Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:52

10-декабрь - Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү. Бул күнгө байланыштуу Акыйкатчы институту Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде жыйын өткөрдү. Укук коргоочулар Кыргызстанда адам укуктарын коргоо жаатында жакшы мыйзамдар кабыл алынганы менен, алар иштебей жатканын айтышууда.

Адам укуктарын коргоо күнүнө арналган иш-чара башталар алдында жарык өчүп калып, катышуучулар элди зериктирбейли дештиби, же дал ушул күнү өз укуктарынан кеңири колдонуп алалы дештиби, айтор караңгы залда ырдап киришти.

Иш-чараны ачып берген өлкөнүн башкы укук коргоочусу Турсунбек Акун адам укуктарын коргоо жаатында бир топ иштер аткарылып жаткандыгын, алдыга карай жылыштар болуп жатканын айтып өттү.
1948-жылы 10-декабрда Бириккен Улуттар уюму тарабынан Адам укуктары боюнча Декларация кабыл алынган.


- Бул аралыкта тынч митингдерди өткөрүү боюнча алтернативдүү мыйзамды иштеп чыктык. Ал Венециялык комиссиянын корутундусун алды. Жакында аны Жогорку Кеңешке сунуш кылганы жатабыз. Андан сырткары кыйноолорго каршы мыйзамдын факультативдүү долбоорун парламент ратификациялап берди. Мына ошонун негизинде эксперттер менен бирге мыйзамды иштеп чыгып, парламентке сунуштайбыз.

Арыздар көп, даттануулар арбын


Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Акыйкатчы институтуна алты миңге чукул арыз түшкөн. Алардын көбү тартип коргоо укуктарынын, сот, милиция, коопсуздук комитетине нааразылыгын билдиришкен.

Акыйкатчы Турсунбек Акун Кыргызстандын аймагына сырттан келген укук коргоочу, журналисттерди киргизбей койгон учурларын терс көрүнүш катары баалады. “Кыргызстан жабык өлкөгө айланбай, ачык, айкын жана демократиялуу өлкө болушу керек”, - дейт Турсунбек мырза. Ал өлүм жазасын кайрадан киргизүү аркеттери да эл аралык стандартка туура келбейт деген пикирде.
180 өлкөнүн арасынан биздин өлкө дайыма эле тизменин эң аягында, 160-орундан өйдөгө чыкпай койдук. Азыр Кыргызстанда жашаганга кепилдик жок болуп калды.


- Өлкөдө пикет, митинг өткөрүү бир топ кыйын болуп калды. Бул жагынан бир топ артка кетип жатабыз. Андан сырткары кээ бир жерлерде жарандарыбыз камалып, сабалып жатат. Петровкадагы, Балыкчыдагы жана Ноокаттагы окуя да бизге аброй алып келбейт. Ушул жагынан да көп кемчиликтер болууда. Кээ бир саясий лидерлердин үстүнөн сот иштери жүрүп жатат. Бул боюнча да өз пикиримди айтып жүрөм. Кыскасы адам укугу жаатында баары жакшы болуп атат деп айтуудан алысмын. Жакшы нерселер да болуп атат, жаман жагы да бар.

Жарандык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстанда атуулдар өз укуктарын билбегендиктен улам өзгөчө мамлекеттик укук коргоо органдарынан запкы жеп, бейкүнөө жазаланып, кыйнап-кыстоолорго чалдыккан фактылар көбөйүп баратканын айтып, коңгуроо кагышууда.

Адам укуктары сакталат-сакталбайт

Бул жыйынга катышкан депутат Роза Отунбаева адам укуктары маселесинде абал оор экенин белгиледи:

- Эл аралык мекеме, уюмдар берип жаткан баага караганда Кыргызстан орто кылымдын заманына кетип баратат. Элдин баарын эле зынданга тыгайын деп атат окшойт азыркы бийлик. 180 өлкөнүн арасынан биздин өлкө дайыма эле тизменин эң аягында, 160-орундан өйдөгө чыкпай койдук. Азыр Кыргызстанда жашаганга кепилдик жок болуп калды.

Ал эми Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жетекчиси Зайнидин Курмановдун айтымында, коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда адам укуктары маселеси кадыресе жогору турат. Ал Баш мыйзамда да адам укуктары жакшы бекитилгендигин белгиледи.

- Бирок кеп методология маселесинде болуп жатат. Анткени Конституцияда кепилдик берилген укуктарды биздин менталитетке ылайыктуу кылып механизмдерин табыш керек. Ошондо адамдын укугу жакшы иштеп кетти деп айта алабыз.

Бардыгы салыштыруудан байкалат

Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата “Интербилим” уюму да иш-чара өткөрүп, анда жаштардын укуктары, анын сакталышына басым жасалды. Мында сөз сүйлөгөн жаш саясат талдоочу Мирсулжан Намазалиев Кыргызстан адам укуктарын коргоо жагынан бир топ иштерди жасашы керектигин белгиледи.
11 айда Акыйкатчы институтуна алты миңге чукул арыз түшкөн. Алардын көбү тартип коргоо укуктарынын, сот, милиция, коопсуздук комитетине нааразылыгын билдиришкен.


- Мен эки күн мурда эле Тажикстандан келдим. Ал жакты карап туруп Кыргызстанда адам укуктары бир топ жакшы экен деп оптимисттик маанайда кайттым. Андан башка да Европа, АКШ өлкөлөрүнө көп барам. Ал жактан Кыргызстандын абалын көрүп көңүлүм чөгүп, тескерисинче пессимисттик абалда болуп кайтам. Негизинен өлкөнү салыштырганда да ким менен салыштыра турганыбызды аныкташыбыз керек. Өнүккөн өлкөлөр менен салыштыра турган болсок, анда биз алга жыла турган, жасай турган иштерибиз көп. Бизде укук бузуулар абдан көп кезигип жатат.

Жаш укук коргоочулар региондордо да ушул маселени иликтеп, мониторинг жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында жаштардын көбү өз укуктарын билбей тургандыгы, билгендери укугун коргоп чыгуудан корко турганын көрсөткөн.

Жаш укук коргоочу Урмат Казакбаев “Азаттыкка” Таласта депутаттар менен жолугушууда проблемаларды ачык айтып берген окуучулар коркутуп, үркүтүүлөргө дуушар болгонун айтты.

- Менин таң калганым өзгөчө мектеп окуучулардын укугу көп бузулат экен. Коммунисттер фракциясынын депутаттары менен жолугушууда окуучулар ачык өз проблемаларын айтышкан. Ошонуну эртеси эле тартип коргоо кызматкерлери айрымдарынын үйүнө, айрымдарын окуп аткан жеринен колуна кишен тагып алып кетишиптир. Анан алардын башына мылтык такаган учур болуптур. Албетте ушинтип басынтып атса алар бизге эмес, ата-энесине эч нерсе айтпайт да.

Адам укуктарына арналган жыйында бир катар видео роликтер көрсөтүлдү.

1948-жылы 10-декабрда Бириккен Улуттар уюму тарабынан Адам укуктары боюнча Декларация кабыл алынган. Ошол күндөн тартып бул күн адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү катары белгиленип келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG