Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:18

Муфтий Мураталы ажы Жуманов: “Динге да билимдүүлөр керек”


Мураталы ажы Жуманов

Мураталы ажы Жуманов

Ылайык (светтик) өлкөдө муфтийлер эркин иш жүргүзө алабы? Башка дин өкүлдөрүнө, интеллектуалдык исламга муфтийдин көз карашы кандай. "Азаттыктын" суроолоруна Кыргызстан Мусулмандар муфтийи Мураталы ажы Жуманов жооп берди.

- Азирети муфтий, сиз Кыргызстандагы мусулмандардын башында турасыз. Кыргызстан ылайык (светтик) өлкө. Сиздин ишиңизге бул жерде карама-каршылыктар канчалык деңгээлде сезилет?

Мураталы ажы Жуманов: Бисмиллахир рахманир рахим. Албетте биздин мамлекетибиз демократиялык, лайык (светтик) өлкө, ислам мамлекети эмес. Көп жыйындарда Кыргызстандын мусулманы, Кыргызстандын муфтийи, Кыргызстандын жараны болгонума өзүм бактылуумун деп сүйлөгөн сөздөрүм бар. Ал сөздү бүгүн да тастыктайм.

Албетте светтик мамлекетте айрым учурларда динге болгон көз карашта пикир келишпестиктер болуп калышы мүмкүн. Бирок биздин мамлекеттеги мен муфтий болуп иштеп жаткандагы кырдаал-учурда пикир келишпестиктер пайда болуп, андан бир жаңжал, көйгөй чыгып кеткен маселеге күбө боло элекпиз.

Ислам динине болгон саясат туура жүргүзүлүп жаткандыгына күбөбүз. Ошол эле учурда биз да диндин мамлекеттик саясатка карама-каршы келбей турган даражасында иш алып барууга толук аракеттенип, ошонун үстүндө иштеп атабыз. Бул – мамлекет менен диндин ортосунда түшүнүүчүлүк, бири-бирин сыйлоо менен иш жүргүзүлүп аткандыгынын далили.

- Ошол лайык (светтик) мамлекеттин жетекчилиги сиздин муфтий катары Кыргызстандагы жалпы мусулмандар дүйнөсүн толук тескей алаарыңызга ишенишеби?

Мураталы ажы Жуманов: Мен 2002-жылы уламалар кеңешинин макулдугу менен муфтийлик кызматка келгем. Мамлекет башчысы менен бир нече жолу жолугушууларды өткөрдүк, бүгүн сурансак – эртең кабыл алып аткан учурлары бар. Мен президенттин алдына канча жолу кирсем да бардыгында олжолуу чыктым деп айтсам негиз бар. Олжолуу дегенибиз, мусулмандарга тиешелүү орчундуу маселелерге оң жооп алып чыгып атабыз.

Президент "диндин ишин диний адамдар өздөрү аткарыш керек, эч ким кийлигишпеш керек" деп бир нече жолу айткан. Жеке мага карата терс маанайдагы көз караштан улам президентке чейин арызданган учурлар жок эмес. Ошондой учурларда да мага кысым жасабастан, тескерисинче, булардын өздөрүнүн уламалар кеңеши, уставы бар, маселелери өздөрүнүн ичинде чечилүүгө тийиш деген маанайды билдирип келатат.

Экинчи жагы, президенттин өзүнүн макулдугу менен мамлекеттик номур деп коёт го, унаама ошондой номур берген. Мыйзамга ылайык, Муфтият мамлекеттик эмес болуп эсептелебиз да. “Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи” деп президент өзү кол коюп, күбөлүк берген. Казыяттарга канча унааларды берди, мечитке жер бөлүп атат, дегеле ушулардын бардыгы биздин ишибизге ал жактын көз караштары оң экендигинин далили деп эсептейм.

- Албетте президентке күндө эле жолугууга, же болбосо жума сайын ал киши менен баарлашып турганга мүмкүнчүлүк боло бербейт. Ошол эле кезде өкмөт түзүмү, Президенттин катчылыгы, Жогорку Кеңеш менен да иштешесиз. Сиз "ошолор эмне дээр экен" деп, кандайдыр бир жасаган ишиңизден алардын пикирин билгенге кызыкдар болуп турасызбы?

Мураталы ажы Жуманов: Албетте, ишибиз ошол бийлик органдарына карама-каршы келип, жасаган иштерибизге бийлик бутактарынын айрым адамдары терс пикирде болуп калбас бекен деген санаа көкүрөктө болот. Муну эч качан жашырбаш керек.

Бирок ошол эле учурда биздин иштерибизге кысым жасоолор болсо, мен кандай гана жетекчи болбосун, өз учурунда сөзүнө жараша сөз айтып, көңүлү дебестен, мусулмандардын кызыкчылыгы үчүн кесе-кесе сүйлөгөн учурларым бар. Муну коомчулук жакшы билет. Иштин илгерилөөсү үчүн убагы келгенде бир-эки кадам артка таштап болсо да, жакшы мамиле кылып иштөөнүн үстүндө аракет кылып атабыз.

- Сиз муфтий катары аялдардын коомдогу ролу тууралуу Кыргызстандын жалпы мусулмандарына эмне пикир айтаар элеңиз?


Мураталы ажы Жуманов: Дайыма айтып келе жатам, аялдар – эң ыйык, эң назик, эң касиеттүү инсандар. Пайгамбарыбыз да дайыма өзүнүн осуятында аялдарга жакшылык кылгыла деп буйруп келген.

Айрым учурларда аялдарды өтө басынтып, укугун тебелеген учурлар жок эмес. Ошондой учурларды укканда, көргөндө, албетте менин зээним кейийт. Себеби аялсыз татыктуу турмуш болбойт, аялсыз үй-бүлө – үй-бүлө болбойт, коом – коом болбойт.

Динде да, биздин улутта да эң сыйлап урматтоо - бул аялдарга таандык. Коомчулукка айтаарым, кайрылаарым, биз аялзатын эгер чындыгында урматтап, сыйлап, алардын кадыр-баркын баалап жүргөн болсок эч качан кем болбойбуз.

- Көп үй-бүлөлөрдү бүгүнкү күндө аялдар камсыздап, багып аткан учур. Мына ушул 20 даража суукта базарларда дээрлик аялдар отурат. Жеке ушул нерсеге карата сиздин муфтийлик көз карашыңыз кандай?

Мураталы ажы Жуманов: Аялдардын башка өлкөлөрдө күң болуп, кыйналып иштеп жүргөн учурларын байкайм. Өзүнүн эле үйүндө ден соолугу жакшы эркеги бар, бирок аялдар акча таап, базарларда отурат. Аялдар ушунчалык кыйналбаганда жакшы болмок. Бирок замандын ыргагы ушундай экен.

Мамлекетибиздин өнүгүп-өсүп, жумуш менен элибиз камсыз болуп, ошондой даражага жетишти Кудайдан тилейм. Ошондой болсо аялдарыбыз балдарды багып, тарбиялап, тамак бышырып, үйдүн куту болуп турмак, ушуга жетебиз го деген ишеничтемин.

- Кыргызстанда мусулмандар башка диндердин өкүлдөрү менен кандай алакада болуш керек? Кандай насааттарды айтып жүрөсүз?

Мураталы ажы Жуманов: Ислам дини – бул тынчтыктын дини. Ислам динине эч убакта мажбурлап, зордоп, коркутуп, же дүйнөгө, акчага кызыктырып чакырган эмес. Кыргызстандагы башка диний конфессиялар менен мамилебиз жаман эмес. Айрыкча салттуу диндин өкүлдөрү менен мамилебиз жакшы.

Зээнибизди кейиткен – майда диний агымдар, Кыргызстандын жаратылышы менен таанышуу үчүн турист болуп келип, анан диний секта ача калып, мамлекеттик каттоодон өтөт да, өздөрүнүн жаман, терс максаттарын ишке ашырууну көздөшөт. Ошондой диний агымдар көбөйүп кетти. Албетте андайларга ойубуз түз эмес. Мен муну кесе эле айтышым керек. Биздин кыргызстандыктарды, айрыкча кыргыз улутундагы адамдардын башын айлантууда ошолордун чоң салымы бар.

- Сиз бул жерде кыргыздардан башка динге өткөндөрдү эске алып атасызбы?

Мураталы ажы Жуманов: Мен ошону назарга тутуп айтып атам. "Шибегени капка жашырып болбойт" деген сөз бар. Түпкүлүгүндө ошондой бир опурталдуу маселелер жок эмес. Алдын алып, аларга чек койуу, тартипке салуу маселелери азыртадан каралбаса, кийинчерээк кеч болуп калат. Диндердин ортосунда кандайдыр бир ыңгайсыздыктар жаралат.

- Сиз ислам дүйнөсүнө тиешелүү, дегеле дүйнөдө “экстремисттик”, “террорчул” деген аттарды өзүнө алып жүрүшкөн «ал-Каида», же “Өзбекстан ислам кыймылы” сыяктуу диний уюмдарга карата кандай көз караштасыз?

Мураталы ажы Жуманов: Аларга болгон менин көз карашым жакшы эмес, биринчиден. Экинчиден, ушул “ислам экстремисттери”, “ислам террористтери” дегендин өзү туура эмес. Ислам дини эч убакта мындайга тарбиялабайт. Ислам жакшылыкка, тынчтыкка тарбиялайт. Адамдын өлүмү менен коштолгон ишке эч качан ислам чакырган эмес.

Балким мусулман адамы адам өлтүрсө, уурулук кылса, жаман ишти жасаса, аны тез эле ислам дини ушундай жаман дин турбайбы дебестен, ошол мусулмандын атын айтып, баланча ууру, баланча жаман адам экен деп айткан туура болот. Биз ушул жерде көбүнчө жаңылышып атабыз.

Жалпылап исламды жамандай берсе, ислам коомчулугунун, мусулмандардын буга ачуусу келет. Эч качан ислам динине экстремисттик, террористтик деген ыплас, жаман сөздү аралаштырбаш керек. Ал эми кимдин эгер ушуга тийешеси болсо, мейли ал уюм болобу, партия болобу, Кудайдын алдында да, мыйзамдын алдында да жооп бериши керек.

- Борбор Азия өлкөлөрүндө муфтийлер мамлекеттик бийлик адамдары тарабынан жактырылып, анан муфтийликке коюлаары айтпаса да белгилүү. Дегеле бийлик тарабынан тандалып алынган муфтийлердин, демек, өзүңүздүн кесиптештериңиздин иштерине сиз жеке кандай баа берет элеңиз?

Мураталы ажы Жуманов: Борбордук Азиядагы муфтийлердин Түркмөнстандан сырткаркыларынын бардыгы менен мамилебиз бар, байланышып турабыз. Чет өлкөлөрдө жыйындар болсо, биз Борбордук Азиядан келгенбиз деп бир тараптуу пикирде болуп турабыз.

Экинчи жагы, ар бир мамлекет өз алдынча түтүн булатып, эгемендүү болуп ишин жүргүзүп аткандан кийин алардын жасап аткан ишине, же алардын өзүнүн мамлекеттик бийлиги менен болуп аткан мамилелерине кандайдыр бир сын-пикир айтуу же кийлигишүү – адамкерчилик мамиленин чегинен чыгып кеткендей болуп эсептелиши мүмкүн. Ошол себептен мен жалпылап айтаар элем, менин кесиптештерим, Борбордук Азиядагы муфтийлер жакшы иштерди жасап атышат, менин аларга болгон көз карашым жакшы.

Мындан 7-8 жыл мурда Орто Азияда муфтийлер бири-бири менен байланышпай калган, карым-катнаш такыр үзүлүп калган. Кийинки учурларда мен ошолордун демилгечисимин деп айтсам да бир аз негиз бар. Себеби мен жаш муфтий катары чогулуп калган жерлерде, же болбосо телефон аркылуу, айрыкча Курман айт, Орозо айт күндөрүн белгилөө учурунда "келиңиздер, бир чечимге келели, кошуна өлкөлөрдө орозо эки түрдүү болуп калса туура болбойт экен" деп суранып, аларга чыгып жүргөнүмдү жокко чыгарышпас.

- Бүгүнкү күндө ислам дүйнөсүндө “ислам”, анан “чыныгы ислам” деп да бөлүп карап жүрүшпөйбү. Мына ошол кесиптештериңиз чыныгы исламды таратып атышабы, дегеле Борбордук Азияда чыныгы ислам таралып атабы?

Мураталы ажы Жуманов: Албетте таратып атат деп бир сөз менен айта алам. Ага бир топ негиздер бар. Борбордук Азиядагы муфтийлердин, менин кесиптештеримдин чыныгы, таза, салттуу исламды жайылтууда эмгектери өтө зор.

- Дегеле Борбор Азия мамлекеттеринде мамлекеттик бийлик тараптан муфтийлерге тигини жасагыла, муну жасабагыла, тигиндей жолго баскыла, мындай нерсеге аралашпагыла деген конкреттүү көрсөтмөлөр көбүрөөк болуп турабы?

Мураталы ажы Жуманов: Тигил мамлекетте туура эмес, же бул өлкөдө туура деп баа бергеним мага туура келбейт. Кыргызстан жөнүндө маселе болсо мен ачык, так айта алам. Кыргызстанда бийлик тараптан көргөзмө, басым жок деп айтканга негиз бар.

- Сиз бул жерде муфтий менен Кыргызстандын мамлекеттик, өкмөттүк бийлигин эске алып атасыз. Ошол эле кезде казылар менен облустук бийликтерди, имамдар менен акимдерди да көңүлгө тутушуңуз керек эле?

Мураталы ажы Жуманов: Бардык маселе ошол жогорку башкаруу органдарына байланыштуу болот. Мисалы, Кыргызстандагы облус, район, кала берсе бир айылда карама-каршылык болсо, мисалы, айыл өкмөт башчысы менен биздин имамдын ортосунда келишпестик, чатак маселе болсо, ошол күнү бизге бул кабар жетет. Ошондуктан мындай маселелер бүгүн бизде жок деп айтканга, Кудайга шүгүр, негиз бар.

Жалпы саясат эмес, жергиликтүү бийликтер менен биздин имамдардын ортосундагы түшүнбөстүктөн улам майда-чүйдө карама-каршылыктар боло берет, болуп келген. Ал эми жалпы саясатта ислам дин кызматкерлерине басым жасоо, кандайдыр бир деңгээлде өнүгүп-өрчүп жаткандыгын токтотуу, же буларды чөгөлөтүү, ушуга окшогон маселелер жок азыр.

- Бүгүнкү күндө интеллектуалдык ислам деген түшүнүк абдан чоң мааниге ээ болуп келатат. Дегеле Кыргызстанда исламга берилгендер, алардын ичинде жаштар абдан көп. Орозо айт, Курман айттарда намазга жыгылгандар, алардын ичинде жаштар абдан көп. Эми ошол интеллектуалдык билим көрөңгөсү, ой өрүш мүмкүнчүлүгү бар адамдардын исламга көбүрөк келүүсү бүгүнкү күндө зарыл деп эсептейсизби? Жаш, аны-муну аңдабаган, билимсиз адамдардын көбүрөөк исламга келип алышы эртеңки күнү коркунуч туудурбайбы? Дегеле интеллектуалдык ислам жөнүндө кандай ойлойсуз?

Мураталы ажы Жуманов: Бардык эле маселеде, анын ичинде исламга байланышкан иштерде да билим менен көп нерсе ийгиликтүү ишке ашат. Ошол себептен Куранда да билүүчүлөр менен билбей тургандар барабар эмес деген аят бар. Демек билүүчүлөр – ошол сиз айтып аткан билимдүү адамдар. Мейли, ал ылайык (светтик) билими бар болсо да, окумуштуу болобу, өзүнүн илим-билимине таянып, аттуу-баштуу болуп калган адамдардын ичинен исламга жакындап, ислам буйруктарын дайыма аткарып, керек болсо исламды коргоо учурунда да өзүнүн ой-пикирлерин так-так айтып жаткандардын санынын көбөйгөндүгү, албетте, зарыл. Биздин кызыкчылыгыбыз да ушунда. Себеби илимдүү адам менен илимсиз адам эч качан тең болбойт, барабар болбойт.

Ошонун эле карама-каршысы – билимсиз, эч нерсени түшүнбөгөн адамдар көзү ачыла электе эле исламды кабыл алып, анан исламдын өзүн да туура ажырата албай, жанагыдай радикалдык, фундаменталдык, вахабисттик багытка, башка мансаптык багытка кетип аткандар жок эмес. Башка динге кетип аткандар жок эмес. Ошол себептен менин пикирим ачык: динде, исламда биринчи билимдүүлөрдүн келиши шарт.

Мектептин орто билимин алуу да зарыл. Мектепте жакшы окуган уул-кыздар биздин медреселерге, ислам окуу жайларына келсе да жакшы өздөштүрүп кетет. Албетте намаз окугандардын, орозо кармап аткандардын санынын көбөйүп аткандыгы – бул кубанычтуу окуя. Ошол эле учурда сапатынын өскөндүгүнө да көңүл бурушубуз зарыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG