Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Хизбутчу атыккандардын алды 20 жылга кесилди


Орозо Айтта Ноокат райакимчилигин ташбараңга алууга катышкан 32 жарандын алдын сот 20 жылга, артын 9 жылга эркинен ажыратты.

Төрагалык кылуучу Ноокат райондук сотунун судьясы Бакыт Сарыбаев угузган өкүм боюнча айыпкерлердин бирөө – 9, дагы бирөө – 15, үчөө – 18, төртөө – 16, алтоо – 19, жетөө – 17, ону – 20 жылга эркинен ажыратылды. Бардыгы күчөтүлгөн тартиптеги абактарда кармалаарын жарыяланды.

Сот аларды “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик партиясынын мүчөсү катары массалык тополоң чыгарып, Конституциялык түзүлүшкө коркунуч туудургануп, төңкөрүш жасоого аракеттенгендиги үчүн жана жаш өспүрүмдөрдү кылмышка аралаштыргандыгы, мамлекеттик мүлктү талкалап, бийлик өкүлдөрүнө кол салгандыгы үчүн айыптуу деп тапты.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациянын пайдасына 319992 сом, Ош облустук ички иштер башкармалыгына 201 миң сом, жабыркоочу Мамашевге 14600 сом бардык соттолуучулардан эсебинен өндүрүлө турган болду. Өкүм угузулуп бүткөндө айыпкерлердин баары келме келтиришти. Залдагы энелер шолоктоп ыйлашса, соттолгондордун биринин атасы Өкмөттүн буюртмасы боюнча 30 эркек, эки аял бейкүнөө камалгандыгын, акыры жакшылык менен бүтпөстүгүн жар салды:


-Бул өкмөттүн заказы, карап тургула эми башкача болот.

Жактоочу Каныбек Сарыбашев мамлекеттик айыптоочулардын талабын четке кагып, Кылмыш-Жаза Кодексинин 8 беренеси боюнча тагылган күнөөлөрдүн бири дагы ырасталбагандыктан, 32 жаран тең толук акталууга жатат деп эсептейт:

-Колдогондор айтып кетти алдына 25 жыл, аркасына 10 жыл деп. Угузган статья боюнча төбө чачым тик турат, булардын кылган ишинде эч нерсе жок десек болот.


Жактоочулардын бири Зуура Абдырахманованын баамында, сот убагында көрсөтүлгөн видео тасма тастыктагандай, Орозо Айтты борбордук аянтта өткөрүүгө уруксат бербегендиги үчүн Ноокат районунун акимин барымтага алып, дегеле төңкөрүш жасоого аракет болбоптур, а түгүл темир тордогулардын бири дагы “Хизб-ут-Тахрир” партиясына мүчө эместиги билинип турат:

-Өзү качып кириптир, заложниктер болгон жок экен. Бардыгы эле “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөлөрү эмес. Видеотасмада эки адам элдин алдында сүйлөп аткан экен, бирок решеткада ал адамдар жок.

Дагы бир жактоочу Нурдин Чыдыевдин байкашынча, кылмыш иши бир тараптуу жана шашылыш тергелген. Болбосо, Ноокаттагы окуяны мынчалык ырбатпай, уруксатсыз митинг катары баалап, анын катышуучуларын административдик айыпка жыкканда мыйзамдуу болмок:

-Мен айтып коюшум керек, тергөө абдан бир тараптуу өткөн. Кылмыш-Жаза Кодексиндеги эң оор статьялардын бардыгы буларга коюлуп атат. Ички иштер кызматкерлеринин айрымдары айтып кетти, улуксат берилбеген митинг деп. Мен ушуга кошулат элем. Булар мыйзамсыз митингге катышканы үчүн квалификацияланып, административдик штраф менен кутулуш керек.

XS
SM
MD
LG