Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Өз бетинче ажыга алпарам дегендерге жол жок


Азирети муфтий Мураталы Жуманов Орозо айынын башталышы жана өзгөчөлүгү, ажылыкты уюштуруу маселеси жөнүндө “Азаттыкка” маек курду.

-Азирети муфтий, алгач быйылкы жылы Рамазан айынын өзгөчүлүгү жана анын башталышы тууралуу айта кетсеңиз?

Урматтуу мусулмандар. Мына көпчүлүгүңүздөргө белгилүү, кудай буюрса эртең эмес, бүрсүгүнү 21-август Рамазан айынын биринчи күнү болуп белгиленди. Мен баардык мусулмандарды, кыргызстандыктарды ыйык рамазан айы менен куттуктайм. Бул ай кайрымдуулуктун, берекенин, тынчтыктын, боорукерликтин айы. Аллах таала орозо кармоону парз кылган, Исламдагы беш парздын бири, мүмкүнчүлүгү, шарты жок, чектелген, шариат жеңилдик берген инсандардан сырткары адамдарга кайдыгер болбостон орозо кармоого чакырам. Бул айда урушуп, жаңжалдашканды шариат жакшы көрбөйт, тескерисинче жарашып, бири-бирибизге жакшы мамиледе болууну шариат буюрган. Рамазан айы кудай буюрса жакшы өтөт, диний башкарма тараптан даярдык көрүп атабыз. Баардык момун мусулмандарга бул рамазан айында тилеген максаттары орундалсын деп тилейм.

-Рамазан айынан кийин ажылык сапар башталат. Быйылкы жылы ажылыкты уюштурууда өзгөрүүлөр барбы? Анткени өткөн жылы алдамчыларга тушугуп, ажылык максатына жетпей калгандар да болду?

- Рамазан айынан кийин чындыгында исламдагы беш парздын бири ажылык сапары башталган турат. Күчү жеткен, кадыр-баркы болгон адамдын ажыга баруусу шартталган. Быйыл да 2400 АКШ доллары, бир жарым миң сом менен ажыга баруунун баасын биз атайын чыгарганбыз. Кыргызстан боюнча 4 жарым миң орун берилген, ушул 4 жарым миң орунга биз 48 кишини республика боюнча ажы башчысы деп тандап колдоруна уруксат баракчасын бергенбиз. Ошол 4 жарым миң квотаны 48 кишиге бөлүштүрүп бердик облустук казиаттар, штабдар аркылуу.

Атайын республикалык штаб жана облустарда облустук штабдар түзүлгөн. Мен ажыга барчуларга кайрылат элем сиздердин үналгы аркылуу, колунда расмий кагазы жок, документи жок, ажы башчы деп шайланбаган өз башынча ажыга алып барам дегендерге эч кандай жол жок, аларга тыюу салышыбыз керек. Ошондой эле ажыга баруучу адамдар кимге документин, акчасын берүүдөн мурун жети өлчөп бир кес” дегендей райондук баш имам-хатибдерден, облустук казиаттан сурап, анан кийин расмий колундагы уруксат баракчасы бар адамдарга документиңиздерди бериңиздер, биз ошолордун жоопкерчилигин мойнубузга алабыз.

Экинчиси, өзгөчөлүгү ким кайсы облуста жашаса ошол облустан шайланган гана ажы башчы менен гана барат деген өзгөрүүнү киргизгенбиз. Үчүнчүсү, азыр жатак жайлары маселеси чечилген, азыр учакты түз учурууну быйыл камсыздоого өкмөт, тиешелүү мамлекеттик органдар жардамдашып атат. Бул маселе да кудай буюрса ишке ашат, эң негизгиси ошол документти жыйноодо ар кимге алданып, ар ким эле алып барам десе, ошолорго кулак төшөп калганынан этият болушубуз керек.

-Чочко тумоосуна байланыштуу ажылыкка чектөөлөр киргизилип жатканы кабарланууда. Бизде кандай талаптар коюлуп жатат?


- Бизге дагы санитардык доктурлар жарыя кылышты, булар мүмкүнчүлүк болсо барбай койсо жакшы болот эле, сасык тумоодон сактануу үчүн деген сөздөрдү айтты. Бул эми алардын пикири, ою, алар да өздөрүнүн аракетин жасап аткан маселе.

Бирок бул ажылыкка эч кандай чектөө кое албайт бул маселе, кандай уюштурулуп атса, ошондой уюштурулат. Негизинен бизге Ажылык министрлигинен, Тышкы иштер министрлигинен атайын тапшырма- буйрук келди деп айтсак болот. Ушул сасык тумоону алдын алуу үчүн быйыл чечкиндүүрөөк кадам жасап, ар бир ажылыкка барам деген адамды эмдөөдөн, саламаттык сактоо тармагынан текшерүүдөн өткөрүп, ошолордун аныктамасы аркылуу жөнөтөбүз деген чоң аракетте турабыз.

-Азирети муфтий, маегиңизге рахмат.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG