Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

Кыргызстандык укук коргоочу Тажикстанда дайынсыз жоголду


Ноокат окуясы боюнча сот учурунан, 14-май, 2009-жыл.

Ноокат окуясы боюнча сот учурунан, 14-май, 2009-жыл.

26-февраль түнү Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө кыргызстандык укук коргоочу Нематилло Ботакозуев дайынсыз жоголду. Укук коргоочу жоголоор күнү Бириккен Улуттар уюмунун Дүйшөмбү шаарындагы качкындар иштери боюнча бөлүмүндө болгону айтылууда.

Ботакозуев деген ким?

Оштогу “Акыйкат сот - чындык” укук коргоо борборунун мүчөсү Нематилло Ботакозуевге 2008-жылдын 1-октябрындагы Ноокат тополоңунун уюштуруучусу катары кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Анткени укук коргоочу 1-октябрга чейин Орозо айтты майрамдоо үчүн жергиликтүү бийликтен жай сурап, атайын кат менен кайрылган болчу.

Ноокат окуясынын эртеси эле шаардык милициянын башчысы укук коргоочу Ботакозуевди “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөсү деп айыптап, ага катаал чара көрүлөөрүн эскерткен. Ошондон тарта жашынып жүргөн укук коргоочу эми минтип Тажикстандын баш калаасында дайын-дарексиз жоголуп отурат.

Франциядагы Адам укуктары боюнча Борбор Азия ассоциациясынын жетекчиси Надежда Атаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, Ботакозуев Тажикстанга чет өлкөдөн баш паанек алуу максатында барган болчу.
Надежда Атаева. Прага, 20-февраль, 2009-жыл.

- Ал Кыргызстандын аймагында жүргөндө бийликтин издөөсүндө болгону үчүн эл аралык уюмдарга кайрыла алган эмес. Ал бир нече күн мурда БУУнун Тажикстандагы качкындар иштери боюнча бөлүмүнө келген. Аларга эмне үчүн өз мекенин таштап кетүүгө мажбур болгонун айткан.

Качкын макамын алуу үчүн документ даярдап жүргөн жеринен дайынсыз жоголгон Нематилло Ботакозуевдин азыр кайда экени же кимдер тарабынан кармалганы боюнча эч бир маалымат жок. Бирок ал жоголгон түнү чөнтөк телефону белгисиз бирөөлөрдө экенине күбө болгом, дейт Надежда Атаева:

- Мен кечки саат 19:30да Нематиллого чалсам, анын телефонун белгисиз эле бир аял алды. Жанында дагы эки эркектин үнү угулуп жатты. Мага алардын өзбек тилинде “Сен эмнени айтып жатасың?” деп суроо салып жатканы даана угулду. Мен кайра чалууга аракет кылдым, эч ким телефонду албады, ошондон бери жооп бербей жатат.

Болжол: ал Кыргызстанга күч менен кайтарылышы мүмкүн


Качкындар тууралуу эл аралык мыймазга ылайык, чет өлкөдөн баш паанек сурагандар өз өлкөсүнө кайра кайтарылып берилбейт. Бирок Тажикстан менен Кыргызстандын атайын кызматтарынын өз ара сүйлөшүүсүнөн улам, укук коргоочу күч менен мекенине кайтарылышы мүмкүн, дейт "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова:

- Мен ойлойм, бул жигит Тажикстандан жөндөн-жөн жоголуп кетпесе керек. Алардын укук коргоо кызматкерлери аркылуу кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилсе керек. Себеби Ботакозуев Ноокат окуясы боюнча изделип, ага кылмыш иши да козголгон болчу.

Деген менен укук коргоо органдары Ботакозуевди Ноокаттагы тополоңду уюштурган, райондук администрацияны таш бараңга алган, мындан сырткары Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөсү деп айыптап келишет.

Нематилло Ботакозуев кызматташып келген “Акыйкат сот - чындык” укук коргоо борборунун жетекчиси Равшан Гапиров, соңку жылдары “хизбутчу” деген шылтоо менен намаз окуп же сакал койгондордун бардыгына кыргыз бийлиги айоосуз чабуул баштаганын айтат.


- Азыр Тажикстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жарандарды кармап, мыйзамга карабай бири-бирине өткөрүп, сатып жатышат. “Хизб-ут Тахрирчи” деп күнүнө беш-алтыдан адамдарды камап, камабагандарынан акча алып жатышат. Адамдарды тойгузуп бүттү булар. Ушундай саясат улана берчү болсо 24-марттагы төңкөрүш мындай турсун, 1917-жылдагы революция болот.

Бирок жергиликтүү бийликтер түрдүүчө бей өкмөт уюмдардын мындай даттануусуна негиз жоктугун белгилешет. Ал тургай Ноокат шаардык милициясы Ботакозуевдин Орозо айт күнү элди козутканын, чыр-чатактын чыгышына түздөн-түз тиешеси бар экенин өз убагында билдирген эле. Оштогу “Ак кызмат” коомунун төрагасы Шайлообек Атазов буларды айтты:

-Кыргызстанда дин тутуу эркин болгон үчүн башкаларга куугунтук күчөдү дегенге кошулбайм. Эгерде кимде ким тыюу салынган экстремисттик уюмдар менен иштешкен болсо, алар өз жазасын алууга тийиш. Бирок бул “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөсү эле, укук коргоочу эле деп Ботакозуевдин ишинен чоң саясат жасоонун зарылдыгы жок. Менин билишимче, ал киши Оштун калың катмарына таанылган укук коргоочу эмес, мисалы мен аны укук коргоочу катары тааныбайм.

Канткен менен качкын макамын сурап жүргөн Кыргызстандык укук коргоочунун Тажикстанда дайынсыз жоголушу эл аралык укук коргоо борборлорун жана жергиликтүү укук коргоочуларды катуу бушайманга салып турган чагы. Алар Ботакозуевди Кыргызстандын атайын кызматтары өз өлкөсүнө алдырып, Ноокатта чыр чыгарган деп оор жазага тартылган 32 адамга кошуп камап коюшаарынан чочулап турушат.

Бирок Дүйшөмбү шаарында жоголгон кыргыз жараны тууралуу Ош облустук укук коргоо кызматтары эч кандай маалымат жоктугун билдиришти.


  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG