Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

Өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча “Азаттыктын” суроолоруна “Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдрасулова жооп берди.

- Азиза айым, сентябрь айына болжолдонуп жаткан жарандык коом менен президенттин сүйлөшүүсүнө катышасыздарбы, эгер катышсаңыздар кайсы маселелерди козгогону жатасыздар?

- Жыйында кайсы маселелер каралаарын азыр президенттин катчылыгы чечип аткан болуш керек. Биз азырынча расмий түрдө бул жолугушууга чакыруу алган жокпуз. Бирок жарандык коомдун өкүлдөрү, айрыкча укук коргоочулар бул жолугушууга даярбыз, мындай жолугушууга барабыз. Себеби Кыргызстанда президентке айта турган маселелер абдан көп болуп кетти.

- Эгерде жолугушуп калсаңыздар орчундуу маселелер катары кайсыны биринчи коет элеңиз?

- Биз укук коргоочу катары Кыргызстанда адам укуктарынын дээрлик бузулуп атышы, демократиялык принциптерден арка чегиниши, ошол эле убакта мен өзүм Ноокат окуясын изилдөө боюнча коомдук комиссиянын жетекчиси катары Ноокат окуясын айтпай кое албайм, акыркы кездеги Жалал-Абат облусундагы терорристерге каршы күрөштө бир эле байкуштун эки баласын атып салышып, сөөгүн бербей көмүп салып, аны Өзбекстандан келген терорристтер катары коомчулукка жарыя кылып атышкан окуяларды айтат элем.

Мындан сырткары Балыкчыдагы окуяны, Балыкчыда 20дан ашык адам камалып, аларга үч берене боюнча кылмыш иши козголуп атканы, Бишкектеги акыркы массалык кармалуулар. Ошол эле убакта саясий мүнөзгө ээ болгон кармалууларларды, мына Эркин Бөлөкбаевдин, Сапар Аргынбаевдин, Аликбек Жекшенкуловдун, Уран Рыскулов сыяктуу УКМКда кармалып турган жарандарга байланышкан жагдайларды айтсак болт. Буга окшогон окуяларды, фактыларды албетте айтпай кое албайбыз. Бирок бул жерде экинчи маселе бар. Канчалык деңгээлде катчылык бизди президент менен жолугушууга катыштырат. Себеби сиздерге маалым, жаз айында болгон жолугушууда биздин аракетибизге карабастан, биз бир нече маселелерди көтөрөлү, президентке айталы дегенибизге карабастан катчылык жолугушууну даярдоо убагында укук коргоочуларды четке чыгарып койгон.

- Сиз 17-августта Улуттук коопсуздук комитетинин жанында акция өткөргөнү жатыптырсыз, анда кандай талаптар коюлат?

- Негизинен 17-августтагы пландаштырылып аткан акциянын темасын “Кыргызстанда террорчулукка каршы күрөштүн шартында адам укуктарынын сакталышы” деп коюп атабыз. Мисалы Ноокат окуясында экстремизмге каршы күрөш деп туруп 32 адамды камап салды. Анын жыйынтыгында 97 бала социалдык жетим, мындайча алганда ата-энесинен тирүүлөй ажырап калды. Ошол 32 адамдын баардыгы 15 жылдан 20 жылга чейин камалып атат. Кыргызстан ошондон кандай пайда таап атат, ошолор чындап эле “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөлөрүбү? Негизи “Хизб-ут Тахрир” менен күрөшүүдө Кыргызстандын бир идеологиясы, бир планы барбы? “Хизб-ут Тахрир” эмне экенин билебизби, же билбейбизби? Ушуга окшогон маселелерди албетте көтөрөбүз.

Бул жерде УКМК “бөрк ал десе эле баш алып атат”, террорчулукка каршы күрөш дегенде ким менен күрөшүп атканын билбей атат. Мына Жалал-Абатта бир байкуш эле кемпир-чалдын эки баласын бирдейинен атып салып, сөөгүн бергиле десе бербей отурат. Анан бүт Кыргызстанга жарыя кылышты Өзбекстандын Ислам кыймылынын өкүлдөрү экен деп. Эми туура эмес да кыңыр иш кырк жылда билинет дейт. Акыры Кыргызстанда жашап атканыбыздан кийин булардын баары белгилүү болот. Мен айтпайм, бул премьер-министрдин, же президенттин түздөн-түз көрсөтмөсү болсо керек деп, бирок кандай болгон убакта дагы мунун башында Улуттук коопсуздук кызматы турат. Ошол эле учурда Балыкчыдагы окуяны дагы, Ноокат окуясын дагы Улуттук коопсуздук кызматы иликтеп атат. УКМК коомчулук менен эч кандай байланышы жок, эч кимге отчет бербеген жабык кызматка айланып калды. Ошондуктан бүгүнкү күндө биз коркпой-үркпөй эле аны реформалашыбыз керек. Себеби УКМК кайрадан түзүүгө, кайрадан карап чыгууга мажбур болгон кызматка айланып калды.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG