Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Де Мистура: Хомстогу жардыруу тынчтык сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылуу аракети


Хомс шаары.
Хомс шаары.

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан Де Мистура жанкечтилердин Хомс шаарындагы жардырууларын Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жасоо аракети катары сыпаттады. Ал кол салуу сүйлөшүүлөргө таасир этпейт, деп билдирди

Ишембиде алты кишиден турган жанкечтилер тобу Улуттук коопсуздук жана Аскердик чалгындоо кызматтарынын Хомстогу имараттарынын алдында жардыруу уюштуруп, 40тан ашык киши мерт кеткен. Теракт үчүн жоопкерчиликти «Фронт ан-Нусра» тобу өзүнө алган.

Сириядагы адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү борбору жардыруудан кийин анда куралдуу кагылышуулар болуп, шаар борбору курчоого алынганын билдирди. Окуядан кийин Сирия армиясы көтөрүлүшчүлөрдүн Хомстогу позицияларына абадан сокку урду.

XS
SM
MD
LG