Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Румынияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Румыния.
Румыния.

Румынияда бүгүн өтүп жаткан парламенттик шайлоого 11 партия жана кыймылдар катышууда. Негизги атаандаштар - өткөн шайлоодо жеңишке жеткен Социал-демократтар жана Улуттук-либерал партиялар экени айтылып жатат.

Социал-демократтар консервативдик көз караштагылар арасында популярдуу саналган улуттук баалуулуктарды алга сүрөө, Улуттук-либералдар Румыния менен Молдованы бириктирүү сунушу менен чыгууда.

Бул өлкөдө парламент төрт жылга шайланат.

Учурда Румынияны 2015-жылы премьер-министр Виктор Понта отставкага кеткенден кийин түзүлгөн партиясыз техникалык өкмөт башкарууда. Былтыр Бухаресттеги түнкү клубда 64 кишинин өмүрүн алган өрттөн кийин чыккан жапырт нааразылыктан соң өкмөт кызматтан кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG