Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Христиан динин кабылдаган кыргыздар Ыйсанын туулган күнүн кандай белгилешет?


Бүгүн дүйнөдөгү православ христиандары Ыйсанын туулган күнү белгилешүүдө. Буга байланыштуу биз өзүн Теңир жыйынын башчысы деп атаган Кайырбек Mаныбаевди сөзгө тарттык.

- Алгач майрамыңыз менен куттуктайм, бирок биз билгенден Ыйсанын туулган күнүн сиздер 25-декабрда майрамдадыңыздар, бул григориан жана юлиан календарынын айырмачылыгы менен гана ушундай болуп айырмаланабы, же дагы башка өзгөчүлүктөр барбы?

-Жок, бир гана ушул календардын себебинен

- Бүгүнкү күндө православдык христиандар өткөрүүчү иш чаралар сиздерде да өткөрүлдү беле?

- Бизде андай жок, православдар өзүнчө, бизде башкача болот.

- Сиздерде кандай майрамдалат?

- Бизде майрамдалганда Ыйсанын төрөлүшү, “Жакшы кабардын” мааниси кандай болгондугу жөнүндө түшүндүрүүлөр болуп, андан кийин оюн-зоок, спектакльдер болот.

- Шам жагып, чиркөөлөргө барып кудайга жалынуу иштери болбойбу?

- Шам жагуу, жанагы крест дегендер бизде такыр жок.

- Мурдараак кыргыздардын арасынан Ыйсаны теңир туткандарга катуу сын пикирлер айтылчу эле, азыр бул жаатта абал кандай?

- Азыр эми мамлекет тарабынан андай иштер жок. Бирок андайларга туугандары, достору, жумуштан кесиптештери, окууда болсо мугалимдер, студенттер тарабынан баары бир билинбеген кысым бар.

- Туугандары тарабынан кандай кысым болушу мүмкүн?

- Кээ бир катуу кеткендери “менин сендей кызым жок, же сендей уулум жок”, “сен ошол Ыйсаны же мени танда деген чоң шарттарды коюшат.

- Биз билгенден католик христиандар, же болбосо сиздер мүчө болуп аткан христиандар да бир нече агымга бөлүнөт. Мисалы Кыргызстандын өзүндө эле баптисттер, харизматтар анан сиз айткан теңир жыйынына киргендер... Булардын ортосунда кандай айырмачылыктар бар?

- Ортодо кичине эле айырма бар. Бирок ал эң маанилүү эмес да, мисалы үчүн баптисттер жоолук салынып, юбка кийишет. Бизде буга маани берилбейт, сөзсүз түрдө эле жоолук салынып, юбкачан жүрбөш керек дегендей да...

- Бирок ошол эле учурда баптисттер сиздердин жыйынга киргендерди “Теңирдин жолунан адашып жүрүшөт”, - деп айтышат, баары бир ошол учурда бири-бириңиздерди сындап турасыздар да?

- Мурун ушундай болчу, мисалы мен баптист жыйынында болчумун, биз ойлочубуз баарынан туура баптисттер деп. Анан азыр болсо эң маанилүүсү башкада деп ойлйом. Маселен, сүрөттү мисалга алсак, сүрөт маанилүү да анын алкагы маанилүү эмес, биздин айырмачылыгыбыз ошол алкакта. Жалгыз бир кудай экенин, бир эле кудайдын сөзү экенин, куткаруучу Ыйса экенин баары бирдей кабыл алышат. Ал жагынан эч айырмачылыгы жок.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG