Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Быйыл ажыларга виза алуунун тартиби бир топ машакаттуу болууда. Ошондой эле ажыларды учак менен Кыргызстандан түз Саударабстанга учуруу мүдөөсү дагы ишке ашпай калды.

Ажыга барчуларга Саударабстандан виза алуу машакаттуу болгонун Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын жетекчиси, Кыргызстан мусулмандар муфтийинин орунбасары Мамбетасан-ажы Ибраев мындайча түшүндүрдү:

- Быйыл ажыга барчулардын паспортторунун бүт көчүрмөлөрүн интернет аркылуу Саударабстанга жөнөттүк. Алар эми визаны ошол жактан даярлап бизге алып келет да, чаптап берет паспортторго. Мурда алар визаны ушул жакка келгенден кийин жасашчу.

Ошондой эле быйыл ажыга барчулар толук жаңы үлгүдөгү паспорт менен камсыз болушту. Ажыга даярдык иштери эртерээк башталбаганда бир тобу паспорт алмаштырып үлгүрбөй калышмак экен дейт Мамбетасан-ажы Ибраев. Анткени ГАИРТтен акыркы паспорттор берилгенине аз эле күн болуптур. Ажыга жөнөчү мезгил болсо кыстап-жакындап келатат.

Ар бир облуска калктын санына жараша ажылык орундар алдынала бөлүнүп берилген. Бирок, айрым облустагы орундардын бир канчасы өз кардалдарын таппагандыктан кайра башка жактарга өткөрүлгөн. Маселен, Нарын облусунун казысы Таалайбек Жакыпов Нарынга оболу 50 ажылык орун бөлүнгөнүн, ажыга баруучулардын саны 20га гана чыгып, калган 30 орунду Бишкек шаарына өткөрүп бергенин айтат.

Кыргызстандан ажыга барчулардын көпчүлүгү быйыл Бишкектен же Оштон Йорданиянын Акаба шаарына учушат. Андан ары Саударабстанга – Мекеге автобус менен кетишет. Ал эми быйыл да ажы башчылык милдетти аткарып жаткан Эл аралык ислам кызматташтыгы борборунун жетекчиси Садыкжан-кары Камалиддин өзү топтогон ажыларды адегенде Иранга, андан ары Мединага учак менен алпарат. Садыкжан-кары Камалиддин ажыларды учак менен Кыргызстандан түз Саударабстанга учуруу мүдөөсү аткарылбай жатканына кападар:

- Кайсы бир өлкөгө чейин учак менен барып, андан ары Саударабстанга автобус менен кеткенде ажылар абдан эзилип-кыйналат. Кудай өзү сактасын, жол коопсуздугу да бар. Эки жыл мурда Дубайга Саударабстандан автобус менен келатканда биздин ажыларды кырсык чалбадыбы. Эң негизги кедерги, бизден - Кыргызстандан Саударабстанга түз учак каттамы жок экен. Кыргызстандын учактарын, учак компанияларын бүт кара тизмеге киргизишип, аларды европа мамлекеттерине, ошондой эле Саударабстанга учуп баргызышпайт экен алигиче.

Садыкжан-кары Камалиддин ошол эле кезде ажыларды Кыргызстандан түз Саударабстанга учурууну камсыздоого болорун да кыйытты. Анүчүн Кыргызстандын эмес, ошол европа, араб өлкөлөрүнүн учактарын чакыруу керектигин, быйыл эле Түркия, Иран тараптан биз алпарып келебиз деп шымаланып турушкандыгын, элчилерине чейин сөз беришкендигин, бирок, эмнегедир ал маселеге эч ким астейдил киришпей койгондугун кейиш менен белгиледи.

Кыргызстандык ажыларга виза берчү Саударабстандын консулу 10-ноябрда Бишкекке келүүсү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG