Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:35

Чет элдик христиандар сыйынган “Слова Бога” чиркөөсү менен Дин иштери боюнча комиссиянын ортосундагы тиреш күч алууда.

Эгемендүү Кыргызстандагы жаңылануу, өзгөрүүлөрдүн алдыңкы сабында дин эркиндигин белгилөөгө болот. Эми кыргызстандыктар өлкөдө мурдатан салттык болуп саналган ислам, христиан дининен башка четтен келген диний уюмдар, адамдар аркылуу таратылып жаткан түрдүү багыттагы агымдарга эркин кирип, каалаган ишенимин тута алышат.

“Азаттык” үналгысынын башкы кеңсесине интернет аркылуу келген катта - Ош шаарындагы чет элдик жарандар сыйынган “Слова Бога” (“Кудайдын Сөзү”) деген чиркөө менен кыргыз бийлигинин ортосундагы талаштуу курч маселе тууралуу маалымдалып, демократиялык баалуулуктарды туу туткан Кыргызстанда чет элдик айрым христиандар үчүн кысым болуп жатканы баяндалат.

20-ноябрда Ош шаарында элүүгө чукул чет элдик жаран чиркөөгө кезектеги сыйынууга чогулган. Кудайга сыйынуу жөрөлгөсү башталган маалда Дин иштери боюнча комиссиянын өкүлү эч эскертүүсүз чиркөөгө кирип келип, сыйынгандардын арткы катарынан орун алган. Сыйынуучулардын көбү корей улутундагылар болгондуктан кыргыз бийлигинин өкүлү байкалбай да калган. Бирок көп өтпөй эле сыйынуу жөрөлгөсү токтоп, чакырылбаган коноктун ким экендиги тактала баштайт. Аны сыртка сүйлөшүүгө чакырышканда, Дин иштери боюнча комиссиянын өкүлү сыйынуу аяктаганга чейин алар менен бирге отураарын билдирип, атайын жайдан чыгуудан баш тарткан.

Окуя андан ары Дин иштери боюнча комиссиянын Ош аймактык бөлүмүндө улантылып, ага чиркөөдө сыйынуу өткөргөн эки чет элдик жаран, чиркөө башчысы Дмитрий Мусатов чакырылат. Мындай маалыматты “Азаттыктын” электрондук дарегине америкалык Майкл Биед (Michael Beard) аттуу адам билдирген.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча комиссиясынын директорунун орун басары Канат Мирзахалилов бул окуя тууралуу “Азаттыкка” мындай маалымдады:

“Слова Бога” деген чиркөө, анын жетекчиси Дмитрий Мусатов деген Кыргызстандын жараны бир канча жолу мыйзам бузган. Элүүдөн ашык чет өлкөлүк жарандар сыйынбай эле ар түрлүү диний семинарларды өткөрүшкөн. Биздин кызматкерлер мониторинг-анализ кылышканда, дин ишмердүүлүгүн жүргүзгөн убакта булардын мыйзам бузган иштери катталды. Бүгүнкү күндө “Слова Бога” чиркөөсүнө расмий түрдө эскертүү бердик.

Дин агенттигинин өкүлү чиркөөдөн өзбек тилиндеги Инжил китебин, сыйынуу жөрөлгөсү тартылган балдар үчүн ДиВиДи жана кыргызча СиДини өзү менен кошо ала кеткен. Расмий бийлик өкүлү чиркөө жетекчиси Дмитрий Мусатовго чиркөөдөгү бардык материалдар атайын тескөөдөн өтүп, тараткан уюмдардын мөөрү көрсөтүлүшү керектигин түшүндүргөн.

Майкл Биед өз катында ошол күнү чиркөөдө сыйынуунун жетектеген эки чет элдик жаранды Кыргызстандан чыгаруу аракеттери көрүлүп жатканын, дүйшөмбү күнү экөө тең өз паспортторун Дин иштери боюнча комиссиянын Оштогу кеңсесине алып келип берүүгө тийиш деп милдеттендирилгенин жазат. Ал ошондой эле эки чет элдик жаран чиркөөдө ошол күнү келгендер үчүн жөн гана сыйынуу жөрөлгөсүн жетектеп, эч кандай диний үгүт иштерин жүргүзүлбөгөндүгүн маалымдайт.

Дин иштери боюнча комиссиянын директорунун орун басары Канат Мирзахалилов болсо буга мындай жообун айтты:

- Чиркөөдө өз динин таркатып миссионерлик менен алектенгендер биздин комиссиядан расмий түрдө эсептик аттоодон өтсө мындай проблема болбойт. Булар өз иштерин жашыруун түрдө жүргүзгөн, билесизби?..

Азырынча аты аталбаган эки жаранга Кыргызстанга калууга үч айлык мөөнөт берилген, ошондой эле бул убакта чиркөөнүн иши мыйзам чегинде жүргүзүлүп, дин иштери боюнча комиссиянын берген эскертүүлөрүнөн туура жыйынтык чыгарылышы талап кылынат. Андай болбосо, мыйзам бузуучулар өлкөдөн чыгарылып, “Слова Бога” чиркөөсү жабылышы да мүмкүн.

Кыргызстанда келген чет элдик диний миссионерлер өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн атайын расмий каттоодон өтүп, күбөлүк алуусу талап кылынат. Тилекке каршы, туристтик же ишкердик виза менен келип, каттоодон өтпөй туруп эле, дииний ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан чет элдик дин кызматкерлери да кездешет.

Эгемендиктин 18 жыл ичинде Кыргызстанда жаңы христиан-кыргыздарынын катмары пайда болгонун, анын натыйжасында түпкү калктын ичинде конфессиялар аралык тирешүү, айрым учурларда ачык жаңжалдар пайда болгонун адистер тастыкташат. Мындай окуялардын орчундуулары катары 2002-жылдагы мусулмандар башкармалыгы менен кыргыз баптисттердин кагылышуусун, Нарындагы жергиликтүү калк менен баптисттердин тирешүүсүн, Кара-Кулжадагы пртоестанттар менен бийликтин кармашын санаса болот. Ал эми канча кыргыздын уул-кызы белгисиз бир диний агымга кирип, акыры дайынсыз жоголгону тууралуу гезит беттеринен окуп калабыз.

Дин иштери боюнча комиссиянын маалыматы боюнча, Кыргызстанда отуздан ашуун түрлүү диний агымдар, алардын эки миңден ашуун ар кандай сыйынуу, окутуу жайлары бар. Көз карандысыз адистердин айтуусунда, өлкөдөгү диний секталар менен агымдардын санын эч ким азырынча так билбейт. Сатанисттер, Белая Церковь, кришнаиттер, Мундун чиркөөсү, Фалунгун өкүлдөрү менен катар эле жашыруун түрдө Хизб-ут Тахрир, Өзбекстандын Ислам кыймылы, Акромия сыяктуу экстремисстик делген багыттагы уюмдар да өз ишмердигин жүргүзүп келет.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG