Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

А. Мамасалиев: Ыңкылап аянтта эмес, кабинетте болот экен


"Келкел" 2005-жылы авторитардык режимге каршы чыккан
"Келкел" 2005-жылы авторитардык режимге каршы чыккан

Жогорку Кеңеште “Ак жол” фракциясынын депутаты Алишер Мамасалиев “Келкел” жаштар уюмунун лидери болчу. “Келкел” март окуясынын башында турган. 24-мартты утурлай А. Мамасалиев “Азаттыкка” кеңири маек курду.

- Ошол кезде кээ бир саясатчылар бийлик үчүн майданга чыккан, бирок биз жаштар авторитардык режимге, Акаевге каршы чыкканбыз. Андан кийин кандай окуялар болгонун баарыбыз билебиз. Революция аянтта эмес, кабинетте болот экен. Бийлик талашуу болду. Революция болгон күнү түнкү саат 12лерде кандай окуялар болгону баарыбыз билебиз. Мага ошол маалда эле сунуш болгон. Бирок мен муну айтып эле жүрөм, ошол кезде жаштар бийликке келип, аксакалдар менен чогуу иштегенге тилекке каршы даяр болгон жокпуз. Бүгүнкү күндө деле жаштар бийликке келгенге даяр эмес. Мына мен Жогорку Кеңеште бир жылдан бери иштеп атам. Көбүнчө маселелерди эми-эми толугу менен түшүнүп жатам.

Алишер Мамасалиев: Ыңкылап болдубу, же төңкөрүшпү, аны баалоого убакыт керек.

Бийликти революциялык жол менен алмаштыруу жакшы жол эмес. Бул бийликти алмаштыруунун жаман жолу деп эсептелет. Бирок ушундай акыбал болуп калды. Биринчи президентибиз качып кетти. Ошол кезде оппозиция лидерлери жоопкерчиликти моюнга алып, бийликти алыш керек эле. Ошол кезде мамлекетти жоготуп алуу коркунучу туулган. Өлкөнүн баардык жеринде мамлекеттик мекемелер элдин колуна өткөн. Ошондуктан конституциялык сот парламентти таратпай туура эле чечим кабыл алган. Мыйзамдуу бир эле бийлик бутагы – парламент калган. Радикалдуу жол эмес, цивилизациялуу, мыйзам чегиндеги жолду тандаганбыз.

Бирок кемчиликтер көп болду. Мына конституциялык реформанын алалы, Баш мыйзам создуктурулуп, былтыр референдумда кабыл алдык. Бул конституциянын биринчи вариантынан айырмасы чоң экенин ачык айтыш керек. Бирок ага биз деле күнөлүүбүз. Оппозиция, бийлик, парламент жана президенттин администрациясынын ортосунда кандай карама-каршылык болгонун баарыбыз билебиз.

Ыңкылап болдубу же төңкөрүш болдубу, деп баалоого убакыт керек. Буга тарых баа берет. Азыр муну талкуулап, ызы-чуу чыгаруунун кажети деле жок.

- Мына 24-марттагы окуянын төрт жылдыгы белгиленгени жатат. Ушул убакыт аралыгында өлкөдө кандай башкы өзгөрүүлөр болду деп ойлойсуз?

- Негизи Кыргызстанда саясий элита алмашуусу керек. Бийликте деле, өкмөттө, оппозицияда да. Азыркы оппозиция лидерлери жаштарга жол бериши керек. Оппозициянын ичинде тың жаш саясатчылар бар. Азыр көбүнчө оппозиция лидерлерине эл ишенбей калды. Эки-үч жылдын ичинде биз радикалдуу жолго барбай, цивилизациялуу жол менен жаштардын арасынан жаңы саясий элитаны түзүшүбүз керек. Бийликти алсак, бүгүн алар жаштарды колдоп атат, жаштардын энергиясын пайдаланып реформа өткөрүп атат. Мына парламентти алсак, бул жерде жаштар оюн, пикирин айтканга шарт бар. Эч ким бизди коркутуп, же басым жасабайт. Кээде Ак үйгө чакырат. Мен мисалы барганда, мен каршымын, мкул эмесмин, деп өз оюмду айтам.

жаштардын арасынан жаңы саясий элитаны түзүшүбүз керек
Бул келечекте бийликтин резерви бар дегенди түшүндүрөт. Эгерде беш жылдын ичинде кадрдык саясат болсо бийликтин резерви бар. А оппозицияда мындай резерв барбы? Бул чоң суроо. Бийлик болобу, коомдук уюмдар болобу, оппозициябы өзүнүн ичинде жаңы элитаны түзүшү керек. Биз, жаш саясатчылар өзүбүздү сактап, саясий курал катары пайдаланттырбай өзүбүздүн чоң стратегиябыз болуш керек.

- 24-марттагы окуяга жигердүү катышкан, ошол кезде сиз жетектеген “Келкел” уюму тууралуу азыр көп сөздөр айтыла жүрөт. КМШ аймагындагы ыңкылап болуп өткөн өлкөлөрдөгү жаштар уюмдары мисалга алынып, “Келкел” да атайын долбоор болгон дешет.

- “Келкел” деген атты ошол кезде бизге мүчө, координатор Маматказы Капарав деген бала, жаңы жаштардын уюмуна ушул атты берели деген сунуш киргизген болчу. Биз эң биринчи митинге январь айында чыкканбыз. Ошол маалда университеттик округдан Бермет Акаева шайлоо өнөктүгүн өткөргөн. Студенттердин паспортторун алып, жатаканада жашаган студенттерге добуш бересиңер деп кысым жасалган. Ошолорго биз жардам берип, укугун коргоп, эгерде ушундай басым болсо, маалымат алуу үчун бизге кайрыласаңар болот деп чыкканбыз.

Бул атайын долбоор болгон эмес. Өзүбүздүн позициябыз менен чыкканбыз. Биринчи жети киши чыккан. Сиз туура айттыңыз, ошол маалда Украинада, Грузияда ушундай бизге окшогон “Отпор”, “Пора”, “Хмара” деген жаштар уюмдардын жасаган иштери тууралуу баарыбыз билчүбүз. Ошолордун технологиялары менен биз өзүбүз түзүлгөнбүз. Кыргызстанда мурун мындай практика жок эле. Кафелерде, досторубуздун үйлөрүндө кассеталарды көрүп, интернет аркылуу байланышып, кандай иштеш керек, кандай технологияларды түзүш керек ошолорду үйрөндүк. Бизге эч ким акча берген эмес. өзүбүз ай сайын 50 сомдон мүчөлүк акыны төлөчүбүз.

Негизи акча кереги деле жок болчу. Биз биринчиден студенттер менен жолугушуп, өзүбүздүн максатыбызды айтып жүрчүбүз. Ачык айтыш керек, мамлекет өзү бизге чоң реклама жасаган. Ошол маалда бийлик бизге каршы, эл түшүнбөсүн, деп “Келкелдин” клонун жасаган. Биздин сайтты жаабышкан. Биз ЕККУга кайрылганбыз. Чет мамлекеттер биле баштады. Ал жактан журналисттер келип реклама жасады.

Ачык айтыш керек, ошол маалда жаштар Акаевге, административдик басымга каршы аябай активдүү эле. Ошондуктан бизди колдоп, үч айдын ичинде биздин региондогу жаштардан бери колдоп бизге кайрылышчу. Акаев кеткенден кийин биз жарым жылдай иштедик. Өзүнүн миссиясын аткарып, максатына жеткенде тарап кеттик. Биздин мүчөлөрдүн айрымдары чет мамлекетке кетти. Кээ бирлер бүгүнкү күнгө чейин бейөкмөт уюмдада иштейт, саясатка кеткендер да бар.

“Келкел” уюму мен үчүн чоң мектеп. Кыргызстанда бул уюмга баа бериле элек. Бул уникалдуу долбоор болуп калган. Өзүнчө, акчасы жок. Мен ошол маалда көп эле уюмдарга элчиликтерге, бизге жардам бергиле, акча бергиле деп кайрылгам. Алардын Акаев менен мамилеси жакшы эле. Ошондуктан бизге эч ким каражат жактан жардам берген эмес.

24-март жүрөгүмдө чоң майрам
Менде “Келкел” уюмунун он жылдыгы болгондо бул тууралуу фильм тартсак деген кыялдар, пландарым бар. Себеби бул унутулуп калышы мүмкүн. Андан сырткары бул уюмдун таржымалы жаштарга идеология боюнча үлгү болмок. Алтүгүл мектептердеги тарых китебине киргизсе болот эле. Ушундай мамлекеттеги оор абалда ушундай жаштар чыкты эле. Ошону унутпасак. Ошол маалда Кыргызстандын сыймыгы болуп калган эле, урааны түсү. 2005-жылдар мени көчөдөн “Келкел” деп таанышчу. Уялганымдан үйдөн чыкпай калгам. Азыр эми унутуп калышты. Депутат катары таанышат.

- Сиз 24-мартты кантип белгилейсиз?

- Азырынча кандай майрамдарымды билбейм. Уулду болгом, азыр көбүнчө уулум менен отурам. Бирок майрамда Бишкекте турган “Келкелдин” мүчөлөрү менен жолугуп, жок дегенде бир-эки саат жолугуп, сүйлөшүп, тост айтып чогуу отурганга аракет кылам. 24-март мыйзам чегинде майрам, менин жүрөгүмдө чоң майрам.
XS
SM
MD
LG