Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Орусиянын Жогорку Соту Ильдар Дадинди абактан бошотту


 Ильдар Дадинди бошотууну талап кылган адам.
Ильдар Дадинди бошотууну талап кылган адам.

Саясий активист Ильдар Дадин массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча мыйзам талаптарын бир нече жолу бузган деп табылып, 2015-жылы Москванын Басманный соту тарабынан үч жылга эркинен ажыратылган. Апелляциялык арыздануулардан кийин анын абак мөөнөтү алты айга кыскартылып, 2,5 жыл деп белгиленген. Орусиянын Жогорку Сотунун президиуму 22-февралдагы чечиминде Ильдар Дадинге чыккан сот чечимдерин жокко чыгарып, ал абактан чыгууга жана акталууга укуктуу экенин белгилеген. Жогорку Соттун чечими акыркы чечим, ал өзгөртүлбөйт. Дадиндин адвокаттары орус өкмөтүнөн компенсация талап кылуу маселеси чечиле электигин билдирди. Карелия регионунда абакта кармалган Дадин абактагы уруп-сабоо боюнча арызданып, өткөн жылы Алтай аймагындагы абакка которулган эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG