Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Бул күнкү жарык көргөн гезиттердин башкы темасы өлкөдөгү жашоо-турмуштун оордугуна жана энергетикалык кризиске багышталды...

“Элибиз кышында жарык жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз болот” деп мамлекет башчысы катары К. Бакиев бир нече жолу айткан. Бирок анын айткандары теңирден тескери болууда. Балкыбековдун айткандары менен электр жарыгы өчүрүлө баштады. Демек бизде стратегиялык маанилүү чечимдерди Курманбек Бакиев эмес, Сапарбек Балкыбеков кабыл алат экен” деп белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев айтты деп “Ачык саясат” гезити жазып чыкты. Ушул эле гезитке интервью берген “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов: "Азыркы бийликтен оомат кетти. Анткени президент буйрук бергени менен министрлер, облус, район жетекчилери анысын аткарбайт. Бакиев үйбүлөсүнө жана криминалдык күчтөргө таянбай, коомго, элге таянышы керек. Болбосо, мунун акыры учурдагы бийлик үчүн жамандык менен аякташы мүмкүн",- деп айтты. Гезит ошондой эле президент К. Бакиевге, ИИМ министри М. Коңгантиевге, УКК төрагасы М. Суталиновго, ЖК депутаттарына өлкөнүн ар кайсыл аймагындагы энелердин кайрылуусун жарыялады. Кайрылууда ушул күнгө чейин атылган, белгисиз себептер менен жоголгон балдардын дайны чыкпай жаткандыгын, өлкө кылмыштуулуктун сазына батканын, ар бир жоголгон балдардын артында энелердин кургабаган көз жаштары көлдөп турганы жазылган.

“Жаңы ордо” гезитине журналисттер Ырысбек Өмүрзаков менен Калил Жамгырчиевдин “Шектүү Ширшов” аттуу макаласынын корутунду бөлүгү басылды. Энергетика тармагында иштегендердин айтымында деп жазылат анда, Балкыбеков менен Ширшовдун жакындыгы - экөө тең Маскөөдөгү Айдар Акаев менен тыгыз байланышта. Ширшовдун оозунан чыккан ар бир сөз Балкыбеков үчүн мыйзам. Ушул эки адам Маскөөнүн буйругу менен өлкөбүздү кризиске жеткиргенин кантип түшүндүрөсүң? Булар эми Максим Бакиевден экинчи Айдар Акаевди жасагылары келип жатышат. Өкүнүчтүү жери президенттин уулунун ушундай ыплас адамдар менен байланышында, деп жазган гезит, Балкыбековдор Кыргызстан үчүн душмандык кылып жатканын президентибиз эмне, билбейби деп суроо койду.

“Кыргыз руху” гезити биринчи эле бетине “Адам каны алыс узатпайт. Аксыда курал-жараксыз тынч элди ок менен тосуп алган Акаев бийлиги дал ошондон кулап түшкөн. Тилекке каршы кийинки бийлик Аксы окуясынан, атылган 6 адамдын өлүмүнөн сабак алган жок. Жакында Жалдагы 6 адамдын генератордун иси уруп уугуп өлгөнү түздөн-түз бүгүнкү бийликтин күнөөсү десе болот. Себеби, бийлик лимиттен ашты деп жарыкты туш келди өчүрмөйү болбосо мындай кырсык болмок эмес. Өчүрүүлөр кайра күчөдү. Бир мисал, шаардын четиндеги Ново-Павловка айылында күндөп-түндөп жарык жок. Ошол эле убакта Бишкектин борборунда “Бильярдный. У нас всегда есть свет!” деп бадырайып жазылып турат Муну кандай түшүнөбүз? Ис уруп өлгөн 6 адамдын өлүмүнө Бакиев баш, Чудинов төш, Балкыбеков эш болгон бүгүнкү бийлик жооп бериши керек” деп жазып чыкты.

