Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

К. Иманалиев: Ата Бейиттен жай берүү - принципиалдуу маселе


Апрель ыңкылабында курман болгондордун сөөгү Ата Бейитке коюлду. 10-апрель 2010-жыл
Апрель ыңкылабында курман болгондордун сөөгү Ата Бейитке коюлду. 10-апрель 2010-жыл

7-8-апрелде кандуу булоондо курман болгон балдарды акыркы сапарга узатуу боюнча иштеп жаткан коомдук комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев "Азаттыкка" ушул комиссиянын иши боюнча чыгып жаткан айрым суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Кечээ "Мекен шейиттери" кыймылынын айрым мүчөлөрү убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева менен жолугушуп, Курманбек Бакиевди кайра кармап Кыргызстанга алып келүү жөнүндө талап коюшту. Ошол эле учурда апрель ыңкылабында шейит кеткен балдардын атын сатып чайкоочулук кылып, коомчулукка туура эмес пикир жайылтып жаткандар дагы бар дейт, мунун канчалык чындыгы бар?

Каныбек Иманалиев: Мындай болушу мүмкүн. Алар менен Роза Исаковнага кирип чыккандан кийин мен сүйлөштүм. Бир эле маселе болуп атат, курман болгон 85 адамдын ичинен дээрлик сексенинин үй-бүлөсү, жакындары менен биз байланышка чыктык. Алардын баары тең эле "Мекен шейиттеринин" мүчөсү эмес.

Бул жерде принципиалдуу маселе бар, ошону биргелишип чечип алсак, андан кийин эч кандай чыр-чатак болбойт. Курман болгондордун үчөө укук коргоо органдарынан болуп атат: экөө Ички иштер министрлигинен, бирөө прокуратурадан. Ошолор бөлөк өзүнчө тизмеде, алардын ата-энелери өзүнчө бир комиссияда. Укук коргоо органдарынын жоокерлери, балким, бийликти коргоп келди ошол аянтка, же болбосо элдин артынан чыктыбы, муну эки коомдук комиссия иликтеп жообун берет. Башкы прокуратура иликтейт. Курман болгондордун ата-энеси, туугандары айтып атат, биз өзүнчө бөлүнүп эле, комиссия болсо ишибизди жүргүзө берет элек, алар менен эч каршылаштыгыбыз жок деп.

Алар Р.Отунбаевага кирип чыккандан кийин мен жолуктум. Биргелешип иштесек деп өздөрү сунуш кылды, ар экинчи күндөрү саат ондо жолугуп атабыз. Азыр кыркылыкты өткөрүү боюнча аракеттерди көрүп атабыз. Мен кечээ аларга сунуш кылдым, келип жардам берсеңер болот деп, себеби кээ бир ата-энелер жардам берип атат, кээ бирлеринин дарегин таппай атабыз, ошолорду кыркына кантип алып келебиз, кыркында кандай иш-чаралар каралат деген ойлор болуп атат.

“Азаттык”: Мына ушул укук коргоо органдарынын каза болгон кызматкерлерин дагы Ата Бейитке коюу маселесин көтөрүп жатышабы?

Каныбек Иманалиев: Ошондой болгон, бирок ошол эле күнү Э. Каптагаев айткан, андай болбойт, Ата Бейитке коюлбасын деген. Ошондуктан алар ал жерге коюлган жок, себеби бул тарых. Тарыхты булгабашыбыз керек, такташыбыз керек.

“Азаттык”: Апрель ыңкылабында шейит кеткен жана жаракат алгандарга убактылуу өкмөттүн берген каржылык жардамы ар биринин өздөрүнө жеттиби?

Каныбек Иманалиев: Курман болгон 85 баланын 83 үнүн үй-бүлөсү адегенде 20 миң сомдон фонддон алышты.Андан бөлөк 1 миллион сомдон каралган. Документтери такталган 73 үй-бүлө алды. Калган 12синин документери такталып атат. Ал эми жарадар болгондорго жардам берүү боюнча комиссияны Элмира Ибраимова жетектейт, алар да өздөрүнүн иш чарасын көрүп атат окшойт.

“Азаттык”: Ал эми каза болгон укук коргоо кызматкерлерине дагы бир миллион сомдон жардам берилдиби же алардыкы бөлөкчө каралдыбы?

Каныбек Иманалиев: Башында берилбеш керек деген позиция болгон эле. Бирок биз булар дагы кыргыздын атуулдары булардын дагы үй-бүлөсү жапа чекти, булар да курман болду деп баарына берилди. Бул жагынан калыс чечим болду, алар дагы кыргыздын балдары алар дагы кызматтык милдетин аткарып ошол жерге келсе керек. Аларга да 20 миң сомдон, 1 миллион сомдон дагы берилди. Ал тургай казактын элчилигине айттык. Бир казак жараны Кыргызстанда жүргөн экен, ошонун апасы менен карындашы келип, бир миллион сом алып кетти.

“Азаттык”: Коомчулукта сиздин ушул комиссияны жетектеп калганыңызга нааразы болгондор дагы бар, бул коомдук комиссияны кандайча жетектеп калдыңыз?

Каныбек Иманалиев: Бирин-экин кишилер бар. Ошол жетисинен сегизине караган түнү биз штабда отурганда моргдон, ооруканадан телефон чалуулар түшө баштады, кантип алып кетебиз дешип. Мисалы үчүн бирөөнү Нарынга алып кетишти, жол киреси жок экен. Бирөөнү Ноокатка алып кетишти. Анда Ата Бейит маселеси келип чыга элек болчу. Анан биз аларга коомдук башталышта эле жети киши жардам бердик. Ошол жакта жүргөндөрдөн бирөөсү Өзгөндө ишкердик кылган, бирөөсү медакадемияда иштейт экен, дагы бирөөсү университетте сабак берет экен, бирөөсү туризм боюнча иш кылат экен. Ошондуктан биз жардам берип баштадык.

Ал кыргыздын парзы да, жамандык башка келгенде кыргыз дайыма биригет, бул үчүн эч ким милдет кылбайт. Эки-күндөн кийин ошол топко биз баарынын тизмесин тактап, ким кайсыл жерде курман болду, кайсыл жерге коюлуп атат, кандай жардам керек, үй-бүлөсү ким деп баштаганда убактылуу өкмөт ал убакта али бекий элек болчу. Бул коомдук негизде уюшулган комиссия, биз мамлекеттик мекемелерден, Бишкек шарынын мэринин орун басарынан жардам алдык, алардын баарына ыраазыбыз. Бирок бул коомдук башталыштагы эле комиссия.
XS
SM
MD
LG