Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Жаңы мечитти курууга 12 миллион сом жыйналды


Кыргызстанда он миң кишиге эсептелген ири мечиттин курулушуна жер бөлүнүп, “ашар” жолу менен каражат жыйноо улантылууда. Бул иштин жүрүшү жөнүндө “Азаттыкка” Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жуманов айтып берди.

- Азирети муфтий жаңы мечитти куруу үчүн жер бөлүнгөнү кабарланды. Курулуш качан башталат?

- Биз Кудай буюрса Бишкек шаарыбызда жаңы борбордук мечит куруу аракетинде болуп атабыз. Жаңы жер ажыратылган. Ушул күндөрдө президентибиздин атайын жерге карата Жарлыгы чыкмакчы. Бишкек шаарынын мэри өзүнүн корутундусун берген. Тиешелүү документ иштери бүтүшү менен биз ойлоп атабыз апрелдин орто ченине жетип жетпей, жаңы мечитти куруу аракеттерибиз башталат.

-Кайсы каражаттын эсебинен курулат? Демөөрчүлөр чыгып жатабы?

- Каражат биринчиден 60 пайызы демөөрчүдөн келет, Араб Эмиратынан Кыргызстандагы өкүлү Саит Байинин жардамы менен болмокчу. Калган 40 пайызы биздин кыргызстандыктардын эсебинен болмокчу. Өзүңүздөргө белгилүү, бүт кайрымдуулук иштерин уюштуруп, банктан атайын эсеп ачканбыз. Бүгүнкү күндө чогулткан акчаларыбыз 12 млн. сомго жеткен. Кудай буюрса эми биз дагы чет өлкөлөрдөн, өзүбүздүн ишкер демөөрчүлөрдөн каражат топтоону токтотпойбуз. Эл-журт, мамлекетибиз бар, Кудай буюрса чоң ишеничте турабыз мечит курууга каражат топтолот деп.

-Март айынын соңунда мечиттин курулушу үчүн марафон өткөрүлдү эле анда канча каражат топтолду?

- Марафон күнүнүн өзүндө 4 млн. 615 миң 346 сом чогултулду. Андан сырткары жер-жерлердеги мечиттерде, жума намаздарда, жеке ишкерлердин, инсандардын банкка которуу жолу менен берип аткан каражаттардын эсеби менен жалпысы 12 млн. сомго жетти.

- Жаңы мечит канча кишиге эсептелген?

- Биз азыр ниет кылып атабыз, бир эле учурда 10 миң киши жаан-чачында кургак жайга окуганга ыңгайлаштыралы деп атабыз. Анан айт намаз күндөрүндө, албетте, аянты менен 25-30 миң кишиге ылайыктуу болот деген чоң үмүттө турабыз.

-Азирети муфтий, азыркы мезгилде дааватчылардын ишин тартипке салуу кандай ишке ашып жатат?

Биз 7-апрелде уламалар кеңешинин жыйынын өткөрдүк, ушул жерде дагы даабат маселеси козголду. Даабат маселесине 10-февраль 2009-жылы атайын жаңы жобо кабыл алганбыз, бул жобонун үстүндө бүгүн иштеп атабыз. Кудай буюрса ушул жобону биз аткара алсак, даабат маселеси көп эле деңгээлде тартипке түшөт жана түшүп аткандыгына бүгүн анча-мынча далилдер пайда боло баштады.

-Ноокат окуясы, анын катышуучуларын катаал жазалоо “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөлөрүнө кандай таасир этти. Алар абдан жашыруун мүнөзгө өтүштүбү, же сабак алыштыбы?

- Дин кызматкери катары сабак болду го деген үмүттө турабыз. Себеби ошондой окуя ар кандай инсанга, бир эле “Хизб-ут Тахрир” мүчөлөрүнө” эмес, динге багытталып жүргөн инсандардын жана мыйзамга карама-каршы келген, элдин коопсуздугуна коркунуч келтире турганга ниет кылып аткан адамдардын баардыгына сабак болду го деп ойлойм.

-Медреселерде окутуу, ал жерге мектепке барбай, ошол жерге барган балдарды дагы тартипке салуу жагы каралып жаткан эле, медреселердин окутуу тартиби да каралып жатабы азыр?

- Азыркы күндө атайын мыйзам каралып атат. Бирок биздин өзүбүздө шариат мыйзам боюнча эгер окуп аткан бала башка бир нерсеге тоскоолдук кылбай турган, өз каалоосу менен, ата-энесинин каалоосу менен келип медреседе окуса, мындан бир гана жакшылыкты күтүш керек.

Экинчи маселе, бизде мыйзамга байланыштуу орто мектепти бүтсүн деген демилгени биз да өтө бийик көтөрүп атабыз, элге жеткирип атабыз, орто мектепти бүтүш зарыл. Эгер мектепти таштап салып атайын медреселерге качып кетип, же ошого үндөөлөр болсо бул маселени биз туура эмес деп эсептеп атабыз.

Себеби мектеп учурунда мектептин сабагын окусун, мектептен сырткаркы учурда ата-энесинин, же өзүнүн каалоосу менен медресеге, же мечиттерге барып дин сабактарын, ыйман жолун үйрөнгөнгөнүнөн эч кандай жаманчылык күтпөш керек. Бул жакшылыктын гана жышааны.

-Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG