Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Жогорку Кеңеш кабыл алган дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзам эл аралык уюмдардын сынына кабылууда. Акыркы жолу мындай билдирүү менен Европа биримдиги чыгып, президентти бул мыйзамга кол койбоого чакырды. Мунун себеп жайын биз теология илимдеринин доктору Бакыт Мурзуибраимов менен бирге талдайбыз.

-Сиз эл аралык уюмдардын тынчcыздануусуна кандай карап жатасыз. Маселен алар бул мыйзам эл аралык мыйзамдарга каршы келет. Мыйзамды кайра кароого парламентке жиберүү керек, Кыргызстан демократиялык өлкө катары, эгер бул мыйзамга кол коюлса аброю кетип калат деген пикирди айтып атышат?

-Өзүңүздөр билесиздер, Кыргызстан демократиялык өлкө болгондон кийин дин тутуу, адам укугу, эркиндиктери бекитилген болчу. Мына ошонун айынан Европадан жана башка өлкөлөрдөн ар кандай диний концессиялар, же болбосо түрдүү агымдар, секталар дейбизби, Кыргызстанга келип ар кандай үгүт иштерин жүргүзө баштаган болчу. Мына андан бери 16 жылдын жүзү болуп отурат. Ошонун натыйжасында биз жогорудагыдай мыйзам кабыл алганга аргасыз болуп отурабыз. Себеби кыргыз элининин биримдиги, ынтымагы үчүн ушундай мыйзам керек болчу, бул учурдун да талабы болуп эсептелип атат.

Ал эми батыш өлкөлөрүнүн же Европа союзунун мындай мыйзамга тынчыздануусу мыйзам ченемдүү нерсе деп эсептейм. Себеби биздин өлкөгө келген ар кандай диний агымдар, же секталардын көпчүлүгү Европа өлкөлөрүнөн келип атат. Албетте алар тынчсызданып, ар кандай жолдор менен ушул мыйзамга кол койбоо үчүн же болбосо мыйзамды артка кайтаруу үчүн колдорунан келген аракетти жасап атат деп ойлойм. Биз ушул 15-16 жылдык тажрыйбабыздын натыйжасында ушундай нерсеге келип отурабыз.

-Демек бул кабыл алынган мыйзамга президент кол койсо деп ойлойт экенсиз?

-Албетте.

-Мыйзамда негизги өзгөрүү эле дин уюмдарын каттоо жана диний окуулардын сапатын арттыруу экен. Кыргыз саясатчылары эмне үчүн ушундай чечимге барышты, мисалы катталган уюмдарга кирген адамдардын санын 10 кишиден 200 кишиге чыгарды. Негизги максаты эмнеде?

-Анткени азыр Кыргызстанда диний кырдаал абдан оор болуп турат. Ар кандай диний концессиялар 5-10 кишинин башын бириктирип алып эле өзүнчө бир идеология түзүп, башка идеологиялар менен кагылышып, чыр-чатактар да чыгып атпайбы. Муну тигил же бул абалда көзөмөлгө алуу керек болчу, жөн эле ээн-эркин таштап койсо Кыргызстандын келечеги үчүн да кооптонууларды туудурушу мүмкүн.

Эми ушул мыйзамды кабыл алгандан кийин аркасынан элдин диний сабатын жоюу боюнча да маселе көтөрүлүп жатат. Албетте бул биз үчүн да керек нерсе. Анткени биз элдин диний сабатын жойбой туруп тигил, же бул мыйзам менен диндерди эч качан токтотуп, же кырдаалды жөнгө салууга мүмкүн эмес. Ошондуктан бул мыйзам менен кошо элдин диний сабатын жоюу дагы бул закон ченемдүу нерсе.

-Ушул мыйзамда жоболор чынында эле буга чейин орун-очок алып калган уюмдардын жабык иштешине алып барбайбы? Ошол эле уюмдар жана азчылыкты түзгөн диний уюмдар айтып атат, бул тереңге кетет, жабык болуп калат деп.

-Жабык болуп калат, же коңулга кирип кетет деп чуу кылып, же болбосо коркутуу-үркүтүү дейбизби, ушундай нерселерди көрсөтүп атышат. Бирок мен ойлойм, кандай болгон чакта дагы элдин эркиндиги жана биримдиги үчүн мындай мыйзам керек.

-Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG