Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Эки күнгө созулган Ынтымак курултайында 24-мартта жыйынтык чечимдер кабыл алынды. Кыргызстанга “кеңешме демократиясы” ылайык келерин ырастаган президент К.Бакиев курултай катышуучуларынын алдында чыгып сүйлөп, тышкы саясат, коррупцияга каршы күрөш, саясий куугунтуктар боюнча өз позициясын билдирди.

Курултайдын экинчи күнүндө улуттук ынтымак, жердешчилик, уруучулукка каршы туруу, тариф саясаты тууралуу арбын кеп болду.

Жол, суу,токой жана башкалар

Курултайдын экинчи күнүндө көбүнесе айыл-айылдардагы таза суу, көпүрө, мектеп, сугат проблемалары жайында арбын кеп болду. Жыйында чыгып сүйлөгөн 2005-жылкы бийлик алмашуусунун актвидүү катышуучуларынын бири Үсөн Сыдыков мамлекет башчысына төрт маселени, жерди ысырап пайдаланууну токтотуу, Көлдүн тазалыгын сактоо, өлкөнүн түштүгүндөгү кайталангыс жаңак токойлорун сактоо боюнча чечкиндүү иш чараларды көрүүсүн сунуштады. Төртүнчү маселе катары ал саясий куугунтукка туш келген 2005-жылы К.Бакиев менен үзөңгүлөш жүргөндөрдүн башын азаттыкка чыгаруу маселесин койду.

- Мына Исмаил Исаков жөнүндө сүйлөштүк. Сиз жакшы ойдосуз. Менин оюмча, ошол оюңузду ишке ашырасыз. Калган-калган балдардын да келечеги. Ошолордун да келечеги боюнча сиз мамлекеттин башчысы катары кичинекей бир кененчилик кылышыңыз керек.

И.Исаков менен жекече мамилесине курултай соңунда чыгып сүйлөгөн президент К.Бакиев да токтолуп, ортодогу салкын-суз мамиленин чоо-жайын момундайча түшүндүрдү.

- Бир кеңешмеде отурганда мен бир кичинекей сындап койдум. Ушуну туура эмес кылдыңыз деп. Өзүнүн кесиптештеринин алдында, аппараттык кеңешмеде. Бөлүм башчыларынын көзүнчө. Ошону көтөрө албай эшикти тарс жаап чыгып кетип калды. Түшүнбөй деле калдым. “Ой, мине болду, Исмаил Исакович, сүйлөшөйүн”, десем жок. “Ой, келчи, айланайын, сүйлөшөйүн, эмнеге сен таарындың?” Эми мен мамлекет башчысы катары өзүмдүн кол алдымдагы кызматкерлеримди сындай албаймбы? Же кетирген кемчилигимди айта албасам анда кандай мен президентмин. Ошого чыдабай, бир ооз сөзгө чыдабай эшикти тарс жаап чыгып кетип калды. Андан кийин угуп атам, иш козголгон экен, тигиндей-мындай.

И.Исаков президент К.Бакиевдин ички жана тышкы саясатына макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңеш катчысынын кызматынан баш тарткан. Андай кадамга баруусун ал өзү энергетикалык тармактагы абалды текшерүүгө алышына байланыштырып, тармакты сызга отургузуунун ички механизмдерин иликтеп чыгуу аракети кимдир бирөөлөргө жакпай калганын айтып келатат.

О, Орусия, Орусия...

Ынтымак курултайынын соңунда президент К.Бакиев Кыргызстандын тышкы саясатына да токтолду. Анын айтуусунда, мындан ары кайсы бир өлкөгө өзгөчө жан тартып, экинчи бирөөсүнүн алдында чөгөлөөнүн кажаты жок. Мамлекет башчысы киийнки кездери орусиялык айрым маалымдоо каражаттары бул жердеги жагдайды кыйла эле бир жактуу чагылдырып жатышканын белгиледи.

- Мына кечээ жакында эле Росссиянын массалык маалымат каражаттарына чыгып атыптыр тиги Бишкекте миңдеген кишилер көчөгө чыкты. Ушундай, бийлик эч кандай аракети жок. Демек, ошол эле биз менен Кыргызстан менен Россиянын ортосунда абдан жакшы алакабыз бар. Бирок ошол эле Россияда ошондой саясатчылар бар экен да. Ортого от койгонго аракет кылгандар.

Курултайда улуттук ынтымак, элди уруу-урууга бөлүү, улуттун ичара ажырымын күчөтүүгө каршы туруу жайында арбын кеп болду. Жалал-Абад облусунун Аксы аймагынан келген өкүл Исак Парпиев жаамы журт жалгыз журт башчысынын саясатын колдошу керектигине басым жасап, сүйлөй турган сөзүн ырга тизип айтты.

- Элдин келет колунан, эркелетип эр багыш. Эрдин эри болсо да эң кыйын иш эл багыш, дейт. Муну дагы ойго алып коелу.

Ынтымак курултайында Кыргызстанда демократиялык жаңылануулардан натыйжа чыкпаганы, өлкө өзүнүн тарыхый жолунда иштеп чыккан каада-салттарга таянышы керектиги, “кеңешме демократиясын” кайтарып алуу, “Манас” эпосун барктоо, улуттук тилди кадырлоо жайында да сөз болду. Буга чейинки шайлоо институтунун кадыр-баркы биротоло жоголгонун президент К.Бакиев да белгилеп, өлкө үчүн “кеңешме демократиясы” ылайыктуу болордугун белгиледи.

Ынтымак курултайында коомчулук арасында өзгөчө чоң талаш-тартыштарды жараткан конституциялык өзгөрүүлөр жөнүндө кеп болгон жок. Жер-жерлерден келген өкүлдөрдүн көбү электр акысын көтөрүү тууралуу өкмөттүн токтомун колдой тургандыгын, тек жардам катары берилчү акчанын кечигип жатканы көп айтылды. Өкүлдөрдүн жекече өтүнүч, сунуштарын өкмөт башчысы, министрлер 25-март күнү кабыл алып, иштеген жерлеринде угушарын билдиришти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG