Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Туруктуу өнүгүү Улуттук кеңеши жакында жыйынга чогулат


Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин алдыда боло турган отурумуна кылдат даярданууну тапшырды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын февралдын соңунда же марттын башында өтөт.

Бүгүн Атамбаев Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовду кабыл алып, ушул маселени сүйлөштү.

Отурумда өлкөнү өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын алдын-ала жыйынтыктары жана алдыдагы пландары талкууланат.

Төрт жылдай мурун президенттин жеке демилгеси менен 2013-2017-жылдар аралыгына белгиленген улуттук стратегия кабыл алынган. Алмазбек Атамбаев 2040-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүү боюнча стратегия жазарын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG