Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада алтын медал алды


Казакстандын Алматы шаарында математика, информатика жана физика сабактарынан өткөн XIII Эл аралык Жаутыков олимпиадасында кыргызстандык Акбар Мадаминов алтын медалга жетишти. “Себат” билим берүү мекемеси тараткан кабарга ылайык, ал информатика сабагынан атаандаштарын артка калтырды. Акбар Мадаминов Оштогу “Сема” лицейинде 10-класста окуйт.

Андан тышкары Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Амангелди Жусубалиев экинчи, Караколдогу Кусейин Карасаев атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Арсен Касымов үчүнчү орунду ээлешти.

Караколдогу аталган лицейдин 10-классынын дагы бир окуучусу Дослан Жекшеев математикадан үчүнчү, “Талас Манас ата” лицейинин 11-классынын окуучусу Бегалы Чикетаев үчүнчү орунду алышты.

Физика сабагынан Кадамжайдагы “Семетей” лицейинин окуучусу Азамат Мырзабеков үчүнчү орунга татыктуу болду.

Жалпысынан Кыргызстандан 21 окуучу барды.

XIII Эл аралык Жаутыков олимпиадасы 2005-жылдан бери 13 мамлекеттин окуучуларынын арасында уюштурулат.

XS
SM
MD
LG