Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

"Самсунг" компаниясы Galaxy Note 7нин күйүп кетүү себебин айтты


Дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында Түштүк Корея компаниясынын башчысы Кох Донг Жин телефондун күйүп кетүүсүнө анын батареясын долбоорлоодо жана кураштырууда кеткен технологиялык кемчиликтер себеп болгонун билдирди:

- Биз батареяны долбоорлоо жана кураштыруу үчүн жаңы ыкмаларды колдонуудагы кемчиликтерди моделдин саттыкка чыгарылышына чейин аныктабаганыбызга толук жоопкербиз, - деди Донг Жин.

Galaxy Note 7 сатыкка өткөн жылдын августунда чыгарылган.

Сентябрда 2,5 миллион телефон кайра артка чакыртылган. Ага телефондун батареясынын катуу ысып, айрым учурларда күйүп кетүүсү себеп болгон.

Октябрь айында Самсунг бул үлгүдөгү телефондорду чыгарууну токтотконун жарыялаган. Компания быйыл февраль айында Барселонада боло турган Дүйнөлүк мобилдик конгрессте Galaxy S8 жаңы телефонун көргөзмөгө алып чыкмак. Бирок ал белгисиз мөөнөткө калганы айтылды.

XS
SM
MD
LG