Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Кыргызстанда референдум өтүп жатат


Өлкөнүн бардык аймактарында 2 миң 200дөн ашуун шайлоо жайлары саат 8де ачылып, референдумга добуш берүү башталды. Эртең менен саат 7де БШКнын төрагасы Акылбек Сариев Улуттук канал аркылуу кайрылуу жасап, референдум Кыргызстандын укуктук талаага келүүсүн камсыз кылуу максатында Убактылуу өкмөт тарабынан уюштурулуп жатканын белгиледи.

Өлкөдө 7-апрелде ыңкылап жолу менен бийликке келген убактылуу өкмөт бул референдумду өзүн мыйзамдаштыруунун жалгыз жолу катары атап жатат. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кыскарып, өлкө Борбор Азиядагы алгачкы парламенттик республикага айланышы керек.

Референдумдун жүрүшүнө чет элдик 200дөн ашуун байкоочулар, өлкө аймагындагы жарандык уюмдардын, саясий партиялардын 5 миңге чукул байкоочулары байкоо салып турушканы маалымдалууда.

Жалпы элдик добуш берүүнүн жүрүшүн чагылдырууга 91 журналист катталганын БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, референдумду чагылдыруу үчүн 30дан ашуун массалык маалымат каражаттары өздөрүнүн журналисттерин БШКдан каттоодон өткөргөн. Алардын катарында чет элдик жана жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарчылары бар.

Референдум өткөрүүгө 7 миң 820 тартип коргоо кызматкерлери тартылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин коомдук-коопсуздук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жекшен Кулманбетов билдирди. Анын айтымында, коомдук тартипти камсыз кылууга милиция кызматкерлери менен бирге Элдик кошуундун 12 миң 290 мүчөсү тартылган.

Ал ошондой эле жалпы республиканын аймагында жана Ош, Жалал-Абад облусунда кырдаал тынч экенин белгилеп, ар кандай чагымчыл аракеттерге жол берилбестигин билдирди.

Референдум күнү Кыргызстандын жарандары добуш берүүнүн жүрүшүнө SMS жиберүү менен байкоо сала алат. Бул тууралуу Акипресс маалымат агенттигинде өткөн жыйында USHAHIDI долбоорунун жетекчиси Алтынбек Исмаилов билдирди. Анын айтымында, добуш берүүнүн жүрүшү, референдумдан соңку маалыматтар интерактивдик картада – онлайн платформада көрсөтүлүп турат. “Ушул тапта биз ар кандай уюмдардын көз карандысыз байкоочулары жана БШКнын өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып жатабыз”, деди Алтынбек Исмаилов.

Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарындагы бешинчи кесиптик мектепте жайгашкан 1210-шайлоо бекетине келип, жалпы элдик референдумга катышты.

Добуш берүүдөн кийин ал журналисттердин суроолоруна жооп берип, “бүгүн кыргызстандыктар өздөрүнүн келечеги, кыргыз элинин өнүгүшү жана стабилдүүлүк үчүн добуш беришет” деп билдирди.

Ушул эле шайлоо бекетине мындан бир аз мурдараак Убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсү Т.Сариев добуш берген.

"Азаттыктын" тасмасы: Ө.Текебаев: Референдум өткөн соң кетебиз

Убактылуу өкмөттүн жетекчи орун басары Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарындагы 27-мектепте жайгашкан шайлоо бекетине келип, референдумга катышты. Добуш берген соң ал журналисттердин суроосуна жооп берип, жалпы элдик референдум өткөн соң парламенттик шайлоолорго даярдык баштала турганын, өзү жана анын партиялашы Болот Шер кызматтан кетишерин билдирди. MiT

Ө.Текебаев: Референдум өткөн соң кетебиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

XS
SM
MD
LG