекчиси Динара Ошурахунова айрым мыйзам бузуулар боюнча буларга токтолду:

- Биздин байкоо учурунда бир нече катталган учур - үй-бүлөлүк добуш берүү. Бул көбүнчө Ош жана Жалал-Абадда катталып жатты. Шайлоочулар өзүнүн үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна байланыштуу үйүндөгү бардык мүчөлөрүнүн документтерин көтөрүп келип атышты. Бирок байкоочулар алардын добуш бергенине жол берген жок. Биз БШК мүчөлөрү менен тыгыз иштешип аттык. Документи жок, башаламан добуш берген учурлар болгон жок. Негизинен биз шайлоонун жыйынтыгын кабыл алабыз.

Аталаган эки уюмдан миңден ашуун атайын окуудан өткөн байкоочулары Кыргызстан боюнча 720 добуш берүү жайларында байкоо салган.

Ал эми Акыйкатчы институтунун 90 кишиден турган байкоочу топ республиканын бардык аймактарында референдумдун жүрүшүнө көз салды. Байкоочулардын башында турган акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, добуш берүүдө демократиялык принциптер сакталды:

- Шайлоо кодексинин да көп нормалары сакталды деп эсептейбиз. Элдин духу башкача болду, алар бул референдумду жүрөгү менен кабыл алды. Ошол эле кезде, тилекке каршы, мыйзам бузуулар да болду.

Ошондой эле референдумдун жүрүшүнө эл аралык да байкоочулар да байкоо жүргүздү.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) алдындагы Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча бюро (БДИПЧ) миссиясынын жетекчиси Борис Фрлец аталаган байкоочу топ жалпысынын Кыргызстандагы референдумдун жыйынтыктарын тааный тургандыгын билдирди. Бул топтон 30дан ашуун байкоочу референдумдун жүрүшүнө көз салды. Бирок Б.Фрлецтин айтымында, кырдаалга жараша өлкөнүн түштүгүнө кыска мөөнөттүү байкоочулар жиберилбей калган.

- Референдумда добуш берүү маалында бир катар кемчиликтер байкалды. Аны эл аралык талапка жана жергиликтүү мыйзам талабына толук жооп берди деп айтыш кыйын. Бирок кандай болсо да шайлоочулардын катышуусу жагынан алганда жана жыйынтыгын караганда да бул референдумду сөзсүз жарактуу деп кароого керек. Эми байкалган кемчиликтерди жоюп, добуш берүү системасын андан ары да жакшыртуу үчүн алдыдагы парламенттик шайлоого чейин дагы да убакыт бар.

Ошол эле кезде Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиянын жетекчиси Владимир Чуров да референдумга өз баасын берип, Орусиядан 30дан ашуун байкоочу Баткен облусунан башка бардык региондордо байкоо салганын белгиледи. Анын айтымында, байкоочулар саясий баа берүүдөн алыс.

- Мен дароо айта алам: добуш берүү бекеттери жалпы республика боюнча дээрлик окшош эле болгон. Бардык байкоочулар уюштуруу иштери боюнча оор кырдаалды эске алганда, кыска мөөнөттүн ичинде биз күткөндөн жогору болгонун айтышууда. Башкача айтканда бардык шайлоо бекеттери талапка туура келет.

Владимир Чуровдун айтымында, байкоочу топтун толук иштелип чыккан отчету ушул аптанын аягында даяр болот. Деген менен айрым байкоочулар добуш берүү учурунда административдик ресурс колдонулганын белгилешүүдө.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева БШК жана убактылуу өкмөт мүчөлөрүн сынга алып, добуш берүү соңуна чыга электе референдум жыйынтыктарын алдын ала чыгаруу эрежеге жатпайт деген пикирде. Ал Убактылуу өкмөттүн шайлоонун жыйынтыктары эсептелип бүтө электе кайра өзгөчө кырдаал киргизишине макул эмес:

- Мен БШК чыгарган жыйынтыктарга ишенбейм. Ошол эле түштүк жергесинде бейөкмөт уюмдардын жана “Эркин тандоо” кыймылынын өкүлдөрү байкоо салып турушту. Алардын жыйынтыктары боюнча 60 пайыздан ашууну “каршы” деп жооп берип жатты. Дагы бир жагдай, жыйынтыктоо күнү бүтмөйүн эч бир адам фактыларды, сандарды жарыялоого укугу жок.

Кыргызстандагы референдумга жалпысынан 31 өлкөдөн 189 байкоочу байкоо салды. Алар: Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) алдындагы Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча бюросу (БДИПЧ), КМШ Катчылыгы, Орусиянын Оштогу Башкы консулдугу, АКШ Көз карандысыз демократиялык институту, Шайлоо системаларынын эл аралык фонду жана КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү. Мындан сырткары жарандык коом жана партиялардан болуп 5 миңге чукул жергиликтүү байкоочу иштеди. Алар толугураак жыйынтыктарын ушул аптанын аягында дагы кошумча билдиришмекчи.

XS
SM
MD
LG