“Жаңы кылым” гезити генерал Исмаил Исаков менен маектешүүсүн окурмандарга сунуш кылды. И. Исаков өлкөдөгү энергетикалык жоготуулар, андагы душман да жасабаган иштин элге каршы жасалып жатканы, президенттин коррупцияга каршы күрөшүү программасынын иштебегендиги тууралуу кенен кеп кылуу менен мисалга соту болуп аткан И. Кадырбековду тартат. “Ишенбай Кадырбековду мынча миллионго мектептерди салам деп тигинче млн. сом ашык сарптадың деп, аны киши өлтүргөн кылмышкерлердей, мурунку депутат, министр болгонуна карабай, Акаев режими менен эң активдүү күрөшүүчүлөрдүн бири болгонун эске албай түрмөгө камап коюшту. Анын салган мектеби Нура айылындагы жер титирөөдө эч нерсе болбой турат го. Ошондой сапаттуу мектепти салганы үчун эле аны түрмөдөн чыгарып, мамлекеттик сыйлык бериш керек болучу. Анын ордуна миллиарддаган суммадагы акчаны максатсыз жоготуп, жалган маалымат бергендердин Акүйдүн 7-кабатында олтурганы бизди таң калтырат. Эгер президент биз берген сунуштарга маани бербесе, аткарганга аркет кылбаса, өзүм билемдик кылса, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартпаса Жогорку Кеңешти кетирүү процедурасын баштоо менен ачык оппозицияга кетебиз дагы бийликте олтурган мүчөлөрүбүздү чакырып алабыз” деп айтты И. Исаков.

Ушул эле санга “Чиновниктер Жанышка таянабы же Бакиевдин фамилиясына көпкөнбү?” деген кабарында ушул жылдын 15-ноябрь күнү Ош шаарынын атмайданында айылчарба күнүнө карата майрамдык кече болгонун, арактан басып алган Ош шаарынын 1-вице-мэри Арфидин Алиев менен Кара-Суу районунун акими Чойбеков экөө аксакалдарды, элди көзгө илбей кыз-келиндерге жабышып, “мен деген Жаныш Бакиевдин досумун” деп мактанганын белгилеп, албетте той болот, арак ичилет, бирок кептин баары мына ушундай чиновниктер “мени ким эмне кылып алат эле” дегенсип, ансыз да элдин кыжыры кайнап араң турганда жасап аткан кылык-жоуктарын карап туруп аргасыз “эшегине жараша тушагы” деп жылмайасың деп маалымдады.

“Агым” гезити ЖК депутату Мурат Жураев менен аңгеме-дүкөн курду. Депутат Баткен аймагы, деги эле түштүктөгү карапайым калкты тозокко салып келаткан чегара маселеси, үйлөрдүн суугу менен караңгылыгы, жашоонун оордугу тууралуу айтып келип, учурда коңшулардын сүйүнүп жатканына көңүлдөрдү бурду. Жураевдин айтымында кокус Кыргызстан эгемендүүлүгүн жоготсо түштүк аймагын, ага кошуп Токтогул суу сактагычын алабыз деп өзбек туугандар алаканын ушалап турат. Казактар кереметтүү Ысык-Көл менен чалкыган жайлоолорго көз артып жатыр. Тиягында тажиктер турат, Баткендин кен байлыктары менен нефтисине кызыгып... Ушунун баарына Акүй менен Көкүйдөгү чиновниктер баш оорутуп жатабы, миллиондогон күрттөр Мекени жогунан тентип жүрөт, биз 3 млн. түпкү, 5 млн. жалпы калкыбызды көздүн карегиндей сакташыбыз керек болуп турат деп каңыргы түтөдү.

“Кыргыз туусу” гезити академик Жамин Акималиевдин “Пайдалуу иш жасабаган Айыл чарба министрлигин жоюп салыш керек” деген интервьюсун сунуштады. Ал өлкө президенти калкка кайрылуусунда айыл чарба тармагына өзгөчө маани берели деп айтканы менен аны аткарууга келгенде камырабаган жетекчилер көп болуп атканын, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин 850 миң тонна буудай алдык дегени карандай калп экенин, министр жел маалымат менен элди да, президентти да алдаганын далилдер менен кеп кылган. Ошону менен бирге эле айылчарбасын көтөрүү багытында ал тарабынан берилген сунуштар 3 жылдан бери жоопсуз калганын, кыскасы аталган министрликти жоюп салса деле дыйкандардын кылы кыйшайбай тургандыгын, анткени сырттан келген миллиондордун бир тыйыны да министрликтин өзүнөн ашпай келаткандыгын баяндаган.

“Репортер Бишкека” гезити “Акаев гана жетпей турат” деген макаласын окурмандарына тартуу кылды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG