Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Сары-Кыр ашуусунда жоголгон адам изделүүдө


Тогуз-Тородон Жалал-Абадга жөө жөнөп, дайынсыз жоголгон жаран изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын өкүлү Акылбек Болотбеков билдиргендей, 37 жана 40 жаштагы эки тургун – Надыр Тиллебаев менен Илхом Жумабаев 23-октябрда кечке жуук жолго чыккан. Жумабаевдин сөөгү эртеси күнү Сары-Кыр ашуусунан табылган.

"Алар бир ай мурун Казарманга устачылык кылып иштөөгө барышкан.​Экинчи жаран дайынсыз. Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары үч күндөн бери издеп жатышат", - деди Болотбеков "Азаттыкка".

Болотбековдун айтымында, издөө иштерине Чүй облусунан да кошумча күчтөр тартылды. (RsK)

XS
SM
MD
LG