Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Эл аралык кризис тобу Кыргызстанда динге ишенген аялдар ар кандай радикалдык-диний агымдарга азгырылып жатканын жарыялады.

Бул маселе боюнча “Демократия жана жарандык коом” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунованы сөзгө тарттык.

- Эл аралык кризис тобунун маалыматында Кыргызстанда аялдарга мамлекет тарабынан тиешелүү деңгээлде маани берилбегени жана социалдык-экономикалык жактан көңүл бурулбагандыгы үчүн аялдар радикал-экстремисстик топторго кирип атышат деп айтылыптыр. Буга сиздин пикириңиз кандай?


- Аны кандай уюм изилдегенин мен бийлбейм. Бирок менимче, жакырчылыкта, жумушсуздукта жалгыз эле Кыргызстанда эмес, Борбор Азияда аялдар эле эмес элдин көбү диний топторго кирип атат. Ал топтордун канчасы экстремисттик экенин, кайсынысы кандай экенин далилдеп, чоң анализ жүргүзүш керек. Мен азыр айта албайм, бирок ошондой бар болуш керек деп ойлойм.

- Бул маалыматта өлкөдөгү тыюу салынган диний агымдардын бири “Хизб-ут Тахрир” уюмунда 8 миңден ашуун мүчөсү бар болсо, анын ичинен 800дөн 2 миңге чейинкиси аялдар экени айтылат. Ал эми аялдардын диний радикал агымдарга тартылышы мына ушундай агымдардын күч алышына гана алып келет. анткени келечекте ошол эле аялдардын балдары ошол агымдарга кирип кетиши толук мүмкүн деген да божомол бар.

- Биз эстесек, Орусияда чоң-чоң террактар болгондо жан кечти аялдар да чыккан. Көбүнчөсүнө көңүл бурбайбыз. Бирок аялдардын ролун диний катарында караштырышыбыз керек. Азыр экстремизмге каршы операцияларды жүргүзүп жатабыз деген менен бул боюнча кармалгандар жөнөкөй эле жарандар экенин да көрүп атабыз. Биз үч күн мурун дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиев менен Азиза Абдрасулова жана мен болуп жолуктук. Биз анда да ошол маселени талкууладык.

Чынында бизде мындай проблема болуп атат. Биз диний-экстремисттик “Хизб-ут тахрирдин” мүчөсү ким экенин, динге жыгылган жөнөкөй адам ким экенинин айырмасын билбейт экенбиз. Аны жалгыз эле муфтият эмес, чиновниктер, экстремизмге каршы күрөшүп аткан адамдар да билбейт экен. Ошон үчүн мен азыр айтып кетет элем, ошол “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөсү канча экенин биз абдан чебердеп айтышыбыз керек. Сөзсүз муну анализдеген жарандык коомдон эксперттерди чакырып, ошондой иликтөө жүргүзүш керек.

- Бул жерде мүмкүн Ноокат окуясы боюнча камакка алынгандарды эске алыш керектир. Алардын арасында да азыр эки аял абакта отурат эмеспи...

- Туура, аларды конституциялык түзүлүшкө каршы чыккан адам катары, экстремист катары отургузду. Биз алар менен канча сүйлөшсөк да бирөөсү мен “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөсүмүн деп айткан жок. Бир факт чыкты, “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөлөрү эч качан мен ал партияга мүчө эмесмин деп айтпайт экен, алар “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөсүмүн деп айтат экен, жашырбай эле. Бирок Ноокат окуясы боюнча камалган 32 адам менен биз канча жолу жолугуп сүйлөштүк. Бизге айтсаңар, тергөөдө корккондурсуңан, биз эч кимге айтпайбыз десек да “Жок, “Хизб-ут Тахрир” деген эмне экенин билбейбиз”, - дешти.

Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG