Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Сапар Аргынбаев: Адилеттикти издеп таппадым


Сапар Аргынбаев Петровка окуясы боюнча айыпталуучу. 2-февраль, 2010-жыл.
Сапар Аргынбаев Петровка окуясы боюнча айыпталуучу. 2-февраль, 2010-жыл.

"Болуш" бейөкмөт уюмунун жетекчиси С.Аргынбаев аны Петровка окуясы боюнча жалган айыптап, мыйзамды бузган сот, прокуратура, милиция кызматкерлерин мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартуу керектигин "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.

- 7-апрель ыңкылабынан кийин сот системасында кандай өзгөрүүлөр болду?

Сапар Аргынбаев: Тилекке каршы сот системасында эч кандай өзгөрүү болгон жок. 7-апрелге чейин соттор президентке түздөн-түз баш ийип турса, тескерисинче, ыңкылаптан кийин сот, прокуратура, тартип коргоо структурасы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровдун көзөмөлүндө болуп калды. Мына ошондон кийин соттордун иши оңолбой эле теңирден тескери болуп калды. Мыйзамдуулук орномок турсун, мыйзамды каалагандай калчап калышты. Кыскасы сот, укук коргоо органдарынан адилеттик издеп таппадым.

Петровка окуясы боюнча айыпталгандардын соту. 26-март, 2010-жыл.
- Сапар мырза сиздерди Петровка чатагы боюнча айыптаган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылдыңыз эле. Ал маселе эмне менен аяктады?

Сапар Аргынбаев: Бизге убагында айып коюлган Петровка окуясы боюнча кылмыш иши 9-апрелде соттун чечими менен жабылып, биз акталып чыкканбыз. Сот жеке аныктама чыгарып берген. Биз Башкы прокуратурага Петровка маселеси боюнча сотко жалган көрсөтмө берип, жалган айыптоо салган укук коргоо кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу боюнча кайрылганбыз. Анда сот, прокурордун орун басары, тергөөчү, милициянын айрым кызматкерлери жалпысынан 25 адамдын мыйзамсыз иш аракеттерин кароо өтүнүчү көрсөтүлгөн болчу.

Тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин бул маселе Башкы прокуратура тарабынан каралган жок. Тескерисинче, бизге жалган жалаа жаап, айып таккан тергөөчү кызмат ордунан жогорулап кетти. Каныбек Турдумамбетов деген прокурор Жалал-Абад облусунун прокурору болуп чоң кызматка көтөрүлдү. Азимбек Бекназаров Петровка окуясы боюнча бизге адвокат болуп, алардын туура эмес, мыйзамсыз иштерин көрүп-билип туруп, эмне үчүн аларды кызматтан жогорулатууга жол берди - түшүнбөй калдым.

- Сиз кийин бул маселе боюнча Азимбек Бекназаровдун жеке өзүнө кайрылдыңызбы?

Сапар Аргынбаев: Кайрылгам. Азимбек Анаркуловичке барып, "адвокат болуп бардык иштерди өзүң көрдүң эле. Өзүң чырылдап, чындыкты издеп, "мунун баары жасалма бул иш президенттин тапшырмасы менен атайын уюштурулган” деп айттың эле. Алардын кызматтан жогорулашына эмне үчүн жол бердиң?" дедим. Анан эле сот, прокуратура, милиция кызматы өзүнүн жеке көзөмөлүндө болгондо тетири ойноп кетти.

Мен "бул маселени ары-бери калчабай мыйзамдын чегинде карап, туура жыйынтык чыгаргыла” деп ага ачык эле айттым. Бекназаров болсо “Сапар, мунун бардыгы мыйзамдын чегинде каралат”,-дейт. Мен ага бул маселени мыйзамсыз эле күчкө салып, өч алып бер деген жокмун. Мен деле ошолордун бардыгын мыйзамдын чегинде карап бергиле, мыйзамдуулукту орноткула деген талап койгом. Тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин бул иш каралбай жатат.

- Сиз адилеттик издеп президентке же жаңы Башкы прокурорго кайрылдыңызбы?

Сапар Аргынбаев: Мен бир нерсеге токтоло кетейин. Президент Роза Отунбаева Азимбек Бекназаровду сот, прокуратура, укук коргоо органдарын көзөмөлдөтүүдө 2-3 ай мурда эле четтетиш керек эле. Ушул аралыкта бир нече туура эмес иштер болуп кеткенин коомчулук жакшы эле билип турат. Ооба, мен жаңы баш прокурор Кубатбек Байболовго бул маселе боюнча кайрылдым. Ал жеке өзү көзөмөлгө алып, бул иштен бир майнап чыгарам деди. Эми аны убакыт көрсөтөт.

Мындан сырткары мен мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жана анын орун басары Талант Исаевдин жалган ушак айтып, менин аброюма шек келтиргендиги үчүн сотко кайрылган болчумун. Тилекке каршы үч айдан бери бул маселе сотто каралбай жатат. Анан соттор кайдан оңолду деп айта алабыз?

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG