Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:19

Ноокат тополоңу: “Каардуу өкүмдү” облсот карап жатат


Ноокатта тополоң салгандыгы үчүн 27-ноябрда болгон райондук сотто 32 адам айыптуу деп таанылган.

Ноокатта тополоң салгандыгы үчүн 27-ноябрда болгон райондук сотто 32 адам айыптуу деп таанылган.

Ош облустук соту былтыр Орозо Айтта Ноокат райакимчилигин ташбараңга алган деп айыпталып жаткандардын аппеляциялык арызын кароону баштады.

Ноокат райондук соту 2008-жылдын 27-ноябрында тергөө абагында жаткан 32 жаран “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик партиясынын мүчөсү катары массалык башаламандыкты уюштурган, Конституциялык түзүмгө коркунуч туудуруп, төңкөрүш жасоого аракеттенген, жаш өспүрүмдөрдү кылмышка аралаштырган, мамлекеттик мүлктү талкалаган жана бийлик өкүлдөрүнө кол салган деп таап, айыптоочулардын алдын – 20, артын - 9 жыл эркинен ажыраткан. Соттолуучулар мындай каардуу өкүмгө макул эместигин билдиришкен.

Облустук соттун алдына эл демейдегиден көп чогулду. Имаратты туш-тарабынан курчаган милиция кызматкерлери топтолгон 150 чакты кишини ары-бери сүрүп, айрымдарын ичкериге тизменин негизинде киргизип жатышты.

Бирок Ош облустук сотунун жетекчиси Каныбек Бөкөев төрагалык кылган жараянга эркин массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жолотулган жок. Мунун себебин облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Биз болгону көрсөтмөнү аткарабыз да. Бул жерде киргизүүнү, тартип баарына милиция жооп берет. Сот өтүүчү зал өтө тар. Ошондуктан көбүнчө соттолгондордун туугандарын, жактоочуларын киргизип, журналисттерге 5 орун берди, ЭЛТР, КТР, 5-каналдын гана журналисттери кире турган болду орун жетишпегендиктен.

Мындай бир беткей чечимге нааразыланган он чакты журналист Каныбек Бөкөевдин наамына өтүнүч кат жолдошту эле, тилекке каршы, аны төрагалык кылуучу канааттандырган жок. А түгүл ичкериге эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын башчыларынын да кирүүсүнө тыюу салынды.

Соттолуучулардын коомдук коргоочусу Равшан Гапиров сырттан турган жеринен кепке тарттык.

- Эркин прессаларды да киргизбегендиктин, мени - жактоочуну киргизбегендиктин себеби бул жерде болуп аткан мыйзамсыз геноцидди эл билбесин дегендик. Максат ошол,-деди Равшан Гапиров.

Р. Гапиров облустук сотту эртелетүүгө президент Курманбек Бакиев, коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров жашырын буюртма беришкендиги туурасында маалымат бардыгын, чын-бышыгын кийин жарыя кылаарын кошумчалады.

16 жылга кесилген мугалим Алмазбек Асановдун бир тууган иниси Жоомарт көптөгөн жердештериндей эле облустук соттон калыстыкты талап кылды:

- Ноокаттагы окуяда ал өзү башка айылда тойдо болгон. Эч кандай катышкан жок. Жалган жерден жалаа жапканы үчүн мен бийликке дагы, баардыгына нааразымын. Соттон чындыкты талап кылабыз.

Оштогу «Адам укугу жана демократия» борборунун директору Идирис Кубатбеков Ноокат райондук сотунун өкүмү анчалык деле каардуу эместигин билдирди:

- Кыргыз Республикасында жүргөн башка өлкөнүн жараны болобу, Кыргызстандын жараны болобу алар Конституцияны сактап жашоого тийиш. Эгерде ал мыйзамдарды сактабаса, же Конституциянын чегинен тышкары иш аракеттерди жасаса албетте буга атайын жаза чаралар көрүлүш керек. Бул мындайча айтканда биздин демокартиялык коомго, укуктук мамлекетке терс таасирин тийгизет.

Ал эми соттолуучулардын бир нечесинин жактоочусу Нурдин Чыдыев байкашынча, кылмыш иши бир тараптуу жана шашылыш тергелген. Болбосо, Ноокаттагы окуяны мынчалык ырбатпай, уруксатсыз митинг катары бааласа акылга сыймак:

- Эң оор статьялардын бардыгы буларга коюлуп атат. Ички иштер кызматкерлеринин көпчүлүгү айтып кетти несанкционированный митинг деп. Мен ушуга кошулат элем. Мындай митинге катышкандыгы үчүн квалификацияланып административдик штраф менен кутулуш керек.

Ош облустук прокуратурасынан маалымдашкандай, мамлекеттик айыптоочулар Ноокат тополоңуна катышкан 32 жаранга райондук сот чыгарган өкүмдү күчүндө калтырууну талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG