Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Боордош элдер кыргыздарга көңүл айтууда


Өзбекстандыктар интернетке жарыялаган сүрөт.
Өзбекстандыктар интернетке жарыялаган сүрөт.

Интернеттеги социалдык тармактарда боордош элдер кыргыздарга көңүл айтып жатышат. Алар Чүйдө болгон авиакырсыктан ондогон адамдардын өмүрү кыйылганы – оор жоготуу экенин белгилешип, мындай кырдаалда кыргызстандыктардын кайгысын тең бөлүшүүгө даярдыгын билдиришкен.

Мындай өңүттөгү жазууларды Фейсбук жана Твиттерге казак, өзбек, азербайжан, орус жана башка элдердин өкүлдөрү жазышты.

16-январда Чүйдүн Дача айылына «Боинг 747-400» кулап, өлгөндөрдүн саны акыркы маалыматтар боюнча кырк кишиге чамалады. Көбү айылдын жайкын тургундары. (SE)

XS
SM
MD
LG