Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:26

Сабыр Иптаров: Кыргыздар диний караңгылыктан чыга элек


Ноокат тополоңу боюнча соттолгон адамдардын баарын мамлекет хизбутчулар деп тааныган
Ноокат тополоңу боюнча соттолгон адамдардын баарын мамлекет хизбутчулар деп тааныган

АКШнын мамлекеттик департаменти жакында тараткан отчетунда Кыргызстанда «Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөлөрү 5 миңден 15 миңге чейин өсүп, мурда негизинен өлкөнүн түштүк аймагына мүнөздүү болуп келсе, азыр түндүк жакта да таасири күчөй баштады деп билдирди. Эмне себептен кыргыз элинин арасында радикалдуу диний уюмдардын таасири өсүп жатат? Кыргызстандагы көрүнүктүү педагог-талдоочу Сабыр Иптаров мына ушул суроолордун айланасында "Азаттык" менен көз карашын бөлүштү.

- Тарыхта дегеле динге салкын мамиледе болгон кыргыз улутуна радикалдуу деп саналган диний уюм “Хизб-ут Тахрирдин” таасиринин күчөшүнө кандай шарт-жагдайлар таасир этип жатат сиздин оюңузча?

- Менимче жагдайлар көп эле, социалдык десек да, экономикалык десек да болот. Башкысы, менимче динге карата биздин мамлекеттик бийлик, коом саясатын ачык так айкындабай атат. Мисалы, Конституциябызга биз динди мамлекеттен бөлүнгөн деп жазып алдык дагы, ал эми бардык мамлекеттик жетекчилер өзүлөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүндө болобу, жасаган иштеринде болобу динди тескерисинче мамлекеттин бир бутагы катары пайдаланып жүрүшөт.

Атайын диний агенттик түзүлгөн, ошол аркылуу атка минерлер сүйлөгөндө дагы "Жараткан өзү жалгасын!", "Кудайым өзү колдосун!" деген сөздөрдү эркин айта берет. Бир сөз менен айтканда мамлекет динге мамилесин менимче айкын, так аныкташ керек. Себеби мамлекет кийлигишпеген эч нерсе болбош керек.

- Бул жерде дагы бир маселе, ислам өлкөсүн орнотууну максат кылган радикалдык уюм деп атпайбызбы. Булар каруусу бош катмарга көбүрөк таасир этүү аракетин жасап атышпайбы, кызыктырып жатышат, анын ичинде жаштарды көбүрөк тартканга аракет кылып жатышат. Ушул өңүттө кандай иш чараларды өткөрүш керек, же сөзсүз түрдө эле союл менен токтотуу керекпи?


- Жок. Күч же тыюу менен бул маселени токтотууга болбойт, себеби бул адамдын ички талабы. Бул - руханий, психологиялык маселе дагы. Ошон үчүн эң биринчи иретте дин өзү кандай мурас, мына ушуну айкын так аныкташ керек. Мамлекет анан максаттуу түрдө коомго, жаштарга, дегеле биздин жалпы коомчулукка диний сабат ачыш керек. Агартуу, билим маселеси жетишпей атат.

Бир кезде илим жетишпейт деп биз дүйнөнүн илимий сыпатын аныктап келсек, азыр анын диний сыпатын айкын так аныктап жеткирип окуткан бизде атайын билим программасы да жок. Анан ошондой караңгы адамды оңго-солго сүйрөп кетүү оңой да. Ошондуктан максаттуу, узак мөнөттүү мамлекеттик программа керек диний илим-билимдерди жайылтуу боюнча.

- Сиз дагы ушул өңүттө иштеп жүргөн ойчул адамдардын бирисиз. Кандайдыр бир иш чаралар өткөрүлөт деп күтүлүп жатканын күттүк эле. Сиздер тараптан кандай аракеттер болуп атат?

- Ооба, өткөндө биздин биздин агартуу министрлигинде дагы диний жолук салынуу маселеси көтөрүлүп кетип, ошого байланыштуу ошол маселени көтөргөн адамдар менен министрлик сүйлөшүп, бул маселени кененирээк кароо боюнча жолугушууларды өткөрүү пландаштырылды.

Андан башка дагы 13-июнда мамлекеттик бир топ кызмат адамдары, коомдук уюм, өкмөттүк эмес уюмдар менен чогулуп тегерек үстөл өткөрүү пландалып жатат. Буюрса, мамлекет буга кызыкдар мамиле жасай баштады.

- Ошол жерде “Хизб-бут тахрир” сыяктуу уюмдардын маселеси көтөрүлөбү, барбы күн тартибинде?

- Менимче “Хизб-ут Тахрир” деп бир беткей айтыш дагы кичине кыйын. Себеби аны иликтеп, изилдеген киши жок болуп атпайбы. Бул эмне максат менен, кандайча биздин элибиз ушул жакка кирип атат дегендей. Биз азыр чет өлкөлүк уюм жүргүзгөн изилдөөнүн натыйжасында айтып атпайбызбы. Эмне үчүн муну чет өлкөлүк уюм жүргүзөт, өзүбүз жүргүзүшүбүз керек да. Ошон үчүн мунун так булагын, себептерин, негизин өзүбүз аныктап, анан ошол боюнча өзүбүз туура чараларды көрүшүбүз керек.

- Маегиңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG